Загрузка страницы

Илимпоздорду таң калтырган аарынын иш аракеттери!

Бал аарысы. Сыртынан жөн эле учуп жүргөн жаратыктай көрүнгөнү менен терең изилдеп, акыйкат көзү менен карай турган болсоң жөнөкөй эмес, тескерисинче өтө чеберчилик менен жаратылган бир макулук экен билебиз. Бүгүн бал аарысын талкуулап дагы бир жолу таң калтырабыз сиздерди оо менин бир туугандарым. Негизи эле бул ааламдагы бүткүл жаратыктар таң калыштуу. Болгону жөн эле тиктей бербей, көңүл буруп караш керек! Анда кеттик!
Бир бал челектин ичинде 10 000ден 80 000ге чейин бал аарысы жашайт. Бир эле бал челектин ичинде Кара-Кол шаарынын элинин санынчалык аары жашаса да эч баш аламандыка кабылышпайт. Эч бир жеринде тартипсиздик, хаос болбойт. Тескерисинче баары ирээттүү түрдө жашашууда. Ар биринин милдеттери так бөлүштүрүлгөн. Бул милдеттердин бирөөсү – Тазалык!
Тазалык! Ооба бал аарылары тазалыка өтө маани берген бир жарактык. Албетте бал сыяктуу ырыскынын жаралышына себеп болгон бир макулук таза болушу керек да чынында. Тазалык милдети ургаачы аарылардын мойнунда. Алар бал челектин ичине түшүп калган кир, керексиз, таштандыларды, же болбосо өлүп калган аарыларды түртүп сыртка чыгаруу менен өздөрүнүн “чоң бөлмөсүн” тазалашат. Бул таштандылардын арасында аарылар түртүп сыртка чыгара албай турганчалык чоң таштандылар да болуп калат кээде. Бул чоң таштандылардан бактериялар бөлүнүп чыгып аарыларды кырып жок кылып салышы мүмкүн. Бирок бул чоң таштандылар да аарылар үчүн маселе эмес. Себеби аарылар жаратылышынан эле “ПРОПОЛИС” аттуу затты бөлүп чыгара алат. Прополистин эң чоң өзгөчөлүгү бактерияны жок кыла алуу өзгөчөлүгү. Б.а. дүйнөдөгү эң күчтүү табыгий АНТИБИОТИК! Бул прополисти аарылар кайдан алышат? Аарылар дарактардын бүчүрлөрүндөгү желимдердин чайырларын алдыңкы жаактары менен чогултат. Аны өздөрүндөгү ферметтер менен арадлаштыруу аркылуу прополисти даярдашат. Андан кийин бул прополисти арткы буттарына жабыштырып, чогултуп алышат да бал челекти көздөй учушат. Бал челектеги сыртка чыгара албай койгон чоң таштандыларды ушул прополис менен жаап, сыртынан мумиялап салышат. Натыйжада бактериялар да тарабай калат.
Мынакей! Бал аарылардын таң калтырган, соңку доордун илим техникалары менен араң изилденип чыккан бир иш аракетине караңызчы!
Азыркы күндө адамзат үчүн эң чоң түйшүктөрдөн болгон таштанды маселесин кичинекей аарылар кантип оңой эле чечип коюп атат?
Бал челекте он миңдеген аарылар болгонуна карабай кантип оңой эле, башаламандык жаратпастан милдеттерин бөлүштүрүп алып жатышат.
Кайсыл аары кайсыл ишке жөндөмдүү экенин кайдан билип алып жатышат. Ар бир аары өз милдетин кантип билип жатат. Ким буларга бул милдеттерди берип жатат?
Жөнөкөй кичинекей ишканадагы милдет бөлүштүрүү жана персоналдарды башкаруу иштери ушунчалык оор. А бул акылсыз болгон аарылар кынтыксыз командалык иш аткарууну кантип ишке ашырып жатышат. Кантип ошол ашар системасын, группа болуп иштөө методикасын кемчиликсиз жүргүзүп жатышат.
Жогорку деңгээлдеги тазалоо жана мумиялоо иштерин кимден үйрөнүштү? Прополисти азыркы күндүн илимпоздору да тоук изилдей алышпай жатат. А аарылар бул прополисти кантип иштеп чыгып атышат.
Бал челектеги таштадыдан бактерия чыгаарын кайдан билип алып жатат бул акылсыз макулуктар.
Прополис менен бактерияларды жок кылуу иш аракетин ким үйрөттү буларга. Прополисти өндүрүү үчүн керек болгон химиялык билимди аарылар каяктан алышты. Бул илимди аларга ким үйрөттү. Ким?
Адамдын акылы да алсыздык кылган бул иш аракеттердин ээси акылсыз аары болуусу мүмкүн эмес. Бул суроого Курандан бир эле аят менен жооп берели:
“Эгең бал аарысына: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал”-деп илхам берди” (Нахл-68)
Аяттын башында “Ва авхаа” деген сөз вахий кылды, илхам кылды, буюрду деп которулууда. Бул сөз Аллахтын жардамы менен өзүнө пайдалуу болгондордон пайдаланып, а.э. зыяндуу болгондордон качуу, жашоосун уланта алуусу үчүн өзүнө керектүү жөндөмдөргө Аллахтын жардамы менен ээ болуу-деген маанилерди туюнтат. Демек Курандагы бир “Ва авхаа” сөзү ушунча маанини берип, биздин суроолорубузга бүтүндөй жооп берүүдө.
Демек Аллах бал аарысына бул жөндөмдөрдү илхам кылган экен. А бал аарысы болсо инсанга кызмат кылат экен. Алардын милдети ушул. А буларды уккан биз инсандардын эң чоң милдети эмне? Албетте милдетибиз Аллахка баш ийүү, моюн сунуу!!!

Видео Илимпоздорду таң калтырган аарынын иш аракеттери! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
9 ноября 2019 г. 18:13:20
00:05:21
Яндекс.Метрика