Загрузка страницы

Канча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов кечээ күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратууга кести. Ал бардык наам менен сыйлыктары жана мүлкүнөн да ажырады. Сот – 2013-жылдын апрелинде кримтөбөл Азиз Батукаев абактан мыйзамсыз бошотулганы менен байланыштуу болгон, эми Кой-Таш иши да бар.

Атамбаев менен кошо – Нарындагы түрмөдөн бошогон Батукаевди Бишкекке чейин коштоп келген ГСИНдин ошол кездеги кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жылга кесилди, бирок СИЗОдо бир жыл отургандыктан, кечээ күнү бошотулду. Батукаевге справка жазып берген Гематология борборунун ошол кездеги директору академик Абдухалим Раимжанов боюнча жаза чечими болсо чыгарылган жок, анткени мөөнөт өтүп кеткен.

Президенттик аппараттын сот реформасы менен мыйзамдуулук боюнча бөлүмдүн 2013-жылы башчысы болгон Индира Жолдубаева болсо айып пул төлөө менен кутулду. Жолдубаеванын сотторду реформалап, мыйзамдуулукка көзөмөл кылганы – Батукаевди бошотуу боюнча бардык күч түзүмдөрүнүн иши бир-бирине айкалышып, бир да жерден жаңылбастан, бардык мыйзамсыз аракеттер аягына чыкканы менен жыйынтыкталды.

Анын адвокаттарынын айтымында, Жолдубаеванын айыбы сотто далилденген жок жана күнөөнүн баары – тергөө менен келишим түзгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Бирок Жолдубаева өз милдетин аткарып, Батукаевдин абактан бошотулушу мыйзамсыз деп, адилеттүүлүк үчүн кыпындай да аракет көргөн эмес, тескерисинче, мыйзамсыз ишке көмөк кылып, анын кайсы бир бөлүгүн өзү уюштурганы үчүн күнөөлүү.

Батукаев 2006-жылдын августунда 16 жыл 8 айга кесилген жана 2013-жылдын апрелинде ал мөөнөттүн 8 жылдан ашыгы өтөлө элек болчу, бирок Гематология борборунан жасалма справкалар жазылып, иш Нарын сотунда каралып жатканда, Батукаевге атайын аракеттер менен паспорт жазылып бергенде, аны Нарындан Бишкекке чейин милиция коштоп келгенде дагы, прокурорлор менен соттор ага каршы эч аракет көргөн эмес.

Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу планы болгон деп азыр жаңы чыккан версияга да ишенүү кыйын, ал жөн гана Батукаевди бошотуу үчүн акча алынганын жашыруу максатында ойлоп табылгандай. Акча териштирилгенде, өтө көп адам өтө катуу жазаланмак, бирок ошол апрелде президенттик аппарат да, жаза аткаруу кызматы менен соттор, ГРС менен прокурорлор, медиктер менен милиция бир-бирин колдоп, өтө кылдат иштеген.

Акча аралашпаганда тергөөчүлөр менен прокурорлор кантип иштегенин 2016-жылы Жолдубаева баш прокурор болуп тургандагы «Белизгейт» жомогу эле далилдеген. Кийин Текебаев менен Чотонов азыр Орусияда абакта отурган Маевскийдин көрсөтмөсү менен соттолгону дагы биздин тергөөчүлөр менен соттордун деңгээлин көрсөттү. Андан бери деле алар жана Жолдубаева өзү дагы өтө деле өзгөрүп кеткен жок.

«Белизгейт» Жогорку кеңеште каралып жатканда, Жолдубаева минтип сүйлөгөн:
«Бардык шарттар боло турган текшерүү учурунда аныкталат – Белиз менен бизде келишим барбы же жокпу, биз алардан кандайдыр бир колдоо сурай алабызбы, биз кол койгон эл аралык конвенцияларга алар кошулганбы...
– Айтсаңыз, кандай келишим же конвенциялар бар?
– Мен сизге азыр айта алаарым – алар менен эч кандай кат алмашуу боло элек, ушул иш боюнча гана баштайбыз жана мамиле түзүп, текшере баштайбыз».

2017-жылы болсо Жолдубаева арыздарга өзү кол коюп, маалымат каражаттары, журналисттер жана укук коргоочуларга каршы 5 мыйзамсыз иш баштаган. Анын баары – президенттин ишмердигин кепилдөө деген 2003-жылдагы мыйзамга негизделген, бирок ал мыйзам Конституцияга каршы келгенине карабай, Жолдубаева ал былык иштердин баарын аягына чыгарган, трибунадан болсо мыйзамдуулук тууралуу сайрап турчу.

«Кыргыз элинин залкар акыны Аалы Токомбаев – өмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин дегендей... Кыргыз Республикасында мыйзамдардын так жана бир беткей атарылышына көзөмөлдү жүргүзүү элибиздин бейпилдикте жана бакубаттулукта жашоосуна болгон аракетибизди мындан ары да улантуубуз зарыл», – деген Жолдубаева прокурорлук кызматкерлеринин 2016-жылдын 24-ноябрында өткөн жыйынында.

Эми эл Жолдубаеваны уятсыз жана мыйзамсыз эмгектери менен эскерет. Кеп ошондо.

Видео Канча бийлик алмашса дагы анын жасоолдору жазаланбайт канала Нарын Айып
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
24 июня 2020 г. 20:58:52
00:05:18
Другие видео канала
Объявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаОбъявлены официальные результаты выборов 10 января и референдумаТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьТо, что непозволительно у них на родине, западные компании делают здесьАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиАэропорты Кыргызстана: Надо достичь успеха, чтобы вас продалиЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүЧек ара маселеси: кайда барсаң – Мамайдын көрүМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтМедицина тармагынын коррупциядан башы чыкпайтУКМКнын укуктары көбөйүүдөУКМКнын укуктары көбөйүүдөКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееКоронавирус: Ситуация в Гонконге, Сингапуре и Южной КорееЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеЗеленая экономика: на бумаге – одно, в реальности – другоеКоронавирус, шайлоо жана революция жылыКоронавирус, шайлоо жана революция жылыВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокВысокопоставленных лиц охватила пандемия добровольных отставокИтоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 8-14 июня 2020 г. на «Пятом канале»Адам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекАдам укуктары менен чыныгы улут кызыкчылыктары бир-бирине карама-каршы келбеш керекМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататМыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жататДойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Дойдёт ли в Беларуси до «бархатной» революции?Жогорку кеңешти шайлоодо преференциалдык система киргизиле баштадыЖогорку кеңешти шайлоодо преференциалдык система киргизиле баштадыЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеЗакон о манипулировании информацией равнозначен введению цензуры в интернетеБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаБардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткүлө, бирок эч шарт койбогулаИтоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Итоги недели 4-10 мая 2020 г. на «Пятом канале»Мунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкМунайдын баасы көтөрүлсө да, түшсө да – Кыргызстан үчүн кырсыкЖогорку соттун төрайымы кылмыш жообуна тартылып жатса, бул эмне деген соттор?Жогорку соттун төрайымы кылмыш жообуна тартылып жатса, бул эмне деген соттор?
Яндекс.Метрика