Загрузка страницы

Аллахты тааныткан ак аю!

Жаныбарлар ааламы. Акыл калчап, көз чаптырып карай турган болсок бизге өтө улуу акыйкаттарды айтып турат. Бүгүн биз жаныбарлардын денеси, жашаган аймагына канчалык деңгээлде ылайыкташтырылып жаратылгандыгын карап көрөлү.
Чынында бүткүл жаныбарлар жашаган жердеги климатка, абалга, шартка ылайыкташкан дене түзүлүшүнө ээ. Токойдо жашаган түлкү менен түндүк уюлда жашаган түлкү, токойдогу коен менен түндүк уюлдагы коендордун дене түзүлүшү такыр башка. Ушул сыяктуу дагы толтура жаныбарлар бар. Булар бир жаныбар болгону менен жайгашкан жерине жараша бири-биринен айырмаланып турат.
Биз мисал катары ак аюга карап көрөлү.Түндүк уюлда жашаган аю менен токойдогу аюнун да айырмалары бар. Түндүк уюлда жашаган ак аюнун дене түзүлүшү суука чыдамдуу болуп жаратылган. Сыртынан карасаң суука тоңуп кала тургандай көрүнөт. Бирок анын денеси, организми дал ушул суук климат үчүн өтө ыңгайлуу. Мисалга ак аюнун жүнү ак көрүнгөнү менен ал айнек сымал тунук түскө ээ. Калыңдыгы 5см болуп, жылуулуктун чыгып кетүүсүнүн алдын алат. Ошол эле кезде бул айнек сымал болгон жүн күндүн энергиясын денеге толук өткөрүп турат. Ал сууга түшкөн кезде болсо жүнү сканфандрдын ролун ойнойт. Сууда жүндөр бири-бирине жабышып, денесине сууну өткөрбөй коет. Ал эми терсинин астында болсо калыңдыгы 10 см болгон май катмары бар. Натыйжада суунун астында болсун же жер бетинде болсун дайыма 37 градустук денесинин температурасын сактап жүрө алат.
Муз үстүндө болсо 100 чакырымчалык аралыкты бир токтобой басып өтө алат. Бул кезде анын буттары эч тайып кетпейт. Көрсө ак аюнун таманындагы оюкча абалындагы кичинекей чуңкурчалар вакуум сыяктуу болуп муздун үстүнө жабышып, натыйжада сыягаланып кетүүнүн алдын алат экен. Жалпак болгон буттары сууда жакшы сүзүүгө шарт түзүп, саатына 10 км ылдамдык менен сүзө алат.
Бул кызык маалыматтарды уккан соң акылыбызга тизмектелген суроолор келе баштайт. Ак аю кантип мындай мыкты өзгөчөлүктөргө ээ болду? Анын жүнүн, денесиндеги 10 смдик майын ага пайдалуу ыңгайлуу кылган ким? Анын денесин -60 -70 градустук суука ылайыктуу кылып жараткан ким? Аны сууда болсун, жер бетинде болсун үшүбөй тургандай кылып жараткан ким? Анын таманын музга жана сууга ылайыкташтырган ким? Ага бул мыкты дене түзүлүшүн ыроологон ким. Чынында өтө акылмандуулук менен, чебердик менен, жогорку деңгээлдеги усталык менен жасалгаланган ак аю. Демек ага бул өзгөчөлүктөрдү берген Зат Акылман, Даанышман, Чебер, Уста, Мээримдүү Зат. Эгер ак аюуга буларды табият берди дей турган болсо чынында бул күлкүлүү нерсе. Себеби табиятта акыл, эрк, кудурет, чеберчилик жок. Акылы, жаны жок нерсе, акылдарды таң калтырган, жандуу бир системаны кантип жарата алсын. Өзүнөн өзү болуусу да мүмкүн эмес. Себеби өзүнөн өзү, ыктымалдуулук менен дал ушундай климатка ылайык болуп, кемчиликсиз жаралып калуусу акылга сыйбайт.
Акыл калчап, ой жүгүртүп көрсөк аюнун бул кереметтүү дене түзүлүшү бизге Аллах Тааланы таанытып турат. Демек Аллах ак аюнун ошол суук аймака ылайыктуу кылып жаратып койгон. Суукту жараткан Аллах ак аюну же болбосо ак аюну жараткан Аллах ошол суук климатты жараткан. Себеби ак аюнун дене түзүлүшү менен климат тил табыша алууда.
Хашр сүрөсүнүн 24 –аятында Аллах мындай деп айтууда:
“Ал – Аллах! Жаратуучу, Түзүүчү, Келбет берүүчү.”
Бул жерде Аллах Тааланын 3 ысмы айтылууда.
1-Халик-Бүткүл нерсени жаратып, бар кылган,
2-Бари-Бүткүл нерсени жоктон эң кооз көрүнүштө кемчиликсиз бар кылган,
3-Мусаввир-форма берген, көрүнүш берген.
Чынында Аллах бүткүл жаратыктарга ылайыктуу, жарашыктуу көрүнүш, форма берген Акылмандуу Зат.
Биздин милдет анын жаратыктарын карап тафаккур кылып, Ага моюн сунуу!

Видео Аллахты тааныткан ак аю! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 января 2020 г. 17:15:10
00:05:03
Яндекс.Метрика