Загрузка страницы

Кыргыз тили жоголобу? же оңолобу?

1989-жылдын 23-сентябрь күнү “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили” жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ага ылайык мындан ары Кыргызстандын мамлекеттик тили кыргыз тили деп жарыяланган. Башка совет республикалары да биринин артынан бири өз эне тилине мамлекеттик макам берип жаткан учур эле. Көп өтпөй 70-жылдык динсиз советтик режим да кулады.Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетүүсүндө биринчи жеңиш катары бааланган кыргыз тилинин статусу канчалык маанилүү экендигин баяндап бермекчибиз.
ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ
Кыргыз эли көчмөн эл болуп, ар дайым жер которуп жүргөнү үчүн өзүнүн руханий байлыгын көпчүлүк учурда китеп бетине түшүргөн эмес. Бирок ошол эле учурда жазма маданиятыбыз ар дайым болгондугуна тарых күбө. Ата-бабаларыбыз алгач көк түрк , андан соң он кылым бою араб арибин колдонуп келишкен. Көпчүлүк учурда китептин функциясын тил аткарган. Анткени бүткүл каада-салт жана маданиятыбыз, санжыра жана тарыхыбыз, дастандар жана башка жан дүйнө баалулуктарыбыз тил аркылуу оозеки муундан муунга өтүп келген. Эзелтеден кыргыздар үчүн кыргыз тили өз нукуралуулугун сактап турчу калкан, жана улуттун өзөгү болуп саналган.

Видео Кыргыз тили жоголобу? же оңолобу? канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 сентября 2023 г. 20:00:07
00:25:22
Яндекс.Метрика