Загрузка страницы

Шаардык бийлик шаардыктарды ойлобойт

20-декабрда Бишкекте Ботаникалык бактын 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Башынан тартып бул Бак Илимдер академиясынын курамына кирет, анын тарыхы 1938-жылдын мартында башталган, 1964-жылы болсо Ботсадка «илимий-изилдөө институтуна» тең макам берилген. Азыр анын ичинде 4 илимий лаборатория иштейт.

Ботаникалык бакта өткөрүлгөн бүгүнкү маалымат жыйыны – анын кайра жаралуусуна арналат деп айтылды, андай болсо, Бактын жетекчилиги жана башка эколог окумуштуулар анын тагдырына мурда пайда болгон коркунучтар артта деп эсептегендей. Мурдагы президенттин учурунда Ботсадды Илимдер академиясынан алып, башка уюмга баш ийдирүү аракеттери көп болгон.

Анда дагы ошол өзгөрүүлөр Бактын кайра жаралуусуна өбөлгө болот деп айтылган, бирок Илимдер академиясы ага каршы чыгып отуруп, Ботсадды сактап калган. Анткен менен, ал кездеги өлкө жетекчилигинде – илим жана илимий изилдөө эмне экенин түшүнгөн эч ким болгон эмес, ошондой эле абал мэрияда да, Билим берүү министрлигинде дагы түзүлгөн. Бул министрлик жөнөкөй мектептерде дагы тартип орното албайт.

Мындан бир эле жыл мурда – Илимдер академиясы өзү калабы-калбайбы деген да маселе курч болчу, акырында атайын мыйзам кабыл алынып, ага – «коммерциялык эмес уюм» деген макам берилди жана анын негиздөөчүсү катары өкмөт өзү жазылды. Академияны таптакыр жок кылып, бошогон аймагына жаңы үйлөрдү же соода борборлорду куруп салуу коркунучу күч болгон.

Шаар мэриясында дагы – мурда да, азыр дагы – илим эмне экенин, андан элге кандай пайда болоорун, деги эле илимдин коомдогу ордун жана маанисин түшүнгөндөр жокко эсе, алар бардык баалулуктарды – акча санагандай – дааналап санайт. Мисалга, шаар ичинде канча бак кыйылса, биз андан да көп көчөт тургуздук деп мактанат.

Бирок бүгүнкү жыйында белгилүү эколог, профессор Эмил Шүкүров айткандай, кыйылган бактар менен кошо алардын жалбырактары да жоголуп жатат, көчөттөр болсо анчалык жалбыракка ондогон жылдан кийин гана ээ болот. Ошондуктан, мэрия кызматкерлери айткан себептер шылтоого окшош, шаар тургундарынын шарттарын жакшыртуунун ордуна алар өз маселелерин чечип жатат.

Шүкүровдун айтымында, кыргыз жетекчилери Европага барып, ал жактагы шаарларда бактар аз экенин көргөндө – бактын кереги деле жок турбайбы деген ой менен кайтат. Былтыр июнда Бишкекке москвалык архитектор Андрей Коровянский келгенде дагы – силерде өсүмдүк өтө көп экен, алар шаардын көркүн бузуп, хаос жаратат экен деп билдирген.

«Бийликке жоопкерчиликсиз адамдар келгенде, алар башында маселелерге жөн гана көңүл бурбайт, кийин болсо бардык чектерден ашып кетет. Акылга сыйбаган себептерди таап чыгат. Ошол себептен акыркы жылдары биздин шаардагы жашылдандыруу улам начарлап баратат»- дейт профессор Эмил Шүкүров.

Бирок Европа, же ошол эле Москваныкы менен биздин климат ар башка, сугарбасан, Бишкектин ичиндеги чөп-чар июнда эле күйүп кетет, Европада болсо кышында салыштырмалуу жылуу, жайында салкын болот. Ал эми Бишкекте адам атайылап кам көрбөсө, эч нерсе жакшылыктуу өспөйт, аны Бишкектин айланасындагы жанын араң сактаган, сөксөөлгө окшогон бактар эле далилдеп турат.

Абаны кычкылтек менен байыткандан тышкары, жашыл өсүмдүктөр шаар ичиндеги чаңды да азайтат, чаң болсо Бишкекте адам үчүн эң зыян заттардын бири. Чаң – бардык калдыктардын калдыгы. Бишкек мэриясы болсо, – көчөлөрдү кеңейтүү шылтоосу менен бактарды кыйып, атактуу парктардын ичине үй курууга уруксат берип, жашыл өсүмдүктөрдү жок кылгандан жок кылууда.

Мындай аракеттерди – шаар тургундарына каршы көрүлгөн душмандык деп да атаса болот жана аны мэрия өзү гана эмес, аны менен кошо Архитектура агенттиги, жашылдандыруу кызматы жана башкалар жасап жатат. Алар өз милдети менен вазийпасынан мурда – күнүмдүк кызыкчылыктарын гана көздөйт, бирок сурап калсаң, «Манас» айткансып, жетишкендиктери жөнүндө токтобой бир саат сүйлөп берет. Иштен мурда сөз болуп калды. Кеп ошондо.

Видео Шаардык бийлик шаардыктарды ойлобойт канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
10 января 2019 г. 20:05:19
00:04:59
Другие видео канала
Объявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаОбъявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайт«Жети күн», Орозбек Молдалиев: Чет өлкөлүк блогерлер Кыргызстандагы абалды бир топ козутууда...«Жети күн», Орозбек Молдалиев: Чет өлкөлүк блогерлер Кыргызстандагы абалды бир топ козутууда...УКМКнын укуктары көбөйүүдөУКМКнын укуктары көбөйүүдөКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной Корее«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушунан премьер чаң жутуп келди«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушунан премьер чаң жутуп келдиКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекАдам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататСадыр Жапаров отвечет на вопросы уже как президентСадыр Жапаров отвечет на вопросы уже как президентДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Закон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаКто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Кто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»
Яндекс.Метрика