Загрузка страницы

Бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогула

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ күнү Ташкенге барып, «Борбор Азия + АКШ» форматындагы жыйынга катышты. Ал бийик жолугушуу учурунда Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен дагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кыргыз-америкалык мамилелерди, өзгөчө виза тартибин күчөтүү маселесин да талкуулады.

Айдарбеков дагы бир жолу – америкалык өкмөттүн бул чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыктарына тийет деп билдирди. Чечим жарыяланган 31-январдын эртеси Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү жасап, кыргыз-америкалык мамилелер сезимтал зыянга учурады деген, ага чейин болсо, 22-январда, АКШ элчиси министрликке чакырылып, кадамыңарды түшүндүрүп бериңиз деп суралган.

Майк Помпео кечээ күнү Ташкенде – бул иммиграциялык визалар айланасындагы маселени АКШ карап чыгууга даяр экенин айтып, тартип коргоо органдары ортосундагы кызматташууну күчөтүш керек леп жооп берди. Анын айтымында, бул маселенин объективдүү техникалык да жагы бар жана ал – америкалык өкмөттүн талаптуу стандарттары менен байланыштуу.

Алишер Мамасалиев кечээ күнү макала жазып, АКШнын бул кадамы санкция жарыялоого тете деп, ал аракетти логика менен түшүндүрүү кыйын экенин билдирди. Анын айтымында, эки тарап ортосундагы мамиленин бузулуусу – 1993-жылы кол коюлган келишимди Бишкек 2015-жылы жокко чыгаргандан соң башталган. Андан бери Вашингтон жаңы келишим түзүүгө аракеттенип жатат, бирок анын койгон талаптарын аткаруу кыйын.

Бирок Бишкектин бул аракеттери – АКШ Кыргызстанга жардам бербей эле, Бишкек Вашингтонго жардам берип жаткандай көрүнөт, АКШ койгон талап болсо – анын Кыргызстанга келип иштеген жогорку кызматкерлери дипломатиялык статус алсын дегени гана жана аны такыр эле аткарылгыс деп айта албайсың. Андай талапты аткаргыңар келбесе, анда жардам да сурабагыла десе болот.

Кыргызстан америкалык авиабазаны чыгарып салды, бирок ошонун артынан олуттуу эл аралык аракеттерге катышып жаткан жана миллиондогон кирешеге да ээ болчу. Кыргызстан айрым сот чечимдерин кайра карап чыгуудан баш тартууда, бирок ошентсе – эл аралык сот стандарттарына жакындамак. Бирок мындай аракеттерден кыргыз-америкалык мамилелер сезимтал зыянга учурады деп эч ким айтпайт.

Паспорт маселелери чечилсе дагы Кыргызстандын өзүнө гана пайда болмок. Азыр кыргыз паспортун ким гана алып жүрбөйт – Орусияда иштеген башка борбор-азиялык жумурияттардан келген эмгек мигранттарынан тартып, Африкадагы кылмышкерлер, анткени жасалма кыргыз паспортун чыгаруу өтө оңой болууда. Айди-карта чыгаруу боюнча чакан ишканалар сыртта гана эмес, Кыргызстандын өзүндө да бар.

«Кулактандыруу боюнча кайрылган – канча турат, кандай документти канча убакытта жасайсыңар деп, ал адам жооп берди – айди-карт жасайбыз деп, бирок жок адамдын аты жазылат, ал тууралуу дагы жок маалыматтар келтирилет деп. Акчасын төлөп, сүрөт бересиз жана кичине күтөсүз. Гарантиялары да болот», – дейт белгилүү журналист Шайырбек Маматокторов.

Бирок Помпео кечээ күнү техникалык деп атаган бул маселени кыргыз бийлиги чечүүгө шашпайт. ГРСтин айтымында, алар бир да мыйзам бузган жок, алардан сырткары же башка мамлекеттерде кимдир бирөө кыргыз паспортун чыгарып жатканы үчүн болсо жооп бере албайт. Бирок, мисалга, бөтөн кимдир бирөө америкалык паспорт чыгарса, АКШ өкмөтү аны кайда болсо да дароо таап, башка андайга бара албагандай кылып жазаламак.

Маселе – кайсы иш кылбасын, кыргыз бюрократтары мамлекеттик кызыкчылык жана Кыргызстандын эл аралык аброю тууралуу ойлоп да койбогонунда. Кайсы улуу мамлекеттин же эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолукпасын, кыргыз жетекчилери алардан дайым жардам сурайт, бирок алар кайсы бир шарт койсо – биздин ички иштерибизге кийлигишип жатат деп таарынмак турсун, жардам берип жаткан тарапты күнөөлөйт. Анда эч кимден жардам сурабай, маселелериңерди өзүңөр чечкиле да. Кеп ошондо.

Видео Бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогула канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
4 февраля 2020 г. 20:42:07
00:04:44
Другие видео канала
Напав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народНапав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтУКМКнын укуктары көбөйүүдөУКМКнын укуктары көбөйүүдөКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекАдам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Закон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеКто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Кто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Мунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкМунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсык
Яндекс.Метрика