Загрузка страницы

Пайгамбарыбыз САВдын жаштыгы...

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) жыйырма жашта. Зулумдукка каршы чыгып, коомдук иштерге активдүү аралаша баштоосу.
Ааламдардын мырзасы Мухаммед (САВ) жыйырма жашка толду.
Пайгамбарыбыз (САВ) Аллах Тааланын коргоосу астында бапестелип, мыкты адеп-ахлак, көркөм жүрүм-турум менен тарбияланып жатты. Аны өз карамагына алган абасы Абу Талибге жардамчы болуп, эмгекчил мүнөз менен чоңойду.
Пайгамбарыбыз (САВ) өзү жашаган коомдун караңгылыкка, күнөөгө батып калганына карабастан, ар кандай бутпарастык, алдамчылык, бузукулук жана адашкандык сыяктуу бардык ыпылас, кир нерселерден, алардын кыпынчалык учкунунан да алыс болду.
Ал (САВ) буттардан аябай жийиркенчү. Өмүрүндө бир жолу да аларга урмат көрсөткөн эмес. Буга бир окуя далил.
Ошол доордо курайш мушриктеринин бир адаты бар эле. Жыл сайын белгилүү бир күндөрдө Бувана аттуу буттун алдында чогулушуп, чачтарын алдырып, курбандык чалышып, чоң жөрөлгө өткөрүшчү.
Күндөрдүн биринде бардыгы ошол жөрөлгөгө даярданышат. Абу Талиб да эл катары үй-бүлөсүн чогултуп, бул чоң жөрөлгөгө катышууга камданат. Пайгамбарыбыздын да даярдануусун айтса, ааламдардын мырзасы “Үзүрүм бар” деп катышуудан баш тартат. Анын мындай жоругуна Абу Талиб менен эжелери аябай таң калышат. Атүгүл, ачуулары келе түшөт. Эки-үч жолу айтып, көндүрүүгө аракет кылышканы менен пайгамбарыбыз (САВ) макул болбой коет. “Ушинтип кудайларыбыздан баш тарткандыгың үчүн башыңа бир балээ келүүсүнөн коркуп жатабыз” деп, кысымга да ала башташат. Айласы кеткен сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) Абу Талиб менен эжелеринин көңүлдөрү үчүн гана ал жакка барууга аргасыз болот. Бирок буттун айланасына чогулган элдин алдына жетери менен нур жүздүү пайгамбарыбыздын (САВ) көздөн кайым болгону байкалат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин пайгамбарыбыз (САВ) пайда болуп чыга келгенде, аны аябай аянычтуу, оор абалда көрүшөт, өңү купкуу болуп, бир нерседен коркконун билишет.
Дароо айланасына чогулган күйпөлөктөшкөн Абу Талиб жана эжелери андан: “Сага эмне болду? Каякка бардың?” деп сурашат. Пайгамбарыбыз (САВ): Мага бир жаман нерсе болуусунан корктум. Мен бул бутка жакындаганымда ал жерде бою узун, ак кийимчен бир зат пайда болду да, мага: “Эй, Мухаммад, ары тур! Эсиңде болсун, бул буттарга колуңду тийгизе көрбө!” деп бакырды”, - дейт. Ушул окуядан кийин Расулуллах (САВ) эч качан буттарга жакындаган жок жана алардын бир да жөрөлгөлөрүнө катышкан эмес.
Кудурети күчтүү Аллах Таала Өзүнүн эң акыркы пайгамбарын бапестеп өстүрүп, аны ар кандай жаман көрүнүштөрдөн оолак кармап, жаштайынан эле чоң милдетке даярдап жаткан.
Расулуллах (САВ) өзү да: “Мени Раббим тарбиялады, кандай гана сонун тарбиялады”,- деген сөздөрү менен бул чындыкка ишарат кылган.
Бул акыйкатты батыштын ынсаптуу чыгыш таануучулары да четке кага алган эмес. Сэр В.Муир деген жазуучу өзүнүн китебинде: “Мухаммед (САВ) пайгамбар жөнүндө жазган чыгармаларыбыздын бардыгы бир маселеде биригет. Ал да – анын адеп ахлагынын тазалыгы жана жогорулугу”,- деп баса белгилеген.
Ааламдардын мырзасы, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) жаштайынан эле коомдук иштерге активдүү катышууга аракет кылып, ар кандай зулумдукту, туура эмес көрүнүштү токтотууга да өз салымын кошкон.
Алсак, ошол доордо араптарда уруулар ортосунда кылмыштуулук, кандуу согуш, уурулук жана баш аламандыктар биринин артынан бири уланып турчу. Ал согуштар өтө жөнөкөй себептен эле чыгып, андан ары ырбай берген.
Маселен, көптөгөн зулумдуктарды алып келген 4 жолу “Фижар” деп аталган согуш болгон.
Сабыр кесесин толтурган бир окуядан соң бул кейиштүү абалды жөнгө салуу, элдерди тынчтандыруу кадамын Пайгамбарбыздын (САВ) атасынын бир тууганы Зубайр алгачкылардан болуп таштаган.
Натыйжада Меккенин уруу башчылары, абройлуу адамдар чогулушуп, зулумга дуушар болгондорго кош көңүл карабоо, алардын акысын кайтаруу, колдоо көрсөтүү боюнча жоболор кабыл алынып, бири-бири менен антташат.
Мына ушундай иш-чараларда Пайгамбарыбыз (САВ) да четте карап турбай, жыйырма жаш курагына карабастан абалары менен чогуу бул жыйынга катышып, өзүнүн добушун оң чечимдерге колдонгон. Зулум көргөндөргө жардамга чуркап, мына ушул багыттагы аракеттерге көмөкчү болгон.
Ааламдардын мырзасына пайгамбарлык милдети берилгенден кийин да жогорудагы жыйындарга катышуудан ал ыраазы болгонун айткан. “Жакшылыкка үндөгөн жыйындарга катышуу миңдеген кызыл төөлөргө ээ болуудан да сүйкүмдүү. Мени ушундай жыйынга азыр ислам доорунда да чакырышса бармакмын”,- деген.
Мээрим пайгамбарынын бул сөзү биздин замандагы бардык мусулмандар үчүн да эреже экенин унутпайлы: “Зулум менен адашуучулуктун түрлөрүнө аталышы менен формасы кандай гана болбосун, токтотууга аракет жасаган топторго, жамааттарга жардам берүү”.

Видео Пайгамбарыбыз САВдын жаштыгы... канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
9 мая 2020 г. 19:45:10
00:06:11
Другие видео канала
Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!Пайгамбарыбыз САВ төрөлүшүПайгамбарыбыз САВ төрөлүшүСУРОО-ЖООП.Шейх Чубак ажы. Токтогул району. Өзгөрүш айылы. 26 08 2015СУРОО-ЖООП.Шейх Чубак ажы. Токтогул району. Өзгөрүш айылы. 26 08 2015Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ)  христиандардын аалымы Бахираны таң калтырдыПайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) христиандардын аалымы Бахираны таң калтырдыМухиддин Арабий ким?Мухиддин Арабий ким?Күчтүү жана алсыз аял | күчтүү мотивация | акын Идрис АйитбаевКүчтүү жана алсыз аял | күчтүү мотивация | акын Идрис АйитбаевЦыган кызды зордогон миллионердин окуясы | Намазды кантип окуса дуба кабыл болот? Абдугаппар СымановЦыган кызды зордогон миллионердин окуясы | Намазды кантип окуса дуба кабыл болот? Абдугаппар СымановЭркин Адам Бедиуззаман Саид Нурси толугу мененЭркин Адам Бедиуззаман Саид Нурси толугу мененПайгамбарыбыздын ﷺ Аллах таала менен болгон баарлашуусу - Устаз Нематулла ажыПайгамбарыбыздын ﷺ Аллах таала менен болгон баарлашуусу - Устаз Нематулла ажыПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?ТАГДЫРДЫ түшүнөм десең көр!!!ТАГДЫРДЫ түшүнөм десең көр!!!КЕРЕМЕТ САБАК   БЕЙИШ КАНДАЙ БОЛОТ  АЗИРЕТИ МУФТИЙ МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВКЕРЕМЕТ САБАК БЕЙИШ КАНДАЙ БОЛОТ АЗИРЕТИ МУФТИЙ МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВАракеч олуя болду...Аракеч олуя болду...Ааламды ким тазалайт?Ааламды ким тазалайт?Азанды мыскылдаган балага Пайгамбар САВ эмне деди?Азанды мыскылдаган балага Пайгамбар САВ эмне деди?Өмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙӨмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙФараондун чөгүүсү тууралуу илимий аяттар!Фараондун чөгүүсү тууралуу илимий аяттар!Балам мыкты болсун десеңиз көрүңүз!Балам мыкты болсун десеңиз көрүңүз!ТЕРИЛГЕН ХАДИСТЕР 13-сабак. СУРОО-ЖООП. Хадис илим.  Шейх Чубак ажы 12 01 2020ТЕРИЛГЕН ХАДИСТЕР 13-сабак. СУРОО-ЖООП. Хадис илим. Шейх Чубак ажы 12 01 2020
Яндекс.Метрика