Загрузка страницы

Миңдеген кишини мусулман кылган окуя!

1984-жыл. Америка. Дзюдо боюнча дүйнөлүк олимпиада болуп аткан. Финалга эки киши чыкмак. Биринчиси египеддик мусулман Мухаммад Али Ришван. А.э. экинчи киши япониялык Яшухиро Ямашито. Мурунку кармаш учурунда Ямашитонун оң бутунун булчуңдары олуттуу жаракат алган эле. бул анын басканынан эле байкалып турду. Ямашито килемге аксап басып чыкты. Көрүүчүлөр болсо жеңиш Мухаммад Али тарапта болооруна толук ишенип турушту. Айыгышкан кармаш башталды. Мухаммад Алинин машыктыруучусу тынбастан “Оң бутунан чал! Оң бутунан чал!”-деп кыйкырып жатты. Стоп! Мусулман Мухаммад Али кандай кылды деп ойлойсуз. Же болбосо сиз ошол Мухаммад Алинин ордунда болсоңуз эмне кылмаксыз. Элестетип көрүңүз, Дүйнөлүк чемпионатта чыгып жатсаңыз. Айыгышкан кармаш уланып жатты. Мухаммад Али машыктыруучусун, анан напсин угуп Ямашитонун оң бутуна бир эле тийип койсо Ямашито кулап калмак, натыйжада дүйнөнүн чемпиону болмок. Бирок Мухаммад Али андай кылган жок. Эч оң бутунан чалган жок. Жалаң гана Ямашитонун сол бутунан чапканга аракет кылып жатты. Атаандашынын майыптыгынан, алсыздыгынан пайдаланып кеткен жок! Ямашито да муну байкап турду. Мухаммад Али жалаң гана сол жактан чапканга аракет кылганы үчүн тактикалык жактан алдырып койду. Сол жактан чабам деп аткан кезде Мухаммад Али тең салмактуулугун жоготуп кулап калат. Натыйжада Ямашито Мухаммад Алини жеңип алды. Мухаммад Али дүйнөнүн чемпиону болбой калды!
Кармаштан кийин курчап турган журналисттердин таң калып сураган бир эле суроосу бар эле: “Эмне үчүн Ямашитонун оң бутунан чалган жоксуз!”-деген. Мухаммад Али болсо: “Менин диним башка бирөөлөргө зыян берүүгө тыюу салат. Ансыз деле араң турган спортчуну мен бутунан чаап салсам балким майып да болуп калмак. Медаль үчүн ага мындай мамиле кылгым келген жок!”-деп чыныгы эркектин, чыныгы мусулмандын жообун берет. Натыйжада Мухаммад Алинин мындай мамилесине баары таң калып, аны алкышташат. Ошол жылы ага “Жылдын эң адептүү спортчусу”-деген наам беришет.
Арадан көп өтпөй аны Японияга чакырышат. Аны кудум бир падышаны тосуп алгандай тосуп алып, сый мамиле көрсөтүшөт.
Окуянын кызык тарабына эми башталат. Ошол жылы миңдеген башка дин өкүлдөрү бул окуядан таасирденип Ислам динин кабыл кылышып, мусулман болушат. Мынакей. Бираз напсиге жаккан иштен алыстады, натыйжасы болсо миңдеген кишинин мусулман болушуна себеп болду.
Пайгамбарыбыз САВ: “Мен жакшы кулк-мүнөздү жайылтуу үчүн жиберилгемин”-деп айтат бир хадисинде. Дагы бир хадисинде “Дин бул-жакшы кулк-мүнөз”-деп айтат. Ооба! Бул сөздөр жашообуздун эң негизги жол башчысы боло турган сөздөр.
Рисале-и Нур тафсирдеринде болсо: “Эгер биз динибиздеги адеп ахлакты жана ыймандын акыйкаттарын жүрүш турушубуз менен көрсөтө алсак, башка диндин өкүлдөрү жамаат-жамаат болуп мусулман болушат. Атүгүл жер шарынын кээ бирки материктери, же мамлекеттери Ислам динин кабыл кылышат”-деп жазат Бедиуззаман.
Чынында тил менен айтылган насыйкатка караганда, абал менен, кыймыл аракет менен айтылган насыйкат алда канча жогору да, таасирдүү да. Эми биз азыркы күндүн мусулмандары өзүбүзгө бир суроо берип көрөлү. Муну айтып аткан мен да ушул суроону берип көрөйүн өзүмө. “Эй мен! Жүрүш турушуман, мамилемден башкалар Исламды кандай таанып атат. Элибизди кандай таанып атат. Мени көрүп “дин ушундай болсо, анда, кой кирбей эле коёлу мындай динге”-качып кетишпей элеби?” Чынында бул ар бирибизди ыйлата турган суроо. Коомдук жашоодо, жана коомдук социалдык тармактарда “баатыр”-болгонубузду бир эстейли. Эстеп эле тим болбостон оңолууга аракет кылалы!
Чыныгы баатырдык бирөөнү жыгып койгондукта эмес. Чыныгы баатыр, спортсмен бул-напсисин жеңе алган адам!

Видео Миңдеген кишини мусулман кылган окуя! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
14 сентября 2019 г. 17:30:10
00:05:00
Яндекс.Метрика