Загрузка страницы

УКМКнын укуктары көбөйүүдө

Кечээ күнү белгилүү болгондой, «Каршы чалгындоо аракеттери» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку кеңештин кароосуна мындан бир апта мурда, 10-декабрда эле жөнөтүлгөн экен. Бул мыйзам боюнча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин укуктары бир кыйла кеңейтилет жана ал – чалгындоо аракеттерин күчөтүш керек деген менен түшүндүрүлөт.

Мисалга, коопсуздук кызматы жарандардын макулдугун албастан эле, алардын персоналдык маалыматтарына ээ боло алат, андан тышкары, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоого же электрондук почта аркылуу жиберлиген каттарды окуганга дагы жол ачылат. Бул тууралуу №427 өкмөт токтому быйыл 26-августта кабыл алынган жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага 9-декабрда кол койгон.

Коомдук талкууга бул майзам долбоору 4-апрелде эле коюлган жана «Адилет» укуктук клиникасы аны изилдеп чыгып, ошол эле апрель айында өз корутундусун чыгарган. Анын юристтеринин пикиринде, эгер бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык укук мейкиндигинде таанылган бир топ адам укуктары Кыргызстанда коркунучка дуушар болот жана бул жаңы мыйзамдын айрым ченемдери Кылмыш жобосуна дагы каршы келет.

«Каршы чалгындоо аракеттери» тууралуу мыйзам долбоору өзү жаман эмес, бирок маселе – аны менен байланыштуу бир нече кодекс менен мыйзамдарга толуктоо киргизилип жатканында. Санап көрсө, Кылмыш жобосу менен айрым мыйзамдарга болгону бир нече сүйлөм кошулат экен, алар – чалгындоо жана каршы чалгындоо аракеттери менен байланышкан жана сыртынан караганда туура эле.

Мисал үчүн, Кылмыш-процессуалдык же Кылмыш-жаза жоболоруна, «Мамлекеттик органдарда сакталган маалыматтарга ээлик кылуу», же «Электрондук жана почта байланышы жөнүндө», же «Жарандарды биометриялык ыкма менен каттоо тууралуу» мыйзамдардын ар бирине «ыкчам-иликтөө» деген эки сөздөн кийин болгону үчтөн сөз кошулат, алар: «Тышкы чалгындоо жана каршы чалгындоо», – деген сөздөр.

Бирок «ыкчам-иликтөө» иштери качан жүргүзүлөт? Кимдир бирөөгө каршы кылмыш иши ачылып, тергөө аракеттери башталып, кылмыш жасады деп шектелген адам тууралуу кошумча маалымат керек болгондо гана жана ошол кылмыш ишинин алкагында гана. Ал эми чалгындоо же каршы чалгындоо аракеттерин жүргүзүү үчүн сөзсүз эле кылмыш ишин ачыш керекпи? Кереги жок ко.

Демек, эгерде бул мыйзам кабыл алынса, атайын кызматтар жарандардын өздүк маалыматтарына ар башка кызыкчылыктарды шылтоо кылып, ээ боло берет. Эгер коопсуздук кызматы дайым жалгыз гана улуттук кызыкчылыкты көздөп же коом менен жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында гана иштесе жана биз ага толук ишенсек, ал башка нерсе. Бирок УКМК дайым эле коомдун кызыкчылыгында иштеп жатабы?

Былтыр декабрда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Ыдырыс Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрайымы Алина Шаикованы ресторанга чакырып, биометриялык паспорт чыгаруу боюнча тендерге кайсы бир орусиялык компанияны катыштырууну сураганын эле эстесек жетиштүү. Аны Шаикова айткан. Бирок башка адамдардын айткандарынын баарын эсепке алсак, атайын кызмат улуттук коопсуздук маселесин акыркы гана кезекте эстейби деп да кетесиң.

Жана УКМК өзүнө керектүү маалыматтарды – ачылган кылмыш иштеринин гана алкагында жана мурда кабыл алынган мыйзамдардын шарттарына ылайык ала албайт бекен? Эгемендиктин 28 жылы ичинде жана ага чейин деле атайын кызматтар ошол мыйзамдардын чегинде иштеп эле келбедиби? Эмне үчүн ал атайын кызматтын укуктарын азыр көбөйтүш керек экен? Ансыз деле алар эмне кылам десе ошону кылып жүрбөйбү?

Safari кызматынын иликтөөчүсү: Азыр эле «Фольксваген-Джеттын» коё бердиңер, анын терезелери караңгылатылган жана номери жок болчу... Эмне үчүн протокол түзүп, кармаган жоксуңар?
Милиция старшинасы Ноорузбай Жумабаев: УКМКдан экен... Атайын кызматтан экен, шашып атыптыр, күбөлүгүн көрсөтүп, кетип калды...

Бирок алар өз укуктарын ого бетер кеңейтүүдө. Кеп ошондо.

Видео УКМКнын укуктары көбөйүүдө канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
17 декабря 2019 г. 21:13:23
00:05:10
Другие видео канала
Объявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаОбъявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекАдам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Закон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаКто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Кто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Мунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкМунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсык
Яндекс.Метрика