Загрузка страницы

Аракеч олуя болду...

Бишри Хафи!
Толук аты жөнү Абу Наср ибни Харис Абдуррахман ибни Ата ибни Хилал ал-Хафи ал-Марвази. 767-жылы Хорасан жергесинин Марв шаарында төрөлгөн. Атасы Марв шаарынын башчыларынан эле. Атасы кайтыш болгон соң чоң мал-мүлк мурас катары калат. Натыйжада Бишри жыргал жашоодо жашай баштайт. Алгачкы убактарда динден алыс, адеп-ахлаксыз адамдар менен достошуп алгандыктан динден узак жашоо образына кирип кетет. Күнүгө шарапканада достору менен шарап ичип, түн бир оокумга чейин жүрө берүү адатка айланат. Напсинин жыргалга умтулуусунун чеги жок эмеспи? Анын ичкиликтин артынан сая түшүп кубалоосун апасынын көз жаштары да токтото алган жок. Ал ого бетер жамандыктын энеси болгон сусундука чөгүп баратты. Апасы күнүгө алакан жайып дуба кылып, жайнамаздарды көз жаштары менен жууп жатты. Ооба. Кайсы эне баласынын ошол арам сууга тумчугуусун кааласын? Бишри да апасынын муңдуу жүзүн көргөн сайын сыгылып жатты. Бирок көнгөн жаман адатты жеңүү, напсини тыюу кыйын эле. Мурда ичкилике аралашып калган адам балким Бишринин абалын дагы да жакшы түшүнөөр. Айтор убакыт өтүп жатты. Бир күнү Бишри адаттагыдай шарапкандан мас абалда чыгат да үйүн көздөй жөнөйт. Араң басып баратып караса жолдо баткакта бир кагаздын бөлүгү жатыптыр. Ал кагазда “Бисмиллахиррахманиррахим”-деп жазылып турган эле. Аллахтын ысымынын жерде жатуусу аны өкүндөргөн эле. Бишри кагазды алып өбөт. Анан үйүнө алып келип, тазалап, жыпар жыттарды сээп, бийик жерге илип коет. Бул шаарда өтө такыбаа, диндар бир аалым бар эле. Ошол түнү ал зат түш көрөт. Түшүндө ага: “Бишриге бары айтып кой. Ысымымды тазалаган сыяктуу мен да аны тазалайм. Ысымымды улуктагандыгы сыяктуу эле анын да даражасын көтөрөм. Ысымымды кооз, жыпар жыттуу кылганындай эле мен да аны кооз кылам! Ызатыма ант болсун, мен да анын ысымын эки дүйнөдө таза жана кооз кылам”-деп кабар берилет. Аалым түз эле Бишриге кабарды жеткирүү үчүн издеп жөнөйт. Аны кайра эле шарапканадан табат. “Аллах Тааладан сага эскертүү бар оо Бишр!”-деп айтат түз эле. “Аллах мени жазалайт окшойт”-деп Бишр коркконунан ыйлап жиберет. Аалым окуянын чоо жайын түшүндүрөт. Мынакей! Өзгөрүүнүн убактысы келген эле! Бишр ушул жерден экинчи бул жоругун кылбайм деп ант ичет. Ал ант берип аткан кезде жылаң аяк турган эле. Кийин өмүр бою бут кийим кийбей, жылаң аяк жашап өтөт. Натыйжада жылаң аяк Бишр деген мааниге келген Бишри Хафи деп аталып калат. Эмне үчүн бут кийим кийбесиң дешкенде мен оңолууга ант ичип атканымда жылаң аяк болчум. Ошондуктан бут кийим кийбейм. Экинчиден Аллах Таала “Жер бетин силерге килем сыяктуу кылдым”-деп айтат. Аллахтын килемин кантип мен бут кийим менен басам”-деп жооп берет.
Кийин ал ошол доордун эң алдыңкы аалымдарынан илим алды. Илим алуу үчүн Мекке, Куфа, Басра, Шам, Ливан жергелерине барды. Жети сандык китепти жаттап алды.
Ханбали масхабынын негиздөөчүсү Ахмад бин Ханбал аны аябай жакшы көрөт эле. Дайыма жанына барып зыярат кылып тураар эле. Бир күнү Ахмад бин Ханбалдын шакирттери: “Устаз! Сиз Хадис, фикх, ижтихад, дегеле бүткүл илимдерде теңдеши жок аалымсыз. Бирок эмнеге дайыма Бишри Хафини кайра-кайра зыярат кыла бересиз?”-деп сурашат. Ахмад бин Ханбал: “Ооба аталган илимдерди андан жакшы билем туура. Бирок ал жүрөк илимдеринде менден алда канча алдыда”-деп жооп берет. Ооба. Ахмад бин Ханбалдин бул сөздөрү Бишри Хафинин руханиятта канчалык деңгээлде алдыда экенин билдирип эле тим болбостон, ошол эле кезде өзүнүнү да даражасын туюнтуп турат. Себеби “Ал аалым менден күчтүү, илимдүү”-деп айта алуу да бул өзүнчө улуулукту туюнткан касиет.
Бир күнү Бишри Хафиден “Бул даражагна кантип чыктыңыз”-деп сурашат. Бишри Хафи: “Аз жеп, аз ичип! Себеби жеп-ичип, ойноп күгөн адам менен аз жеп-ичип, көп ыйлаган адам бир деңгээлде болбойт!”-деп жооп берет.
Шек күмөндүү нерселерден өтө алыс болчу. Дайыма сүйдөгөн кезде айланасына даанышмандыктын жыпар жыты жайылып турчу.
Анын көптөгөн кереметтеринин бирөөсү ал дайыма жылаң аяк жүргөнү үчүн Багдат шаарынын көчөлөрүнө бир да жаныбар нажас кылчу эмес. Бир күнү бир жаныбардын көчөдө нажас кылып атканын көрүп калышат. “Аттиң аай! Бишри Хафи өлгөн окшойт”-деп сураштырышат. Көрсө ошол күнү 841-жылы, Бишри Хафи түбөлүк ааламга сапар тарткан экен... Учурда кабыры Багдатта зыярат жери болуп эсептелет.
Оо менин бир тууганым! Ичкилике берилип кеткен адам оңолушу мүмкүнбү? Албетте оңолушу мүмкүн! Биз келечекти билбейбиз. Ошол жаман көлчүкө түшүп, бактылуулук жээгине сүзүп чыга албай жаткан бир туугандарыбыздан үмүт үзүп салбай, тескерисинче аларга үмүт берип, оңолушуна жардамдашуу абзел. Ким билет, балким алардан да такыба, диндар адам чыгаар.
Ыйык Курандын Зумар сүрөсүнүн

Видео Аракеч олуя болду... канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
14 марта 2020 г. 17:21:34
00:08:12
Яндекс.Метрика