Загрузка страницы

Эне сүтүнүн керемети!

Эне сүтүнүн мөөнөтү.
Эне сүтү. Ооба. Бүгүн эне сүтүнүн, эмизүүнүн мөөнөтү тууралуу сүйлөшөбүз. Жок. “Аялдар үчүн экен” деп дароо видеону жапканга аракет кылбаңыз. Бул аялдар үчүн кандай маанилүү болсо, эркектер үчүн да, атүгүл бойдоктор үчүн да маанилүү. Дегеле бүткүл мусулман бир туугандарыбыз үчүн маанилүү. Себеби кеп сиздин балаңыздын ден-соолугу тууралуу болууда. Даяр болсоңуз баштайлы оо менин бир тууганым!
Баланын ден-соолугу мыкты болушу үчүн эне баласын канча убакыт эмизиши керек? Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы мурда “6 ай же 9 ай”-деген жыйынтыка келген болсо учурда “баланы 2 жылга чейин эмизиш керек”-деген жыйынтыка келди. Бул көптөгөн илимий эмгектердин негизинде кабыл алынган чечим! Демек азыркы күндүн терапиясы “Баланы 2 жыл эмизгиле”-деген сунушун далилдер менен айтууда.
Эмне үчүн 2 жыл?
Себеби бул мөөнөттө ымыркай өтө алсыз болот. Эне сүтү жөн эле азыктандыруучу эле эмес, ошол эле кезде коргоочу да касиетке ээ. Сүттүн курамында ферменттер, гормондор, витаминдер, антителалар, пайдалуу бактериялар жбус элементтер көп болгондуктан ымыркайды ар кандай оору жана микробдордон коргоп турат. Алты айга чейин же андан кийин эмген балдарда ар кандай оорулар аз кездешет. Эгерде ар кандай себептер менен эмчек эмген бала ооруп калса да эмчек эмбеген балдарга караганда айыгып кетүүсү батыраак жана жеңилирээк ишке ашат. Эне сүтү ымыркай үчүн материалдык жактан эле эмес рухий жактан, психологиялык жактан да чоң мааниге ээ. Эне бала ортосундагы мээрим байланышын бекемдейт.
Эмизүү бул ымыркайга эле эмес эне үчүн да өтө маанилүү жана пайдалуу. Эмизүү эмчек рагынын, толуп кетүүнүн алдын алат. Төрөттөн кийинки калыбына келүүдө орду чоң.
Кыскасы 2 жылдык эмизүүнүн адамдын үчүн орду чоң. Өмүрүнүн акырына чейинки материалдык жана руханий ден-соолугуна тааир этет. Бул маселе тууралуу өтө көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, китептер жазылган. Биз бул жерде болгону өтө кыска түрдө айтып өттүк.
А Ыйык Куран, Ислам эмчек эмизүү тууралуу жана анын мөөнөтү тууралуу эмне дейт. Деги динибизде бул маселе каралганбы? Бакар сүрөсүнүн 233-аятынын баш жагында:
“Эмизүүнүн толук болуусун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет”-деп айтылат.
Демек Ыйык Куранда 2 жыл эмизүү тууралуу ачык эле айтылыптыр. Чынында бул керемет. Куран өкүмдөрү адамзаттын табиятына өтө ылайык келген бир өкүмдөр экенин күн өткөн сайын көрүүдөбүз. Эмне үчүн 2 жыл бою эмизиш керек экендигинин жообун жогоруда бердик. Демек Куран – адамзат үчүн эң эле ыңгайлуу өкүмдөрдү өзүнө камтып жүргөн бир Аллахтын сөзү экендиги илимий түрдө далилденүүдө. Албетте бул биз мусулмандар Курандын аяттары илимий түрдө далилденгенден кийин гана бул өкүмдөрдү аткара баштадык деген мааниге келбейт. Тескерисинче биз Куран жана сүннөттү илимий жактан далилденсе далилденбесе аткараарыбыз бышык. Себеби бизди жараткан Аллах биз үчүн эң ыңгайлуу жана эң пайдалуу нерселерди өкүм кылаарын жакшы билбебиз. Атүгүл пайда үчүн да эмес, Аллах Таала “Кыл!” дегени үчүн гана кылабыз. А буга окшогон илимий аяттар, сырлар, акылмандуулуктар “Ислам дини эскичилик!” – дегендерге далил катары гана көрсөтүлгөн бир көргөзмө гана.
Пайгамбарыбыз САВ: “Бөбөк үчүн энесинин сүтүнөн мыктысы жок! (Муснад-ы Зайд, 481-б.)”-деп айтат. Бул хадистен да сүннөт жолундагы жашоо т.а. Пайгамбарыбыз САВ сунуштаган жашоо ыкмасы адамзаттын табиятына ылайык келүү менен бирге акыреттик эле бактылуулука себеп болбостон бул дүйнөлүк бактылуулука да себеп болоорун байкап жатабыз. Жогорудагы баяндамабыз бул хадисти илимий түрдө ачыктап берди. Дегеле адамзат баланы эмизүү темасында изилденип олтуруп жеткен эң акыркы ыкманы, туура жолду Куран жана Хадис кыскача эле жыйынтыктап айтып коюуда. Куран жана хадистин бул өкүмдөрүн дагы да тереңирээк изилдешсе дагы да көп сырлар, илимий акыйкаттар ачыка чыгаары бышык. Албетте бул жерде мусулман илимпоздорго дагы бир милдет жүктөлөт.
Бул акыйкаттарды уккан соң биз мусулман жаштары дагы бир жолу Кураныбызды жана Сүннөт жолун дагы да терең изилдеп ошого жараша жашообузду оңдообуз зарыл экендигине ынандык. Бул видеобузду айымдарыбызга сүйүнчү иретинде бир хадис менен жыйынтайлы:
Абдурахман бин Ауфтун рываят кылган бир хадисте Пайгамбарыбыз САВ мындай деп айтат:
“Аял киши кош бойлуу болгон кезде ал үчүн күндүзгү убактысын орозо менен а.э. түнкү убактысын намаз менен өткөзгөндөй сооп жазылат. Өзүн чын дилинен Аллахка арнаган аскер сыяктуу соопко жетет. Төрөп жаткан кездеги оорусунан улам эбегейсиз соопко жетет, ага акыл жетпейт. Баласы төрөлүп эме баштаган кезде ар бир сүттү соргон сайын же болбосо ар бир эмизген сайын бир жанды тирилткендей сооп берилет. А.э. бала чоңойуп эмчектен чыккан кезде болсо милдеттендирилген периштелер ал аялдын эки желкесине ургулап мындай дейт: “Эч күнөөң калбады! Таптазасың! Жашооңду күнөөсүз, таза түрдө мындан ары башта, улант!””
Оо менин бир туугандарым! Бул сүйүнчүгө жеткендер чынында кандай бактылуу!

Видео Эне сүтүнүн керемети! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
27 июня 2020 г. 20:36:46
00:06:27
Яндекс.Метрика