Загрузка страницы

Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керек

Кечээ, 25-ноябрда, Аялдарга каршы зомбулукту жок кылуу эл аралык күн белгиленгенде, башка мамлекеттердегидей эле, Кыргызстанда дагы «Зомбулукка каршы 16 күн» деген акция башталды. Ал – Адам укуктары боюнча эл аралык күн болгон 10-декабрга чейин уланат. Мындай иш-чараларга катышуу менен Кыргызстан демократияны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк аракеттерге кошулууда. Бирок маселелер көп.

Өгөй атасынан катуу сабоо жеген Сокулуктагы 6 жашар баланын мисалы жакында баарыбыздын төбө чачыбызды тик тургузду. Июнь айында Сузактагы айымга күйөсү башынан ылдый суу куюп мазактаганы да үрөй учурган. Ал аял дагы, сабалган 6 жашар баланын энеси да күйөлөрүн жазалоого каршы арыз жазып, милицияга кайрылган. Жалгыз ушул эле факт – аялдар менен балдар кандай оор абалга жашаганын көрсөтөт.

Коомубуздун кайсы бир бөлүгү өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга аракеттенип жатса, башка бир бөлүгүбүз анын баарын бизге жат көрүнүш катары баалап, орто кылымдагы каада-салтты даңазалап, ошол эски турмуштун эрежелерин жандантууга далалаттанууда. Коомду андай абалга кайтаруу үчүн өтө деле көп акыл-аракеттин кереги жок – эч нерсе кылбай, тим койсоң, коом өзү ошол абалга кайтып барат.

«Бул абдан эле уят практика деп айтсак болот, себеби дегенде биз Балдардын укугун коргоо конвенциясын 1994-жылы ратификациядан өткөзгөнбүз, өзүбүз да мындай, жогорку эл аралык деңгээлде биз абдан өнүккөн мамлекет деп саналабыз. Анан адам укуктары деген Конституциянын чегинде абдан жакшы бекитилген. Ошого карабастан, биз Кыргызстанда ушу балдарды сабоо же өспүрүм кыздарды эрте никеликке берүү практикасы дагы эле сакталып келатат, дагы эле ушундай фактыларды көрүп атабыз, бул, негизи, абдан эле жакшы эмес көрүнүш», – дейт «Балдар укуктарын коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова

Акыркы жылдары коомубузда – жалпы адамзат баалулуктарын мазактап, алар бизге Батыш тарабынан таңууланып жатат, биз болсо дүйнөдөгү эң таза сакталып калган жана руханий жактан күчтүү улутпуз деген тушүнүк улам күч алып баратат. Бирок биз башкача жол менен өнүгөбүз деп жалпы эл аралык багыттан капталга бурулганыбыздан коомдо ар башка терс окуялар улам көп кездеше баштаган сыяктуу.

Ага үстөккө босток жалпы дүйнөлүк маселелер дагы Кыргызстанга залакасын тийгизди. Коронавирустун пандемиясы мурда орун алып келген маселенин баарын оркойтуп чыгарып, аларды ырбатты. Биз болсо кандай жакшы жазылган мыйзам же эреже болсо дагы, аны тескери жакка буруп, сырты жалтырак, ичи калтырак абалга жеткирүү боюнча чемпион экенбиз. Анткени эски бойдон жашоо алда канча оңоюраак.

Жана ушундай артка кетенчиктөө көпчүлүгүбүзгө жаккандактан, конституция же башка мыйзамдарды анча-мынча оңдоп-түзөп койсок эле, турмушубуз дароо оңолот деген ойго жетеленип калдык. Маселе болсо мыйзамдарда эмес, өзүбүздө жана кыйчалыш учурда оор маселелер чечилмек турсун, ого бетер чырмалышып, татаалдана турганын ковид пандемиясы ачык көрсөтүп салды, анткени стресс эч нерсени жеңилдетпейт.

«Пандемия учурунда, баарына белгилүү болгондой, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлары көбөйдү. Анын себеби катары жумушсуздукту атаса болот – өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби учурунда жумушсуздук аябай өсүп кеткен, анткени элдин баары үйдө отуруп калган. Аны менен байланыштуу коомдогу жана ар бир үй-бүлөдөгү психологиялык абал курчуп, стресс пайда болгон», – дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси Шабдан Кайыпов

Коомубузда керектүү нерсенин баары бар – кооз жазылган мыйзамдар, сөзүн уга турган билимдүү адамдар, Кыргызстан көптөгөн сонун эл аралык конвенцияларга да кол койгон, бирок биз баары бир эскиче жашаганга ык тартат экенбиз. Эл аралык аялдар күнү жаш кыздар быйыл тынч маршка чыкканда, милиция аларды бет кап кийген жигиттердин жардамы менен таратып-мазактаганы эле коомубуз кай жерде экенин көрсөттү.

Өз маселелери менен кыздар Эл аралык аялдар күнү болбогондо, кайсы күнү чыгыш керек экен? Бирок коомубузда – алар орток каада-салтка каршы чыкты, чыныгы улуттук салтыбызды тааныбайт жана тааныгысы келбейт, ошондуктан милиция аларды туура жазалады деген пикир дагы эле күч. Адам укуктарын коргоп, кайдагы бир секелек кыздардын айтканын угуп кереги жок деген ой менен биз алдыга өнүгө албайбыз. Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керек. Кеп ошондо.

Видео Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керек канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
26 ноября 2020 г. 21:00:01
00:05:13
Другие видео канала
Напав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народНапав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтУКМКнын укуктары көбөйүүдөУКМКнын укуктары көбөйүүдөКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной Корее«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушунан премьер чаң жутуп келди«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушунан премьер чаң жутуп келдиКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Закон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаКто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Кто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Мунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкМунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсык
Яндекс.Метрика