Загрузка страницы

Медицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайт

Кечээ күнү белгилүү болгондой, Ош менен Нарында курула турган инфекциялык ооруканалар эмгиче бүтө элек экен. Каржылоонун жоктугунан алардын курулушу күзүндө токтотулган жана ошол бойдон токтоп тургандай. Бул эки оорукананы куруу керек деген чечим пандемия күчөп турган июль менен август айларында кабыл алынган.

Айрым адистердин айтымында, акыркы апталарда коронавирус улам көп адамга жуга баштады, анын жаңы түрлөрү да пайда болууда, Европа мамлекеттеринде үчүнчү толкун жөнүндө айтыла баштады, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат, ошондуктан медициналик тейлөөгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш, бирок казынада акча жок. Айрым кызматкерлер январдын айлыгын да эмгиче ала элек.

Декабрда Баткенде 200 адамдык жаңы инфекциялык оорукана ачылды, аны бизге жардам катары кошуна Өзбекстан бир айдын ичинде куруп берди. Оштогу оорукана 100 адамга, ал эми Нарындагы 70 адамга деп эсептелген жана алардын курулушу Баткендеги ооруканадан 4 ай мурда башталган. 10-декабрда өткөн жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курулуш бүтө жаздап калды деген:

«Ошто 100 койкалык, мен барып, 3 күн болду, көрүп келдим, ал жерде каражаттын жетишпегендигинен, инфекциялык оорукана өзү бүтүптүр, жанындагы жолго акча бөлүнбөгөндүктөн туруп турат, бирок мен бул иштерди дагы биз премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Эдуардович Новиковго айттык, ал дагы бөлүп берген атат. Нарындагы инфекционный больницанын 71% бүттү, бирок ага дагы акча бөлүнбөгөндүктөн, ал дагы токтоп калды».

Андан бери дагы 2 жарым ай өттү, бул аралыкта Өзбекстан дагы 2 оорукана курууга жетишмек жана алардын ар бири Ош менен Нарындагыдан 2 эсе чоң болмок. Албетте, каражат бөлүнбөсө эч кандай курулуш уюштуруу мүмкүн эмес, бирок ошол эле 10-декабрдагы жыйында баш прокурордун орун басары Абай Молдокматов – саламатык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат эмне болуп жатканын айтып берген:

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү коронавирус илдетине каршы аракеттерди көрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жалпысынан 1 млрд 248 млн 232 миң 554 сом, анын ичинде компенсация төлөмдөрүнө 376 млн 601 миң 150 сом бөлүнгөн. 2020-жылдын 20-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жогорудагы акча каражат эсебинен 449 млн 892 миң 235 сом, же 36 процент гана жумшалып, калган 798 млн 340 миң 390 сом пайдаланылган эмес».

Демек, маселе каражатта деле эмес. Эгер бөлүнгөн 1 млрд 250 млн сомдун 800 миллиону кайда кеткени белгисиз болуп жатса, каражаттын кайсы жетишсиздиги тууралуу уялбай сүйлөйбүз? Канча каражат бөлүнсө дагы, анын үчтөн экиси уурдалып жатса, бул эмне деген башкаруу, эмне деген система жана эмне деген мамлекет? Ошол себептен мурдагы саламаттык сактоо министри менен анын шефи премьер камалып жатат ко?

Пандемия менен байланыштуу Кыргызстанга көрсөтүлгөн эл аралык жардам дагы уурдалып жок болгон сыяктуу – Минздрав дагы, өкмөт дагы ал жардамдын кантип бөлүштүрүлүп, кайда королуп жатканын эсепке албайт экен. Бардыгы болуп 600 миллион долларга тете жардам келмек дегенди укканбыз, бирок анын канчасы кайда кеткени тууралуу коомчулук дээрлик билбейт.

Өкмөттөгү эки вице-премьер – Эркин Асрандиев менен Эльвира Сурабалдиева –жардам кайда кетип жатканын тактоо мүмкүн болбой жатат деп ар башка убакта билдирген, бирок ал тууралуу эч ким кабагым-кашым деп койгон жок. Анткен менен, биринчиден, ошону тактай албаса, бул эмне деген вице-премьер министрлер? Экинчи жагынан, вице-премьерге дагы ошону тактоого мүмкүнчүлүк бербей жатса, бул эмне деген өкмөт?

Жана ушундай коррупциялык абал медицинада гана эмес, бардык тармактарда түзүлгөн – бала бакчадан тартып, өндүрүш-сөндүрүшкө чейин. Ошол себептен бут кийимдин үстүнө кийген жана тыйын турган полиэтилен бахилаларды Минздрав 150 сомдон сатып алат, ал эми ТЭЦти модернизациялоо учурунда аттиш кирген комплекттердин баасы 640 доллар деп жазылат, алардын базар баасы болгону 2 жарым миң сом экен. Сантехниктер айткандай, мындай система толугу менен алмаштырылыш керек. Кеп ошондо.

Видео Медицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайт канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 февраля 2021 г. 20:24:35
00:05:52
Другие видео канала
Камчыбек Ташиевдин популярдуулугу өсүүдөКамчыбек Ташиевдин популярдуулугу өсүүдөӨсүп кеткен бааларды жаш премьер ылдый түшүрө алабы?Өсүп кеткен бааларды жаш премьер ылдый түшүрө алабы?Депутаттар кандай кааласа, ошондой конституция кабыл алатДепутаттар кандай кааласа, ошондой конституция кабыл алатКыргызстан аймагы кыскарып баратканы жетекчиликтин башын көп деле оорутпайтКыргызстан аймагы кыскарып баратканы жетекчиликтин башын көп деле оорутпайтТо, что территория Кыргызстана сокращается, руководителей не особенно волнуетТо, что территория Кыргызстана сокращается, руководителей не особенно волнуетМедицина Кыргызстана – коррупция на коррупцииМедицина Кыргызстана – коррупция на коррупцииКыргыз жерлерин кошуналар басып алганына кыргыз жетекчилери көмөктөшүп жаткандайКыргыз жерлерин кошуналар басып алганына кыргыз жетекчилери көмөктөшүп жаткандайБакыт Саипбаев: Кто такие мырки и почему мы выбираем таких президентов?Бакыт Саипбаев: Кто такие мырки и почему мы выбираем таких президентов?З.Курманов: Оптимизация правительственных структур может иметь совершенно разные формыЗ.Курманов: Оптимизация правительственных структур может иметь совершенно разные формыДля решения пограничных вопросов сейчас особо нужны особые способностиДля решения пограничных вопросов сейчас особо нужны особые способностиСможет ли премьер снизить цены и наладить собственное производство?Сможет ли премьер снизить цены и наладить собственное производство?Кыргызские власти как бы способствуют ползучей экспансии соседейКыргызские власти как бы способствуют ползучей экспансии соседейКамчыбек Ташиев набирает очкиКамчыбек Ташиев набирает очкиЧек ара маселелерин чечүүдө чечкиндүүлүк менен кесипкөйлүк азыр өтө зарылЧек ара маселелерин чечүүдө чечкиндүүлүк менен кесипкөйлүк азыр өтө зарылЗ.Курманов: У президента, возглавляющего исполнительную власть, работы больше, чем у премьераЗ.Курманов: У президента, возглавляющего исполнительную власть, работы больше, чем у премьераКонституция будет такой, как захотят депутатыКонституция будет такой, как захотят депутаты
Яндекс.Метрика