Загрузка страницы

Курандан илимий АКЫЙКАТ!

Азыркы күндө дин менен илим башка-башка, бири-бири менен терс келген бир система деп билишет кээ бирлери. Чынында экөө бир бүтүн, куштун эки канатындай биз адам баласы үчүн. Атүгүл илим диндин жардамчысы, көмөкчүсү, кызматчысы. Муну көптөгөн аяттардан болгон дагы бир Курандын аяты аркылуу далилдеп беребиз буюрса бүгүн. Ал кайсы аят дейсизби оо менин бир тууганым! Анда угуңуз. ынын баш жагында Аллах Таала мындай деп айтат:
“Андан соң тамчыдан уюган кан жараттык, уюган кандан бир тиштем этти жараттык”
Инсандын эненин ичиндеги жаратылуусу тууралуу баяндаган бул кереметтүү аятта “нутфа”, “алака”, “мудга”, аттуу үч термин колдонулууда. Нутфа-тамчы, алака-уюган кан, мудга-бир тиштем эт, бир үзүм эт деген мааниге келүүдө. Бул жерде Куран эненин курсагындагы адамдын басып өткөн мөөнөтүн айтууда.
1-мөөнөттө бул нутфанын б.а. тамчынын алакага б.а. уюган канга айлануусу тууралуу айтылса, 2-мөөнөттө болсо уюган кандын мудгага б.а. бир тиштем этке айлануусун кереметтүү түрдө баяндалылууда. Биз бул жерде “бир тиштем эт”-деген мааниге келген “мудга”-сөзүн изилдеп көрөлү.
Чынында эненин ичиндеги 2- мөөнөттөгү эмбрион бир тиштем этчеклик көлөмдө болот. Атүгүл бул мөөнөттөрдө эмбриондун үстүндө бирөө тиштегенден улам пайда болгон тиштин издериндей из да бар болот. Курнадын “бир тиштем эт”-деген окшоштуруусу бул илимий ачылышка кереметтүү түрдө дал келүүдө. Хаж сүрөсүнүн 5-аятында да бул “бир тиштем эт” тууралуу айтып жаткан кезде “бираз билинип, билинбеген”-деген сүрөттөө колдонулат. Чынында бул мөөнөттө эмбрион көзгө көрүнө турганчалык деңгээлде билинип калат. Та.а башы, дене түзүлүшү, ички органдары сыяктуу кээ бирки мүчөлөрү билине баштайт. Аятта “Бираз билинип”-деп эмбирондун ушул абалы тууралуу айтууда. А.э. ошол эле кезде эмбрион толук түрдө жетиле эле, кээ бирки дене бөлүкчөлөрү, мүчөлөр түшүнүксүз, белгисиз, билинбеген абалда болгондуктан аятта “билинбеген”-деген сөз колдонулууда.
17-18 кылымдарга чейин илимпоздор эненин курсагындагы адамдын пайда болуусу тууралуу ар кандай көз карашты карманып келишкен. Кээ бирлери адам азыр кандай болсо эненин ичинде да ошондой эле көрүнүштө пайда болуп, ошол бойдон чоңоюп анан төрөлөт деп ойлошкон. Кээ бирлери болсо адам аял кишинин этек киринен улам пайда болот деп да ойлошкон. Бул теорияларга чынында азыркы доордун инсаны айла жок күлөт. 17-18 кылымдан кийин гана илимий изилдөөлөр Куран акыйкаттарындагы улуу сырлды ачыка чыгарды.
Канадалык анатом, эмбриолог Кит Леон Мур “бир тиштем эт” мөөнөтү тууралуу мындай дейт:
“Бул мөөнөттөгү эмбрионду изилдеп жатып өтө таң калычтуу фаткыга туш болдук. Себеби эмбрион 28 күндүк болгон кезде үстүндө таспиге окшош бир из пайда болот. Бул болсо кудум адамдын тишинин издери сыяктуу эле. Биз бул мөнөттөгү эмбирондун моделин пластиктен жасадык. Кийин аны тиштеп, тиштин издерин түшүрдүк. Салыштырган кезде чыныгы эмбриондун дал өзүндөй эле. Куран бул мөөнөттөгү эмбрионго “бир тиштем эт”-деген атты бекеринен бербегендигин түшүндүк.”
Мынакей. Миңдеген илимий аяттардан дагы бир аятты кыскача түрдө чечмелеп чыктык. Демек дин менен илим карама-каршы эмес, тескерисинче бири-бирин толуктаган бир система! Атүгүл илим динди т.а. Ислам динин ээрчийт. Куран 1400 жылдык бир китеп деген атты алганы менен күн өткөн сайын аяттарынын жаңы маанилери ачыка чыгуу менен жашарып турган Аллах Тааланын сөзү!
Буларды уккан биз мусулман жаштары эмне кылышыбыз керек? Сен баланчалсың, мен түкүнчөмүн деп бөлүнбөстөн, мусулман болгон соң ынтымакта болуп, тиги тигинтти, бул болсо минтип жооп берди деп кайдагы сандырак саясат сөздөрдү жайбастан, убакытты туура жака буруп, Куран акыйкаттарын дагы да тереңдетип изилдейли. Китеп окуп, илим-билимибизди, өзүбүздү өнүктүрөлү. Аллах Тааланын буйруганын сүйүү менен кылып, тыюу салганынан жаа бою качалы!...

Видео Курандан илимий АКЫЙКАТ! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
6 июня 2020 г. 20:37:54
00:05:18
Другие видео канала
ЭНЕ КУРСАГЫНДА БАЛАГА ТАГДЫР ЖАЗЫЛАБЫ? Шейх Чубак ажыЭНЕ КУРСАГЫНДА БАЛАГА ТАГДЫР ЖАЗЫЛАБЫ? Шейх Чубак ажыЭне сүтүнүн керемети!Эне сүтүнүн керемети!Кызбы же эркек балабы?УЗИсиз эле билебиз.Кызбы же эркек балабы?УЗИсиз эле билебиз.КОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАР ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ВИТАМИНДЕР ЖАНА МИКРО МАКРОЭЛЕМЕНТТЕР| БЕКЖАН ТУРАБЕКОВКОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАР ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ВИТАМИНДЕР ЖАНА МИКРО МАКРОЭЛЕМЕНТТЕР| БЕКЖАН ТУРАБЕКОВЭҢ МЫКТЫ КИЙИМЭҢ МЫКТЫ КИЙИМБУЛ СҮРӨӨЛӨРДҮ УГУП ӨЗҮҢҮЗГӨ ӨЗҮҢҮЗ ДЕМ САЛЫҢЫЗ. ДЕМ САЛУУ. Ар бир сүрөө 7-жолуданБУЛ СҮРӨӨЛӨРДҮ УГУП ӨЗҮҢҮЗГӨ ӨЗҮҢҮЗ ДЕМ САЛЫҢЫЗ. ДЕМ САЛУУ. Ар бир сүрөө 7-жолуданКоран для беременных | Мелодичное чтение КоранаКоран для беременных | Мелодичное чтение КоранаПайгамбар урпагы Ахмад Бадавий ким болгон?Пайгамбар урпагы Ахмад Бадавий ким болгон?Торот жакындаганда кандай белгилер болот?Торот жакындаганда кандай белгилер болот?Сиздин жашооңузду өзгөртө турган сабак.  Ош, Аль-Бухари мечити.  Шейх Абдишүкүр Нарматов. 31 01 2020Сиздин жашооңузду өзгөртө турган сабак. Ош, Аль-Бухари мечити. Шейх Абдишүкүр Нарматов. 31 01 2020ДУА для БЕРЕМЕННЫХ. Muslim ClubДУА для БЕРЕМЕННЫХ. Muslim ClubКөрсө бул нерсе Куранда бар экен... ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШКөрсө бул нерсе Куранда бар экен... ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШ#ВЛОГ. ТӨРӨТ ҮЙҮНӨ СУМКА ДАЯРДАДЫК#ВЛОГ. ТӨРӨТ ҮЙҮНӨ СУМКА ДАЯРДАДЫКБЕЙИШ жана ТОЗОК / ЖУМА БАЯНЫ 20 12 2019БЕЙИШ жана ТОЗОК / ЖУМА БАЯНЫ 20 12 2019Позитивдүү СУРОО-ЖООПТОР 1-бөлүм. Шейх Чубак ажы. РФнын Сургут шаары. Борбордук мечит. 24 02 2017Позитивдүү СУРОО-ЖООПТОР 1-бөлүм. Шейх Чубак ажы. РФнын Сургут шаары. Борбордук мечит. 24 02 2017Аятуль Курси 10 раз. Очень красивое чтение. Слушайте Аят аль курси перед сном и каждое утро коранАятуль Курси 10 раз. Очень красивое чтение. Слушайте Аят аль курси перед сном и каждое утро коранСадыбакас ажы Доолов  ТЕМА: ӨЗҮҢҮЗДҮ КУРАНДАН ИЗДЕП КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?Садыбакас ажы Доолов ТЕМА: ӨЗҮҢҮЗДҮ КУРАНДАН ИЗДЕП КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?Мурдагы сыйкырчы, бакшы Давуд Фархандын тообосу... (Кыргызча котормо)Мурдагы сыйкырчы, бакшы Давуд Фархандын тообосу... (Кыргызча котормо)Кыз же бала торошунузду аныктаныз.Кыз же бала торошунузду аныктаныз.
Яндекс.Метрика