Загрузка страницы

Коронавирус, шайлоо жана революция жылы

2020-жыл парламенттик шайлоо жылы болуп пландалган – бийликтин бардык аракеттери шайлоо менен байланышкан. Атайын иш-чаралар даярдалган, акча каражаттары бөлүнгөн, ким эмне кылаары аныкталган. Бирок март айында бүткүл дүйнөдө пандемия башталды жана Кыргызстанда дагы өзгөчө кырдаал менен карантин киргизилип, апрелде саламаттык сактоо министри кызматынан алынды.

«Январда Коопсуздук кеңешинде четин чыгардык, карагыла деп. Реагенттер азыр жетишпейт деп атат. Мына, лабораторияга басып барып койбогон, Космос Сариевич, ошондой маселени чечип койбогон, мына, мен кат алдым, мына, турат. Жыйырма жетинчи январда, ошол Совбез болгон күнү кат жазган экен, кийин, марттын башында кат жазыптыр. Эч чара көрүлгөн эмес. Коопсуздук кеңешинин чечимин аткармак турсун, аны силер окуп да койбопсуңар, Космос Сариевич! Настоящий саботаж деп коёт муну, орусча айтканда» – деген Сооронбай Жээнбеков 31-марттагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо министри Космос Чолпонбаевге.

Ал кезде өлкө боюнча коронавирус бар болгону 110 гана адамга жуккан жана ковидден эч ким өлө элек болчу. Ошондуктан бийлик – шайлоо жөнүндө көбүрөөк тынчсызданып, аны өзү каалагандай өткөрүүгө камданган. Мисалга, 9 пайыздык босого менен 5 млн сомдук күрөнү азайтуу демилгесин депутат Исхак Масалиев ошондо эле көтөрүп чыккан, бирок бийлик аны карабай койгондо, Масалиев депутаттык мандатын тапшырып салган.

«Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирлерди уга элек элем. Ага – өзүбүздүн эле ишмердигибиз себеп. Конституцияда жазылган нормаларды карасак, бизде – парламенттик-президенттик республика, бирок эмнегедир биздин парламент өзүнө күчүн да, жоопкерчиликти да алгысы келбейт. Бул чоң жетишпестик деп айтат элем», – деп айткан депутат Исхак Масалиев 22-майда депутаттык мандатын тапшырып жатып.

Июнь айында Жогорку кеңеш сессияны аяктап, жайкы эс алууга чыккан жана июлда күн сайын ковидден каза болгондордун саны жүзгө чамалап барганда дагы шашылыш сессияга чогулбай койгон. Сентябрда шайлоого даярдыктар кайра башталганда, эки негизги партиянын бири – «Биримдиктин» – Кыргызстанды Орусияга кошуу планы бар экени аныкталган жана ага коомдо бир топ күчтүү каршылык пайда болгон.

Коомчулук маселе көтөрүп атат. ЕАЭС уюмун да түздүк, бирок баары бир кыйынчылыктар бар. Менин оюмча, карапайым эл жана маданият деңгээлинде байланыштар жетишсиз болуп жатат. Биримдик азырынча чыныгы элдик эмес. Биз жаңы партия түздүк: «Биримдик» – евразиялык тандоо, демократиялык социализм партиясы деген. Мен ал партиянын төрагасымын. Биздин партиянын идеологиясы жана философиясы – Евразия. Без ошого умтулуш керекпиз. Эгемендиктин 30 жылы көрсөттү – акылга келип, кайтыш керек», – деп айткан Москвада жыл башында ЖК депутаты Марат Аманкулов.

Анткен менен, 4-октябрдагы шайлоодо дал ушул «Биримдик» партиясы жеңип чыгып, Жогорку кеңештеги 120 орундун 46сын утуп алган. Бирок «Биримдик» – экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» 45 мандатка ээ болгонуна таң калса, калган партиялар – алардын баарына биригип болгону 19 гана мандат калганына ачуусу келип, каршылык акцияларын баштаган. Натыйжада БШКнын төрайымы эмес, президент өзү кызматынан чегинди жана ал тууралуу Садыр Жапаров бир апта мурда жарыялады.

«Президент менен жолукканда ушу бүгүнкү күндү талкууладык. Эгерде азыр депутаттарда кворум болуп, жыйыналып, бүгүн бекитип берсе менин кандидатурамды жана өкмөттүн курамын, бардыгын бекитип, ушул процедура бүткөндөн кийин 2-3 күндүн ичинде арыз жазып берем деп сүйлөштүк. Арыз жазып берет», – деди 15-октябрдагы парламент жыйынынан кийин Садыр Жапаров.

Бирок 5-октябрда башталган каршылык митингге катышкандар президенттин кызматтан кетишин талап кылган эмес, алар жөн гана шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну суранган. Ошондуктан күтүлбөгөн зор өзгөрүү башталгандыктан, Садыр Жапаров – биротоло Конституцияны дагы, жалпы саясатты жана башкаруу ыкмасын да өзгөртөлү деди. Албетте, баары ойдогудай болбой жатат, жаңы каршылык акциялары да башталды, бирок бир жаңсыл жыйынтык чыгаруу али эрте.

«Диктатура болуп кетпейби жаңы Конституция кабыл алынса эле деген ойдон алысыраак болушуңуздар керек да. Муну мен так жана даана айтып коёюн – кыргыз мамлекетинин жарандары, кыргызстандыктар, 30 жылда, мына, үчүнчү жолу революция жасаган эл, дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп ошол жалаң адилетүү жашаганды каалаган эл, кыргыз эли. Мына ошон үчүн, мен боломбу, менден кийин башка Эшмат келеби, Ташмат келеби, кыргыз эли диктатурага жол бербесин өзүңүздөр 30 жылдан бери 3 жолу көрдүңүздөр», – деп билдирди журнлаисттерге 12-ноябрда Садыр Жапаров.

Шайлоого 10 эле күн калды, андан кийин жаңы президенттин 100 күндүк башкаруусун көрүш керек – ошондо алгачкы жыйынтыктарды чыгарса болот. Кеп ошондо. Азыр болсо, Жаңы жылыңыздар менен!

Видео Коронавирус, шайлоо жана революция жылы канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
31 декабря 2020 г. 20:00:21
00:05:45
Другие видео канала
Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышыЖогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышыБомба ЖАРЫЛДЫ💣 Садыр Жапаров ТҮЗ эфирге ЧЫГЫП Текебаев жана КОНСТИТУЦИЯ боюнча СУРООЛОРГО жооп БЕРДИБомба ЖАРЫЛДЫ💣 Садыр Жапаров ТҮЗ эфирге ЧЫГЫП Текебаев жана КОНСТИТУЦИЯ боюнча СУРООЛОРГО жооп БЕРДИСаясий кырдаал: Мыйзам жана талапСаясий кырдаал: Мыйзам жана талапШайлоо 2020 ХИТ тамашаларШайлоо 2020 ХИТ тамашаларЗаара менен көздү дарылоо\ДабагерЗаара менен көздү дарылоо\ДабагерАскерде каза болгон жоокердин апасы: "Уулуң муунуп алган дегенге ишенбейм"Аскерде каза болгон жоокердин апасы: "Уулуң муунуп алган дегенге ишенбейм"Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алдыЖогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алдыПолитические итоги года с экс-спикером Зайнидином КурмановымПолитические итоги года с экс-спикером Зайнидином КурмановымБашкаруу формасына байланган саясатБашкаруу формасына байланган саясатБУЛ СУЛУУ АЙЫМ - Мадумаров ЖАНА Жапаров ЖӨНҮНДӨ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫП БЕРДИ!БУЛ СУЛУУ АЙЫМ - Мадумаров ЖАНА Жапаров ЖӨНҮНДӨ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫП БЕРДИ!Москвада иштеп, отурукташып калган кыргыздарМосквада иштеп, отурукташып калган кыргыздарКыргызстандагы эн салмактуу жана бийик тулпарКыргызстандагы эн салмактуу жана бийик тулпарТекебаевдин сынына териккен өкмөт. УКМК спорттогу уурдалган акчаларды аныктадыТекебаевдин сынына териккен өкмөт. УКМК спорттогу уурдалган акчаларды аныктадыЖКда ТЕКЕБАЕВ эми СПИКЕРди КОРКУТА баштады ЖООПКО тартыласынар ДЕП! 😱 дагы ЭМНЕ дешти КӨРӨБҮЗ😱 ВИДЕОЖКда ТЕКЕБАЕВ эми СПИКЕРди КОРКУТА баштады ЖООПКО тартыласынар ДЕП! 😱 дагы ЭМНЕ дешти КӨРӨБҮЗ😱 ВИДЕОСадыр Жапаров: Баш мыйзам, саясаттагы достор жана атаандаштар, Р.Матраимов,К.Көлбаев, Бакиевдер ж-дөСадыр Жапаров: Баш мыйзам, саясаттагы достор жана атаандаштар, Р.Матраимов,К.Көлбаев, Бакиевдер ж-дөКоррупцияга саламаттык сактоо тармагы гана маныганбы?Коррупцияга саламаттык сактоо тармагы гана маныганбы?Калмаматов: Таза шайлоо өтөрүнө ишенбеймКалмаматов: Таза шайлоо өтөрүнө ишенбеймАрмиядагы духтар жана дед!!! Куудулдар Санжар БердибековАрмиядагы духтар жана дед!!! Куудулдар Санжар БердибековИтоги недели и года на «Пятом канале» в программе «Главные итоги»Итоги недели и года на «Пятом канале» в программе «Главные итоги»Тил эмнеге агарат?...\ДабагерТил эмнеге агарат?...\Дабагер
Яндекс.Метрика