Загрузка страницы

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?

Пайгамбарыбыз САВдын көп аял алуусу, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эле болгон деген көз карашты кармангандар бар. Жок! Эч качан андай болгон эмес. Буга далил катары ушуну айта алабыз. Негизи эркек кишинин сезимдеринин эң эле оргуштап, кайнап турган кези бул 15-40 жаш аралыгы экендиги баарыбызга маалым. Бул кездерде напсинин аял кишини каалоо деген сезимдери аябагандай күчтүү болот. Пайгамбарыбыз САВ болсо ушундай кайнап турган курак кезинде намысын сактап, аябай токтоо, сабырдуу болгон. 25 курака келгенче эч бир аялга караган эмес. Болбосо ал кездерде Арап жарым аралы аябай бузулган эле. Көп аял алуу маселеси болсо кадимки көрүнүш болгон. Аябагандай ысык да болгон. Ушул сыяктуу факторлорго карабай намысын сактап жүргөн. Муну анын достору эле эмес, душмандары да тастыктап, жазып, айтып, калтырышкан. А.э. 25 курака келгенде болсо өзүнөн 15 жаш чоң болгон 40 жаштагы жесир болгон Хадижа энебизге үйлөнгөн. 40 жаш курагына чейин ошол улгайып калган аялга каниет кылган. Т.а. айтканда жаш кыздардан алып алса болот эле. Бирок андай кылбай өзүнөн 15 жаш чоң аялга үйлөнүп, жашады. Демек пайгамбарыбыз САВ каалоо сезимдери күчтүү болгон кезде улгайып калган аялга каниет кылган жана сезимдерин башкара алган. Сезимдери басаңдап, токтолуп калган курак болгон 50 жаш курака келген соң гана кийинки аялдарын алды. Б.а. Хадижа энебиз өлгөндөн кийин. Демек бул үйлөнүүлөр жеке напси үчүн эмес. Демек анын көп аял алуусунун башка сырлары бар. Ал кандай сыр болушу мүмкүн дейсизби оо менин бир тууганым!
Пайгамбарыбыз САВ адамзаттын жашоосу үчүн улуу өрнөк. Жашоодогу ар бир маселени ал Зат көрсөтүп кеткен биз үммөтү үчүн. Биздин жашообуз эң чоң эки бөлүктөн турат. Биринчиси болсо сырттагы, жумуштагы кооомдук жашообуз. Кандай иштеш керек, башкалар менен кандай мамиледе болушубуз керек, соода кандай болуш керек ж.б.у.с. абалдар. Муну Пайгамбарыбыз САВ сөзү менен, абалы менен, жүрүм-туруму менен сахабаларга көрсөтүп кеткен. Ал эми жашообуздун экинчи бөлүгү бул үйдөгү, үй-бүлөлүк жашоо. Ата-эне менен, аял менен, бир-тууган, бала-чака менен болгон мамиле, бала тарбиясы ж.б.у.с. өтө көптөгөн маанилүү, олуттуу маселелер бар. Биринчи сырттагы коомдук жашообуз канчалык маанилүү болсо, экинчи ички, үй-бүлөлүк жашообуз да ошончолук, атүгүл андан да көбүрөөк мааниге ээ. Себеби улуттун келечен түзгөн балдарыбыз ошол ички, экинчи жашообузда орун алган. Бул экинчи жашоону кандай жөнгө салыш керек, кантип башкарыш керек деген өңдүү маселелерди үммөтүнө жеткирүү үчүн Пайгамбарыбыз САВ көп аял алган. Пайгамбарыбыз САВдан динди үйрөнгөн сахабалар бул экинчи жашоосун үйрөнүү үчүн да үйүнө келип карай алмак эмес да Пайгамбарыбыз САВдын жашоосун. Демек ички, жеке жашоого багытталган маселелерди Пайгамбарыбыз САВдан анын аялдары үйрөнүп, кийин аны башкаларга жайган. Пайгамбарыбыз САВ аялдарына жөн эле айтып койбостон, жашоосу менен көрсөткөн. Себеби тил менен айтып койгонго караганда, абал менен жашап көрсөтүү дагы да таасирдүү. Чынында диндин жарымын сахабалар дүйнөгө жайса, экинчи жарымын Пайгамбарыбыз САВдын аялдары, момундардын энелери жайган. Эгер бир, эки эле аялы болгондо мунун баарын үммөткө жайып, жеткизе алмак эмес. Демек Пайгамбарыбыз САВ диндин үй-бүлөлүк жашоого тиешелүү болгон экинчи маанилүү бөлүгүн аялдары аркылуу адамзатка жеткирген. Анын САВ аялдары, момундардын энелери өзүнчө бир медресе, үй-бүлө институту кызматын аткарган. Мисалы эң көп хадис рываят кылган сахаба Абу Хурайра РА 5374 хадис рываят кылса. Үй-бүлө институнун эң алдыңкыларынан болгон Айша РА энебиз болсо 2210 хадис рываят кылуу менен эң көп хадис рываят кылуучулардын ичинен 4-орунда турат. Албетте бул-диндин жарымын Пайгамбарыбыз САВдын аялдары таратты деген мааниге келет.

Видео ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ? канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
31 августа 2019 г. 17:15:10
00:06:52
Яндекс.Метрика