Загрузка страницы

АЛЛАХТЫ ДАЛИЛДЕГЕН ТӨӨ...

Бүткүл жаратыктарга ар кандай акылмандуу, тартиптүү, кооз өзгөчөлүктөрдү чексиз илим Ээси болгон Зат гана бере алат. Буга мисал айта турган болсок ааламда мисал өтө көп. Алардын ичинен кадимки төөнү мисал катары карап көрөлү. Төө чөлдө жашайт. Чөл болсо жашоо шарты оор болгон аймак. Ошондой шарты катаал болгон аймака ылайыкташтырып жаратылган төө. Төөнүн өркөчү азык, суу сактоочу кампа сыяктуу. Ал өркөчүндө сакталган ырыскы менен бир канча күн жашай алат. Ал жердеги суу менен болсо 3 жумага чейин суу ичпей жашай алат. А Туяктары болсо кенен болгондуктан кумда батып кетпестен баса алат. Көзүндөгү кирпиктер тосмо сыяктуу. Эң күчтүү бороондо дагы көзүнө кум кирбей жүрө алат. Мурду да таң калыштуу жаратылган. Эң коркунучтуу бороондо да кыйналбастан, кенен дем ала алат. Жогорку эрини да тикендүү өсүмдүктөрдү жегенге ыңгайлаштырылган. Узун моюну жерден үч метр бийиктеги жалбырактарды жегенге мүмкүнчүлүк берет. Тизелери болсо кумдун ысыгын өткөрбөй турган жана көп жатса да жара болбой тургандай тери менен капталган. Анын калың териси жайкы +50 ысыка да, кышкы -50 суукка туруштук бере алат. Демек төөнүн жашаган жерине ылайык өзгөчөлүк берилип жатат. Төөнүн бир эле туягы аттын туягындай болгондо чөлдө 1км дагы баса албайт болчу. Эгер андай болсо төөдөгү башка өзгөчөлүктөрдүн пайдасы деле тиймек эмес. Же болбосо көзү кум кирбей турган болуп жаратылбаганда бороондордо бир кадам дагы таштай алмак эмес. Эриндери да азыркыдай болбогондо оттой албайт болчу. Мынакей! Төөгө өтө сонун өзгөчөлүктөр берилип жатат. Төөгө дал өзүнө керектүү болгон өзгөчөлүктөр берилип жатат. Демек муну төөнүн абалын билген чексиз илим ээси болгон Аллах берип жатат. Ушул эле сыяктуу башка жаратыктарды да төөгө салыштырып, карап көрөлү. Аллахтын чексиз чеберчилиги менен жасаган кооздуктарына карап Аллах кандай кооз жараткан дебеске айла калбайт.
“Ырас эле алар төөнүн кандай жаратылганын карашпайбы” (Гаашийа 17)

Видео АЛЛАХТЫ ДАЛИЛДЕГЕН ТӨӨ... канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
2 марта 2018 г. 22:52:26
00:03:30
Яндекс.Метрика