Загрузка...

Кошокту той ырына айлантышты!

Кошок кантип той ырына айланды?
Ар бир элдин арасында аябай атактуу болуп жайылган той ырлары болот. Ар бир тойлордо бул ырларга чогулган эл жерди тешкенче секирип бийлешет. Мисалга алсак “Каргалар учса карайлы” деген ыр боордош Өзбекстанда аябай атактуу болуп, бул ыр менен далай тойлор өтүп, ошол ыр менен далайларынын никеси кыйылды. Өзбек боордоштор бул ырдын тарыхын, маани-маңызын билбесетен оюн-күлкү ыры катары пайдаланып келишти. Атактуу Ялла ансамблиндеги Фарух Закиров деген агабыз бул ырды сахнада бийчилер менен биргеликте катыра аткарды. Атүгүл “Хандалак” атуу тамашалык скетч шоу программасы тартылып, ушул ыр колдонулуп жүрдү. Ошол эле кезде бул күлкү берүүсүнүн аты да ырдын ичиндеги “Хандалак” деген б.а. “Андалек” деген сөздөн улам коюлган. Аталган берүү балким дал ушул ырдагы “андалек” деген сөздөн улам коюлуп калгандыр. Анткени жогорудагы ыр - аталган берүү үчүн аталып жазылган эмес. Бул ыр, бул ырды ырдап чыккандардын аталары, а балким чоң аталары да төрөлө электе чыккан. Ыр деп атоо да адепсиздик, уят. Чынында бул ыр эмес кошок. Өлө секирип бийлей турган шайыр ыр эмес, тескерисинче сай сөөк сыздата турган муңдуу арман казалы. Бул кыргыз менен өзбектин бабаларынын муңдуу тарыхы. Дал ушундай элдин күйүтүн камтыган кошок, кантип жер тепкилетип бийлеткен той ырына айлангандыгы кызык? Бугүн аны сиздерге айтып беребиз. Жакаңызды карманганга да даяр туруңуз… Себеби алдыда болуп көрбөгөндөй аёсуз мыкаачылыкты, бир элди маңкуртташтыруунун тарыхын айтып бермекчибиз!

Видео Кошокту той ырына айлантышты! канала ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Яндекс.Метрика
Все заметки Новая заметка Страницу в заметки
Страницу в закладки Мои закладки
На информационно-развлекательном портале SALDA.WS применяются cookie-файлы. Нажимая кнопку Принять, вы подтверждаете свое согласие на их использование.
О CookiesНапомнить позжеПринять