Загрузка страницы

Чек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрү

Жекшемби күнү Баткен облусунда дагы бир чек ара чатагы чыкты. Сох анлавынын жанында кыргыздар менен тажиктер биргелешип кайсы бир көлмөнү тазалап жатканда, сөздөн сөз чыгып, ал – Чечме булагы кимге таандык экени тууралуу чатакка айланып, кийин жаштар бир-бирин таш бараңга алып, натыйжада 25 адам Айдаркендеги ооруканага жаткырылган.

Мындай чатактар Баткенде такай болуп турат, кээде тараптар ок атышууга чейин барат, бирок жаштардын негизги куралы – Жакынкы Чыгыштагыдай эле – таш. Бийлик касташкан тараптарды элдештирет, бирок бир аз убакытттан кийин жаңы чатак чыгат. Кечээ күнү Кыргызстандын Кадамжай районунун акими менен Сох анклавынын жетекчиси жолугуп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечели деп дагы бир жолу макулдашты.

Бүгүн болсо Баткенге учуп барган биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов «Чечме» чек ара өтмөгүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, түзүлгөн кырдаалдан чыгуу маселелерин талкуулады. Эки тарап – чатактын чыгышына себепкер болгон адамдарды таап, аларды жазага тартуу боюнча макулдашты. Бирок чек аранын тактала элек бөлүктөрүн ылдам арада делимитациялоо керек экени жөнүндө сөз болгон-болбогону тууралуу кабарланган жок.

Кыргызстан үчүн негизги маселе – Сохтун аймагынын да, анда жашаган элдин санынын дагы өсүп баратканы. Келечекте Сох минтип отуруп, Баткенди Кыргызстандын башка аймактарынан бөлүп, аны анклавга айлантаары бышык. Мындан 17 жыл мурда жарыяланган маалыматтарда Сохтун аймагы 325 чарчы чакырым, калкы 52 миң адам деп жазылчу. Быйылкы маалымат боюнча, анын аймагы 350 чарчы чакырым, калкы болсо 80 миң болуп кеткен. 1990-жылы Сохтун аймагы 220 чарчы чакырым эле, андан бери ал 60 пайызга өскөн.

Чек арага жакын жашаган кыргыз жарандары Ошко же Бишкеке, же андан да ары – Казакстан менен Орусияга кетип калууда, үйлөрүн алар арзанга сатып же такыр эле кароосуз таштап кетет. Маселени жергиликтүү коррупция да татаалдаштырат, анткени жергиликтүү бийлик ал кароосуз калган үйлөрдү кошуна туугандарга сатып жиберген учурлар көп, бирок ал тууралуу баары эле биле бербейт, билгенде болсо – кеч болуп калат.

«Мына, мына бул үйдө жашаган адамдар мына, 5 жыл болду – ушул жерде жашаганга шарт жок, айласыздан Бишкекке, Чүйдүн бир чекесине көчүп кетишкен азыр... Нары жагыбыз азыр – Өзбекстандын чек арасы, жолдун наркы бети – Өзбекстандын чеги. Каякка малынын чыгарышты, эч айласы жок, иштеткенге жери жок, айласыздан көчүп кеткен», – дейт Таян айылынын тургуну Маматемин Арзыбаев.

Ошондуктан чек араны делимитациялоо канчалык кечеңдесе, кошуналар үчүн ошончолук жакшы, Кыргызстан болсо ошончолук көп аймагын жоготот. Ошол себептен жергиликтүү тажик же өзбек калкы менен алардын өлкө жетекчилеринин ойлогону жана каалаганы төп келишет десе болот. Дал ошол себептен кошуна мамлекеттердин жетекчилери чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, аны ылдамдатууну көп каалабайт.

Кыргызстандын жетекчилиги менен чек арада жашаган жергиликтүү калктын каалаганы бир-бирине анчалык төп келишпейт. Кыргыздар ал жерден көчүп кетип жатат, бийлик болсо аларды жеринде кармап калуу үчүн жетиштүү шарт түзө албайт. Трибунадан же телевизордон канчалык туура сүйлөп, Кыргызстандын бир да метр жери эч жакка кетип калган жок десе дагы, бийлик өз милдетин аткара албай жатканы айкын.

2001-жылдын 26-февралында Бишкекке өзбек премьер-министри Үткир Султанов келгенде, жашыруун меморандумга кол коюлуп, Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен бириктирүүгө Кыргызстан макул болгон. Кийин аны баткендик журналисттер иликтеп чыгып, бир айдан кийин ал тууралуу жазганда эл көтөрлүлгөндүктөн, меморандум жокко чыгарылган. Бийлик – коридор үчүн Өзбекстан сунуштаган аймак жакшы эмес экен деп кутулган.

Азыр дагы аймактар менен алмашабыз деген сөздөр да чыгып, аракеттер дагы башталды, бирок Кыргызстандын дипломатиясы менен жалпы бийлик сапатын эске алганда, жер алмашуудан Кыргызстан ута албайт десе болот. Кошуна мамлекеттер менен үзүрлүү сүйлөшө алар турган дипломаттар дагы, саясатчылар да азыр жок. Дал ошол себептен кыргыз бийлиги кошуналарды делимитацияны бүтүрүүгө көндүрө албай жатканы эле көп нерседен кабар берет. Кайда барсаң да – Мамайдын көрү сыяктуу. Кеп ошондо.

Видео Чек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрү канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
1 июня 2020 г. 21:31:37
00:05:14
Другие видео канала
Напав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народНапав на Украину, Россия невероятно сплотила украинский народТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтУКМКнын укуктары көбөйүүдөУКМКнын укуктары көбөйүүдөКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКанча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайтКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтШаардык бийлик шаардыктарды ойлобойтВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекАдам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Закон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаКто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Кто больше враги народа и нации – НПО или коррупционеры?Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Мунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкМунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсык
Яндекс.Метрика