Минбарыңды тургуз!
1099 жыл. Кудус крестүүлөрдүн өкүм алдына өткөн жыл. Крестүүлөр шаар ичиндеги бир да мусулманды аяган эмес, баары шейит болгон. Мусулмандардын ибадатканалары аткана,чиркөө жана шарап ичип, көңүл ачуучу жайларга айланган.
Ошол мезгилде Багдад шаарында бир жыгач уста жашаган экен. Ал жөнөкөй жыгач уста эмес эле. Эл катары өз тирилигин гана ойлобостон, жалпы мусулмандардын оор абалына ичтен кейип, канткенде кайра мусулмандар мурункудай дөөлөттүү болот деген кам менен жашачу. Бул маселеде бир гана үшкүрүнүп, абалыбызга кейип , отуруп алуу аздык кылат, жеке мен Кудус үчүн эмне кыла алам деп күнү-түнү ойлонду. “Учурда жеке менин колумдан эмне келет? Жыгач уста болгон соң, Кудус үчүн эң мыкты минбарды жасаймын”,- деп чечет. Көптөгөн жылдар бою эмгектенип, өмүрүнүн аягында кооздугу эл арасында ооздон оозго дастан сымал айтылган көз жоосун алган бир минбарды жасап бүтүрөт. Минбар жаңгактан оюлуп, пил сөөгү менен кооздолгон. 10 000ден ашуун жыгач бөлүктөрү мыксыз бир-бирине кыналган экен.
Канчалаган падышалар, байлар өз шаарларындагы мечиттерге бул минбарды коюу үчүн жыгач устадан сатууну өтүнүшөт, бирок ал “Бул минбар жалгыз гана аль-Акса мечитине орнотулат” деп эч кимге сатпай коет. Адамдар таң калып: “ Укмуш, эң сонун минбар жасадың, бирок муну сен айткандай Кудустагы Акса мечитине ким орнотот? Мечит биздин колубузда эмес да, христиандардын өкүм астында го...?” деген суроо менен түйшөлтөт.
Муну уккан уста: “ Мен милдетимди аткардым. Колумдан жыгач усталык гана келет. Кудус үчүн эң мыктысын жылдар бою эмгектенип, жасадым. Албетте бир күн келип, арабыздан бир аскер башчы чыгып, бул минбарды ал мечитке сөзсүз орнотот деп терең ишенем”.
Видео Минбарыңды тургуз! канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Мамлекети куласа да милдетин токтотпогон аскерТуран биримдиги деген эмне?Ассасиндердин ана-башчысы Хасан СаббахОсмон дөөлөтүн түптөгөндөр Манас атабыздын чоролорубу?Биз эмнеге жеңилдик?Жаш мезгилинде ийгиликке жеткен мусулмандарАмерикалык мусулмандардын башчысы- Зумби дос ПалмаресММА, UFCнин чыныгы жүзү!КТО ТАКОЙ САЛАХ АД-ДИН (САЛАДИН) ???Эң мыкты исламий тасмаларГоливуддагы мусулман режиссер- Мустафа АккадТаң калтырган Ислам маданиятыАкыйкаттын жарчысы- Малкольм ИксТалаа арстаны- Жалалиддин ХарезмшахКыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!Өз үйүндө өгөйлөнгөн эне тилШейх Эдебалынын насаатыЧөл арстаны - Умар МухтарМусулмандардын Европалык капитаны, Баатр команданы Жак Варабей жөнүндө билесизби?