Загрузка страницы

Камераны ойлоп тапкан аалым Ибни Хайсам!

Ибни Хайсам. Оптиканы изилдеп, баалуу ачылыштар жасаганы үчүн “Оптиканын атасы”-деген наам беришкен. Камеранын иштөө принцибин алгачкы жолу түзгөн аалым. Ал өз доорунда эң эле күчтүү физик, астроном, математик, анатом, философ болгон.
965-жылы Иракта Басрада төрөлөт. Диний жана дүйнөлүк илимдерди ушул жерден алат. Ошол доордогу дүйнө жүзү боюнча илимдин жана маданияттын борборлорунан болгон Багдат, Дамаск, Каир шаарларына барып, илим алып, өзүн физика, математика, астрономия, медицина тармактарында өнүктүрдү. Басрада вазирлик кызматты да аркалайт. Бирок мамлекеттик кызмат анын илим изилдөөсүнө тоскоол болгондугу үчүн ал жумушту таштап, кайра өзүн илимге арнайт. Аны аты алыска чыга баштайт. Египеттеги Фатимилер мамлекетинин өкүмдары Ал Хаким Ибни Хайсамды Египетке чакыртат. Беринуй жана Ибн Сина менен замандаш болгон Ибни Хайсам өтө зээндүү, акылдуу, күчтүү логикалык ой жүгүртүүгө ээ болгон аалым эле. Аристотель жана Птомелейдин чгыгармаларын изилдеп, алардын каталарын таап чыгат. Медицина илимин да өтө терең изилдеди. Геометрия жана математика илимдерин курулушта кандай колдонсо боло турганыгынын практикалын негизин иштеп чыкты. Байыркы доорлордон бери калыптанып келе жаткан гипотезалык б.а. божомолдорго гана таянган илимий көз караштарга каршы өзүнүн логикага сыяарлык көз караштарын сунуштады. Мисалы Аристотель менен Птомелейдин ою боюнча ааламдын борбору жер шары эле. Ибни Хайсам бул көз караштын туура эмес экендигин айтып, “Ааламда дагы башка планеталар бар”-деп күн системасынын бар болгондугун айткан. Арадан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин Ибну Шатыр, Нуреддин Батружий андан кийин Ньютон, Кеплерлер Жер шары күн системасына кирет деп аныкташкан.
Ибни Хайсамга чейин илимпоздор адамдын көрүүсү-бул көздөн чыккан нурдун ошол көрүп аткан нерселерге чагылуусу аркылуу ишке ашат деп айтып келишкен. Бирок Ибни Хайсам бул көз карашка каршы чыгып: “Эгер көздөн чыккан нур аркылуу көрүү ишке ашканда анда жылдыздарды көрө лмак эмеспиз. Айрыкча көздөн эч бир булаксыз нур чыга бербейт. Көрүү-бул нурдун ошол биз көрүп аткан нерсеге келип тийип, андан чагылып биздин көзгө келүүсү аркылуу ишке ашат”-деген теориясын айтып, илимди дагы бир өтө чоң ачылыш жасаган.
Физикалык оптика, метеорологиялык оптика, катоптрия, диоптрия, көздүн физиологиялык абалы, психологиялык кабылдоо ж.б.у.с. тармактарда изилдөөлөрдү жасап, эмгектерди жазган. Анын эң эле атактуу медицина тармагындагы эмгеги “Китабул маназыр”б.а. “Оптика китеби, оптика казынасы”-аттуу китеби болуп саналат. Китепте көздүн анатомиясы жана физиологиясын, андан ары мээден чыккан көрүү сезиминин нерв системаларга чейин келүүсүн жана андан кийинки көзгө тиешелүү бүткүл элементтердин баарын сүрөттөйт. Бул эмгек адамзат үчүн өтө баалуу табылга болуп саналат.
Анын дагы бир адамзат тарыхында эң маанилүү ачылышы, камера, фотоаппарат, телескоптордун алгачкы пайдубалы болгон “Камера Обскура” т.а. “ ”. Эмне бул “Камера обскура”. Ал мындайча. Ибни Хайсам алгач чатыр куруп, анын бүткүл тешикчелерин жаап, ичин капкараңгы кылат. Кыйын күн тийип турган тарабынан кичинекей тешик ачат. Сырттагы көрүнүш тешик аркылуу чатырдын ичинде тескери болуп көрүнө баштайт. Мына ушул теориянын негизинде алгачкы камера, фотоаппарат, телескопторго кадамдар ташталат. Биздин оюбузда бул аппараттарды Голливуд же Европа ойлоп тапкан деп жүрөбүз. Жок тескерисинче алгачкы жана негизги иштөө принцибин өзүбүздүн эле мусулман аалым ойлоп тапкан экен. Эгер азыркы күндө жакшы элестерди видеого тартып, сүрөткө түшүрүп аткан болсок же болбосо алда канча алыста жаткан жылдыздарды көрө алып атсак, анда билели мында биз Ибни Хайсамга карыздарбыз.
Ушул жерден жүрөктү өйүгөн бир суроо туулат. Илимдеги көп ачылыштарды мусулман аалымдар ачкан болсо, эмне үчүн азыркы күндүн биз мусулмандары илим-техникада Европадан артта калдык?
Бул суроонун жообун Бедиуззаман “Рисале-и Нур” тафсиринде мындай деп кыска, нуска айтат:
“Европа дини менен жашаган кезде артта калган эле. Кийин динин таштап алар өнүгүп кетти. А биз мусулмандарда тескерисинче. Биз качан гана дин менен жашаган кезде аябагандай дүкүрөп өнүгөбүз, өсөбүз. Себеби Ислам дининде материалдык жана руханий жактан өнүгүүгө эң мыкты шарттар, ыкмалар бар. Буга далил катары орто кылымдардагы Андалузия дөөлөтүн (азыркы Испанияны) айта алабыз. ”-дейт. Чынында тарыхка бир кылчайсак мусулман аалымдар илимде дагы кандай улуу ачылыштарды жасаганын төкпөй чачпай айтып берет.

Видео Камераны ойлоп тапкан аалым Ибни Хайсам! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 февраля 2020 г. 20:12:19
00:06:13
Другие видео канала
Мусулман жана мусулман эмес болгон адамга мамимиле. Суроо-жооп. Шейх Чубак ажы 24 12 2015 Өзгөн шааМусулман жана мусулман эмес болгон адамга мамимиле. Суроо-жооп. Шейх Чубак ажы 24 12 2015 Өзгөн шааМухиддин Арабий ким?Мухиддин Арабий ким?Өмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙӨмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙИмам Абу Ханифа тууралуу. Жума баяны. Шейх Чубак ажы. 07 02 2020Имам Абу Ханифа тууралуу. Жума баяны. Шейх Чубак ажы. 07 02 2020СУРОО-ЖООП (толугу менен) Ноокат.Шейх Чубак ажы 12 08 2015СУРОО-ЖООП (толугу менен) Ноокат.Шейх Чубак ажы 12 08 2015Оорунун сырлары?Оорунун сырлары?Курандагы "Корголгон чатыр"-деген эмне?Курандагы "Корголгон чатыр"-деген эмне?Имам Бухарийдин сыры!Имам Бухарийдин сыры!Аллах жазалаган коом!Аллах жазалаган коом!Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?ИЛИМ АЛУУНУН ПАЗИЛЕТИ (мотивация) Шейх Чубак ажы.Чүй обл  Арашан айылы  Абдулла бин Аббас медресесиИЛИМ АЛУУНУН ПАЗИЛЕТИ (мотивация) Шейх Чубак ажы.Чүй обл Арашан айылы Абдулла бин Аббас медресесиАЙФОНДУ ойлоп тапкан СТИВ ДЖОБСДУН акыркы сөздөрү... Муну СӨЗСҮЗ УГУШУҢ керек!АЙФОНДУ ойлоп тапкан СТИВ ДЖОБСДУН акыркы сөздөрү... Муну СӨЗСҮЗ УГУШУҢ керек!АЛЛАХ ЭМНЕ УЧУН ТООЛОРДУ ЖАРАТТЫ...АЛЛАХ ЭМНЕ УЧУН ТООЛОРДУ ЖАРАТТЫ...МАВЛЯНА МУХАММАД ИЛЯС КАНДАХЛЕВИ КИМ?МАВЛЯНА МУХАММАД ИЛЯС КАНДАХЛЕВИ КИМ?Куранда нефть жөнүндө айтылганбы? (Илимий ролик)Куранда нефть жөнүндө айтылганбы? (Илимий ролик)МУСУЛМАНДАР ЭМНЕ ҮЧҮН АРТТА КАЛДЫ?МУСУЛМАНДАР ЭМНЕ ҮЧҮН АРТТА КАЛДЫ?Дельфиндер сүйлөй алышабы?Дельфиндер сүйлөй алышабы?Бадиуззаман тууралуу 4 сыр...Бадиуззаман тууралуу 4 сыр...Нобель сыйлыгына татыктуу аары!Нобель сыйлыгына татыктуу аары!Аллахты тааныткан АЛМА!Аллахты тааныткан АЛМА!
Яндекс.Метрика