Загрузка страницы

СУЛТАН БАЙБАРС – КУЛЧУЛУКТАН СУЛТАНДЫКА ЖЕТКЕН ПАДЫША!

1260-жыл. Рукнеддин Байбарс аль Бундуктари Айнжалут согушунда акылга келбеген тактика менен жеңилгис деп эсептелген моңголдорду жеңип салды. Артынан чоң ордонун баштап Кахирага, Каирге кирди. Мындан жыйырма жыл мурун кул базарда сатылып, Мисирге, Египетке келген өспүрүм тездик менен карьеранын баскычтарын басып өтүп, бир учурлар Фараондордун өкүм сүргөн жерлердин жалгыз өкүмдарына айланган. Аюбийлер түзгөн Калатул Жабалда такка чыкканда колунда миңдеген душмандардын каны менен бирге өзүнөн мурунку эки султандын да каны бар эле. Аны такка алып келген кууш жолдор жана тайгак кечүүлөр кандуу күрөштүн алгачкы ашуулары эле. Болгону анын дастандуу окуясы Калатул Жабалдан аябай узактарда, илгерки кыргыздар жердеген кең талааларда башталган. Ооба сүйүктүү көрөөрмандар, кээде сыймыктануу үчүн өз тарыхыңды жана ата бабаларыңды билүү да керек болот. Мысыр менен бизди туристтик же студенттик билеттер эле бириктирбейт. Тарыхтын даңазалуу инсаны - султан Байбарс да бириктирип турат.

Видео СУЛТАН БАЙБАРС – КУЛЧУЛУКТАН СУЛТАНДЫКА ЖЕТКЕН ПАДЫША! канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
29 октября 2023 г. 20:00:09
00:28:47
Яндекс.Метрика