Загрузка страницы

Ата-Бейит кайгысы

1991-жыл. Бишкек шаарынын өйдө жагындагы Чоң-Таш айылында эски кыш бышырган очоктун чуңкурунан 138 кишинин баш сөөгү табылат. Булар сталиндик адилетсиз репрессиянын курмандыктары эле. Баш сөөктөрдө октон пайда болгон тешиктер бар эле. Кээ бирлерин тешип чыгып кеткен болсо, кээ бирлеринин ичинде ок калып кеткен. Аймак “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине айланат. Бул жерден табылган инсандардын арасында 20-30-жылдардын айдыңдары интелигенттери, кыргыздын мамлекеттик, саясий, маданий, коомдук жана илимий каймактары – Касым Тыныстан уулу, Жусуп Абдрахман уулу, Баялы Исаке уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Жээнбай уулу Хасан, Эркинбек Эсенаман уулу, Салих уулу Мурат, Султанкул Шамурза уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу, Айдарбек уулу Иманаалы өңдүү инсандар бар эле. Булардын баары «эл душманы» деген жалган жалаанынын артынан курман болгондор эле. Эмне үчүн?

Видео Ата-Бейит кайгысы канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
5 мая 2024 г. 20:30:06
00:14:49
Яндекс.Метрика