Загрузка страницы

АЛЛАХ ЭМНЕ УЧУН ТООЛОРДУ ЖАРАТТЫ...

ТООЛОРДУН МИЛДЕТИ.
ЫйыкКурантоолордунгеологилыкфункцисынушулаятмененайтып берет.
“Биз жер үстүндө алар аны менен бирге термелбесин үчүн бекем туруучу толорду жайгаштырдык (Анбия-31)”
Бул аятта тоолордун жер титирөөдөн коргой турган өзгөчөлүгү бар экендиги айтылууда. 1400 жыл мурун бул аяттар түшкөн кезде илим жана техника өнүгө элек болчу. Азыркы күндө изилдөөлөрдүн натыйжасында гана бул ачылыштар билинип олтурат. 1400 жыл мурун айтылган акыйкаттка адам араң азыр жетип олтурат.
Эски илимий көз караштар боюнча тоолор-бул болгону жөн гана жер бетиндеги дөңсөөлөр болуп эсептелинген. Бирок азыркы күндөгү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы андай болуп чыккан жок. Тоолордун бийиктиги сыяктуу эле, жер астына кирип кеткен тамырлары да бар. Бул тамырлар кээде тоонун узундугунан 10-15 эсе узун тереңдике чейин жер астына кирип турат
. Тагыраакайтканда тоолордун бул өзгөчөлүгү, кудум мык менен, же казык менен чатырды кулап кетпесин деп жерге кагып койгон сыяктуу. Мисалы бийиктиги 9 км болгон Эверест тоосунун тамыры 125 км чейин жетет.
Тоолор жер бетинин кабыгы сыяктуу болгон катмарлардын, плиталардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана кагылышуусунун натыйжасында пайда болот. Эки катмар кагылышкан кезде дагы да бекемирээк болгон катмар ылдый карап ал эми, үстүндө калган катмар болсо жогорулай баштайт. Натыйжада жер бетинде тоо ал эми, жердин астында болсо, анын тамыры пайда болот.
Жогоруда атап өткөндөй тоолордун жер бетиндеги бийиктиги сыяктуу эле жердин астына кирген тамырлары да бар. Белгилүү окумуштуу, геолог, профессор Сиаведа тоолордун тамырлары тууралуу макаласында ушуларга токтолгон:
Материктердеги жана океандардагы тоолордун айырмалары-алардын материалдарында. Б.а. материктердеги тоолордун материалы башка, океандагы тоолордун материалы башка болуп саналат. Бирок экөөндө тең бекем кармап тура турган тамырлары бар. Материктеги тоолордун тамырлары жумшак жана молекулаларынын тыгыздыгы аз болуп саналат. Океандардагы тоолордо да тоону бекемдеп, кармап тура ала турган жумшак тамыры бар. Бул тамырлардын функциясы Архимед мыйзамы боюнча тоолорду кармап турат. Тоолор жердин кабыгынын тең салмактуулугун кармап турат. Бул функция-“изостазия” деп аталат.
Изостазия тууралуу “Вебстердин 20-кылымдагы жаңы сөздүгү” аттуу китептемындай деп баяндалат: “Тоолордун жер астындагы тартылуу күчү менен жер кыртышынын, кабыгынын тең салмактуулугун кармалып туруусу “Изостазия”-деп аталат.”
АКШ Илимдер Академиясынын мурдагы жетекчиси Франк Пресстин дүйнө жүзү боюнча өтө көп университеттерде окуу куралы катары колдонулган “Earth” б.а. “Дүйнө”-деген китеби бар. Бул китепте “Тоолор жердин түбүнө казык сыяктуу кагылып турат”-деп айтылган.
Ыйык Куранда болсо бул көрүнүш мындай баяндалат.
“Биз жерди төшөп койдук. Тоолорду казык кылдык” (Наба 7-6)
“Силер менен бирге ал термелбесин үчүн жерүстүнө бекем тоолорду кадаган” (Лукман 10)
Заманбап илимий изимдөөлөрдүн натыйжасында гана ачык айкын болгон бул улуу ачылыш 14 кылым мурун Ыйык Куранда баяндалуусу бул керемет эмеспи?
Тоолорду биздин пайдабыз үчүн, жана башка акылмандуулуктар үчүн казык кылган Аллахка мактоолор болсун-дей турган убакыт келбедиби? Албетте бул акыйкаттарды четке кагуу күн нурун үйлөп өчүрөм деген сыяктуу.

Видео АЛЛАХ ЭМНЕ УЧУН ТООЛОРДУ ЖАРАТТЫ... канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
25 января 2018 г. 22:05:49
00:04:32
Яндекс.Метрика