Загрузка страницы

Куранда нефть жөнүндө айтылганбы? (Илимий ролик)

"Куранда мына ушундай кереметтүү сырлар камтылган. Бирок, бул китепти анда эмне үчүн өлүктөргө окуйбуз? Компас медиа ютуб каналында жакшы түшүндүрүптүр. Көрүүнү кааласаңыз ссылканы басыңыз https://youtu.be/mOuRtT54S6Q"

Нефть. Адамзат жашоосундагы маанилүү роль ойногон минералдык зат. Аны кара алтын деп да бекерине атап коюшкан эмес. Нефти кантип пайда болот? Азыркы күндүн илимпоздору нефтинин пайда болуусу биогендик негизде болгундугун айтышат. Кененирээк түшүндүрмө бере кетели:
Миллиондогон жыл мурун жер шарынын көпчүлүк бөлүгүн суу каптап турган. Өсүмдүктөрдүн жана Деңиз жандыктарынын калдыктары суунун астына чөгүп, ар кандай минералдык заттар менен, кум менен аралашкан. Бул калдыктар барган сайын биринин үстүнө бири толуп олтуруп, тыгыздыгы көбөйүп, бекемделе берген. Барган сайын басым менен температура жогорулап, ага кошумча анаэробдук б.а. кычкылтексиз жашай алган микроорганизмдердин таасири астында кара майланышкан минералдык зат жана газ пайда болгон. Демек кыскача айтканда азыркы күндүн илими “нефти өсүмдүктөрдүн жана жандыктардын калдыктарынан улам пайда болгон”-деп айтат. А ыйык Куран бул маселе тууралуу эмне дейт? Куранда нефти тууралуу барбы деги?
Алаа сүрөсүнүн 4-5-аяттарын карап көрөлү.
“ 4. Жана да Ал жайыт чөптөрүн чыгарган (өстүргөн). 5. Андан соң Ал аны карарган куурайга (сел суусуна) айландырат”

Аятта “жайыт чөптөрүн”-деген мааниге келген “ал-мараа” cөзүнүн толук сөздүк мааниси “Жер бетиндеги бүткүл өсүмдүк, эгин, бак-дарак, талаа”-деген маанини туюнтат.
“Куурай”-деп которулган “Гусаа” сөзү “сел болгондо жээктерге сүрүлүп чыккан ыпыр-сыпыр, чөп-чар, чириген чөптөр, сел суусу”-деген мааниге келет.
Ал эми “Карарган”-деп которулган “Ахва” сөзү “Кара, капкара, ток жашыл”-деген мааниге келет.
Бул жерде геолгия илиминин негизи тууралуу айтылууда. Жогоруда айтылгандай нефть чөп чардын жана суу жандыктарынын чириндисинен улам пайда болот. Аятта да нефть, газ, көмүр сыяктуу кен байлыктарын пайда болуу процессин өтө кыска, жана өтө нуска ыкмада ачык эле айтууда.
Нефтинин пайда болуу процесси да 3 мөөнөттөн турат. Алар:
1-Өсүмдүктөрдүн бар болуу мөөнөтү,
2-Алардын чириндиге айлануу мөөнөтү,
3-Чириндинин да фосилизацияланышы б.а. коюу кара суюктука айлануу мөөнөтү. Аятта болсо бул үч мөөнөт кереметтүү түрдө баяндалууда:
1-мөөнөт “ал мараа” жашыл жайыт,
2-мөөнөт “гусаа” селден келген чөп чар, чиринди,
3-мөөнөт “ахвага” кара куурайга айлануу б.а. нефтиге, көмүргө же газга айлануу мөөнөтү.
Ушуну менен эле бирге аяттагы “гусаа” сөзүнүн бир мааниси сел суусу. Бул жерде да биз үчүн бир маани бар. Нефти да селдин суусу сыяктуу жер астында көчүп, жылып олтурат. Качан гана чыга албай кала турган бир ойдуңга туш келгенде гана ошол жерге топтолуп калат. Натыйжада ал жерден адамзат нефтини чыгарып алат.
Демек нефть жөнөкөй тил менен айтканда, чөптөрдөн пайда болгон, кара, суу сыяктуу агып жүргөн зат. Муну да Куран аяттарды өтө кылдаттык менен акылмандуулук менен баяндоодо.
Бул улуу аяттарды көргөн адам Аллах Тааланын Мээримин, Акылмандуулугун, Улуулугун көрө алат эгер ынсап менен карай турган болсо. Бул аят аркылуу биз ушул нерселерди көрө алабыз:
“Куран Аллахтын сөзү, Мухаммад САВ болсо Анын кулу жана Элчиси!”
Биздин колубузда тиги дүйнөнүн эле эмес, бул дүйнөнүн да казынасы бар экен. Ошол казынадан биз жетишээрлик пайдаланып жатабызбы. Албетте муну биздин Куранга болгон жакындыгыбыз жана алыстыгыбыз көрсөтүп бере алат. Аллах бизге Куран сыяктуу улуу, баалуу алмазды берип койсо да ага кайрылбаганыбыз үчүн кээде азап чегип келебиз тилеке каршы. Бедиуззаман Саид Нурси да: “Биз дан салынган кампанын үстүндө жатып ачкадан өлгөн тооктор сыяктуубуз”- деп бекеринен айтпаса керек.

Видео Куранда нефть жөнүндө айтылганбы? (Илимий ролик) канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
13 июня 2020 г. 20:15:11
00:04:56
Яндекс.Метрика