Жадидчилердин устаты-Тоголок Молдо
Кыргыз ССРнин илимдер академиясы. Илимпоздор жамааты чыдамсыздык менен өзгөчө бир коноктун келүүсүн күтүп жатышты. Аңгыча көп күттүрбөстөн бою кыска, тоголок жүздүү , жашы сексенди таяп калган, бетинен нуру төгүлгөн аксакал кирип келди. Колунда нечен жылдар бою чогулткан элдин руханий мурасын камтыган кол жазмалар бар эле. Дал ошол баа жеткис кагаздарды илимпоздорго өткөзүп бергени келген. Кол жазмалардын ичинде чоң жана кичи дастандар, элдик уламыштар, табышмактар, кошоктор, төкмө акындардын ырлары, жомоктор, тамсилдер, макал-лакаптар, үрп-адат, санжыра жана тарых боюнча маалыматтар бар эле. Анын ичинде өзү жатка билип, кагазга түшүрүлгөн 98 703 саптан турган “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчүлтигинен үзүндүлөр да орун алган. Мындан сырткары бир эле кыргызга гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнө таандык болгон дастандар да камтылган. 1936-1941 жылдар аралыгында бул карыя илимдер академиясынына улам каттап, кол жазмаларынын баарын өткөрүп берген. Ар тараптуу болгон бул киши ким болду деп ойлошуңуздар мүмкүн. Жамы кыргыз журту бул кишини Тоголок Молдо деген аты менен тааныйт.
Видео Жадидчилердин устаты-Тоголок Молдо канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Видео Жадидчилердин устаты-Тоголок Молдо канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Жаш мезгилинде ийгиликке жеткен мусулмандарАкыйкаттын жарчысы- Малкольм ИксЭрдоган жөөт башчысын ордуна койду!Чөл арстаны - Умар МухтарИзник (Никея) чебин алган кыргыздар, 1331-жылШейх Эдебалынын насаатыОсмон дөөлөтүн түптөгөндөр Манас атабыздын чоролорубу?Минбарыңды тургуз!Биз эмнеге жеңилдик?Дыйканды банкроттуктан куткарган падышаҮммөткө тете инсан - Абдурахман ас-СумайтИслам лидерлерин каралоо ыкмаларыМусулмандардын экономикалык күчүЧанаккале согушу, 1915-жылЭң мыкты исламий тасмаларТалас (Атлах) согушу, 751-жылЕвропанын колониалдык саясатыМамлекети куласа да милдетин токтотпогон аскер“Арстанбектен алп саптар”Аялың инстаграмга сурөтүн коёбу? Анда көр!