Загрузка страницы

Төрөбай Кулатов

Төрөбай Кулатов саясий карьерасын Сталиндин мезгилинен баштап, Брежневдин убагында аяктады. Дээрлик 50 жылдай өмүрүн элдин кызматына арнады. Ал кыргыз саясатындагы “рекордсмен” деген атка конгон жападан жалгыз жетекчи.. Тагыраагы, СССРдин тарыхындагы Кыргыз Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болуп 33 жыл кызмат кылды. Ошол учурдагы СССРдин Президиум төрагаларынын арасынан “Ленин” орденине 5 жолу, “Эмгек Кызыл Туу” орденине 4 жолу ээ болгон жалгыз төрага болду.. 9 жолу СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советининин депутаттыгына шайланды. Тирүү кезинде эле элдин өзгөчө урмат-сыйына, “легендарлуу төрага”, “Төрөбай аксакал” деген мактоолорго татыктуу болду. Советтик Кыргызстандын жетекчилеринин бардыгы бул кишини “акылман кеңешчи Бакайдай” көрүп, урматтап турушчу. Бир эле Кыргызстанда эмес, Советтер Союзунда, Москвада, атүгүл Кремль сарайында Төрөбай Кулатовдун кадыры, даражасы жогору болчу. СССРдин чет мамлекеттериндеги көп сапарларына делегация башчылык кылып, өзүнүн аксакалдык мартабасы менен көптү таңдандырып турган.

Видео Төрөбай Кулатов канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
25 февраля 2024 г. 20:00:10
00:14:02
Яндекс.Метрика