Загрузка страницы

Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?

Келиңиз, “Эмне үчүн аял киши көп сүйлөйт?”-илимий-логикалык багыттан карап көрөлү. Илимий изилдөөлөргө караганда эненин курсагындагы кыз ымыркайлардын эркек ымыркайларга караганда оозу эки эсе көп кыймылдайт экен. Ооба эки эсе көп. Француз антропологу Пол Брок изилдеп чыккан “Брок борбору” деп аталган мээнин оң жана сол шарларында жайгашкан, сүйлөө речин камсыздаган мээнин аймагы аял кишилерде эркектерге караганда өтө жакшы өнүккөн. Натыйжада эркек унчукпоо менен ойлонсо аял сүйлөп ойлонот. Б.а. ойлогон оюн заматта айтып турат. Эркек үчүн сүйлөө бул маалымат берүү болсо а аялдар үчүн сезимдерин бөлүшүү. Эркек киши кайгырганда унчукпай калса аял киши тескерисинче көп сүйлөп кайра жеңилдеп алат, атүгүл сүйлөгөндөн рахат алат. Бул илимий ачылыштардын баары ушуну далилдейт. Демек аял кишинин көп сүйөөсү бул-аял кишинин табиятынан экен. Кудум кээ бирки шоколаддын курамында шекер көп болгондой эле, Аялзатынын курамында да “көп сүйлөө”-деген элемент көп экен. Дагы да тагыраагы, ток этээри Аллах ал назик заттарды ушундай кылып, көп сүйлөй турган кылып жаратыптыр. А Пайгамбарыбыз САВ бул көп сүйлөо маселеси боюнча эмне дейт? Аялы көп сүйлөгөн кезде Пайгамбарыбыз САВ бизге окшоп “Жап жаагыңды!”-дейт беле? Келиңиздер карап көрөлү.
Бир күнү Пайгамбарыбыз САВ үйүнө маанайы жок келди. Аны Айша энебиз жылмайып тосуп алды. Пайгамбарыбыз САВ Айшаны кетирбей жанына олтургузда да мындай деди: Стоп! Кое туруңуз, сиз кандай ойлойсуз, Пайгамбарыбыз САВ Айша энебизге эмне деши мүмкүн. “Маанай жок, бол тамак алып келчи”, же “Дагы деле тамагың даяр болбодубу?”-деп кагып силктиби? Кандай ойлойсуз? Пайгамбарыбыз САВ Айша энебизди жанына олтургузда да, тарыхта алтын тамга менен жазылып калган ушул сөзун айтты: “Оо менин Айшам, сүйлөчү, жеңилдеп, эс алайынчы сени тыңдап!”. Ооба менин бир тууганым, Ааламдын мырзасы Пайгамбарыбыз САВ мына ошондой деди. Оо Айшам сүйлөчү, сени тыңдап эс алайын!... Айша энебиз болсо эмне жөнүндө сүйлөдү деп ойлосуз. “Үйдө азык түлүк жок, менин көйнөгүм эскирди качантан бери жаңы көйнөк ала элекмин, эмнеге кеч келдиң, ким менен жүрдүң, мени алдабай элесиңби?”-деген сыяктуу азыркы күндүн слоган сөздөрүн айттыбы? Айша энебиз Пайгамбарыбыз САВды карап, Аллах Тааланын Мээримдүү Ырайымдуу экенин, Пайгамбарыбыз САВдын жумшактыгын, дүйнөнүн өтүүчү болгондугун айтты. Ал сүйлөгөн сайын Пайгамбарыбыз САВ жеңилдеп, эс алып, жүзүндө жылмаюу пайда боло баштады... Соңунда Аллахка шүгүрлөрдү айтты.
А азыр болсо “Сүйлөчү, бир эс алайын”-деген пайгамбардын биз үммөтү “Жапчы жаагыңды эс алайын!”-деген абалга келдик. Эмне үчүн? Жообу оңой эле. Болгону биз эркектер сөз түрүндө эле Пайгамбарыбыз САВдын үммөтү болуп калдык. А жашоодо напсинин үммөтүбүз. Куранда Аллах Таала: “Чындыгында, силер үчүн, Аллахты, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алгандар үчүн да, Аллахтын элчисинде көркөм өрнөктөр бар” (Ахзаб 21)-деп айтканын канча жолу уксак дагы амал кылбайбыз. Ошондуктан аялдарыбыз тараптан одоно тил менен айтканда “мээбиз желинип” атат. Жазаны аялдарыбыздын тили аркылуу алуудабыз.
А аялдарыбызчы. Алар да Айша энебизге окшошууга аракет кылбаганы үчүн Пайгамбарыбыз САВдын көрсөткөн мамилесин көрө албай жатышат. Динибизде көрсөтүлгөн абалдан сыртка чыккандыгы үчүн “Жап жаагыңды”-деген сөздү угушууда. Демек бул жерде эркеке, же аялга күнөөнү оодара салыш туура эмес. Кунөө эки тарапта тең бар.
1-Аялдар Айша энебиздин адеп-ахлагынан алыстады
2-Эркектер Пайгамбарыбыз САВдын адеп-ахлагынан алыстадык
Аялың Айша энебиздей болуусун кааласаң анда Пайгамбарыбыз САВдай бол! Күйөөң Пайгамбарыбыз САВдай болушун кааласаң анда Айша энебиздей бол! Окшошууга аракет кыл!
Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде “Аялдардын акысы, укугу тууралуу Аллахтан корккула! Акыйкатта силер аларды Аллахтан аманат катары алдыңар!”-деп айтат. Мындан сырткары Пайгамбарыбы САВ:
“Силердин ичиңерден эң мыктыңар жубайына жакшы мамиле кылгандар. Мен аялына мамиле кылуу боюнча ичиңерден эң жогору турам. Аялдарга мыкты инсандар гана жакшы маиле жасай алышат. Аларды жаман, төмөн инсандар кордойт. Жубайыңарды капа кылбагыла! Алар Аллахтын аманаты. Аларга жумшак мамиледе болгула, жакшылык кылгыла!”-деп буйруган.
Ниса сүрөсүнүн 19-аятында “Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла!”-деп буюрат Аллах Таала.
Аялзаты табиятынан, жаратылышанан назик, жумшак. Алар эркектин сүйүүсүнө, коргоосуна муктаж. Бул табиягый абал, көрүнүш. Качан гана бул табиягый көрүнүш бузуганда, же орду алмашканда коомдо башаламандык пайда болот.
Муршид-ин-Ниса аттуу китепте “Аялдардын акысын бербегендердин намазы, орозосу кабыл болбойт”-деп жазылат. Пайгамбарыбы САВ: “Аялына кол көтөргөн адам Аллахка жана Пайгамбарга баш көтөргөндөрдөн болот. Кыяматта мен анын душманы болом”-деп айтат. Ошол эле Пайгамбарыбыз САВ: “Аялын сүйүп, жылмайып тиктеген адамдын амал дептерине “Бир кулду боштондука чыгарды”-деген сооп жазылат”-деп айтат.
Бул сыяктуу дагы өтө көптөгөн аяттар жана хадистер бар аялзатынын укугу, акысы тууралуу. Бул өкүмдөр биз үчүн мотивация, стимул болушу керек.

Видео Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт? канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 августа 2020 г. 19:45:11
00:07:17
Яндекс.Метрика