Загрузка страницы

Мамлекети куласа да милдетин токтотпогон аскер

Журналист Бардакчы даарат алып, эл арасынан мечиттин ичинен орун алат. Бирок мечитке кире бериш тепкичтерде бою 2 метрге жакын узун бойлуу, арыктап сөөгү эле калган, сакалдары аппак болгон, жүзүн сансыз тырыш баскан карыяны көрүп калат. Көпчүлүк ага маани деле бербесе да, жаш журналист кайра-кайра назарын бул кишиден бурбай тиктей берет. Картайса да, алсыраган колу менен мылтыгын бекем кармаган бул аксакалдын кийимдери өзү сымал эле бир топ эскирген эле. Көздөрүндө болсо көп жылдык кайгынын изи бардай. Жашы бир топко барса да, эл катары отурбастан, тик турган абалда таш сымал катып калгансыйт. Анын эскирип тытылган жана жамактан улам өңү-түсү белгисиз болгон кийиминен жаш тарыхчы карыянын үстүндөгү осмон аскерлеринин униформасы экендигин байкайт. Дароо аларды коштоп жүргөн гидтен: “Бул киши ким?” деп сурайт. Ал да: “Билбейм, акылдан азган бир жинди го дейм. Мен билгенден нечен жылдан бери күн сайын эртеден кечке ушул мечитти кайтарат. Таң эрте келип, күн батканда кетет. Эч ким менен сүйлөшпөйт да, кулак да салбайт, таш сымал катып турат” деп жооп берет.

Видео Мамлекети куласа да милдетин токтотпогон аскер канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
27 февраля 2021 г. 21:45:17
00:09:31
Яндекс.Метрика