Загрузка страницы

Сел, жер титирөө, апааттар эмне үчүн болууда?!

Дүйнөдө толтура жаратылыш кырсыктары жүзөгө ашты дүйнөдө кыска убакыттын эле ичинде.
Бул апааттардын алдында алсыз болгон адамда суроо туулат? Эмне үчүн мындай кырсыктар болуп жатат. Эмне үчүн адамзатка балээлер жаап жатат? Бул жүрөк өйүгөн суроолордун жообун Рисале-и Нур чыгармаларында кеңири түрдө берген Бедиуззаман. Биз ал жерден кыскача бир таризде алып карап көрөлү. Жообу кызык болсо видеону аягына чейин көрүңүз. Анда кеттик!
Каффаратуззунуб! Бул биз инсандар, айрыкча мусулмандар билип-билбей кылган күнөөлөрүбүз үчүн бул дүйнөдө жазалануубуз! Б.а. Аллахтын каары, ошол эле кезде мээрими! Адамзат түшкө кирбеген күнөөлөрдө кылып калдык. Күн өткөн сайын бул күнөөлөр биз мусулмандар үчүн да нормалдуу көрүнүп калды. Ушул жерде Аллах Таала күнөөлөрүбүздү кечирүү, жеңилдетүү үчүн тиги дүйнөнүн азабына салыштырмалуу өтө жеңил жаза менен бизди тазалап жатат. Тиги дүйнөгө жетпей эле, бул дүйнөдө жазаны өтөө чынында Аллахтын мээримдүүлүгү эмеспи. Ушул жерден кайра эле суроо туулат: “Балээлер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болгон жаза болсо, анда эмне үчүн өтө көп күнөөлөрү болгон батыштыктар эле эмес, күнөөсүз же күнөөсү аз болгон мусулмандар атүгүл жаш балдар да бул балээлерге кириптер болууда?”
Биринчиден Аллах Таала биз жогоруда айткандай мусулмандарды бул дүйнөдө эле жазаланып, акыретке таза кетүүбүздү каалап жатат. А.э. батыштыктардын кээ бирлеринин күнөөсү ушунчалык чоң болгондуктан бул дүйнөдөгү эч бир жаза ал күнөөлөрдү жууй албай калат. Натыйжада ал күнөөнүн жазалары акыретке калтырылат. Мисалы биздин аталарыбызды да кошуп миллиондогон адамды өлтүргөн Сталинди бул дүйнөнүн жазасынын кайсы түрү анын күнөөсүнө ылайык жаза бере алат? Дүйнөдө андай жазанын түрү жок. Демек кичинекей кылмыштар айыл аймагында, балким аксакалдар соту аркылуу эле чечилсе а.э. чоң кылмыштар республикалык атүгүл Эл Аралык деңгээлдеги соттор аркылуу каралат, жазаланат. Ошол сыяктуу эле каапырлардын жазасын да чоң сот, акырет соту карайт, жазалайт.
Экинчиден бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Эгер бүт эле кырсыктар кааапырлардын башына келип, мусулмандарга бир да балээ келбей жүрө беришсе, анда сыноо акылмандуулугу болбой калмак. Бүт баары сыноосуз, сынаксыз эле мажбур динге кирип кетишмек. Негизи сыноо аркылуу гана адамзаттын чыныгы маңызы, касиети ачылууда. Сыноо болгон үчүн Абу Бакр РА менен Абу Жахилдин ортосундагы айырмачылык, деңгээл билинүүдө.
Мусулмандардын ичинен каза болгондор шейит өкүмүндө болушат. Ал эми мал мүлкүнөн зыян тартса анысы садака өкүмүндө кетет.
Ыйык Куранда Аллах Таала “Бир гана ичиңерден зулумдук кылгандарга гана тийип эле калбаган бир финтнадан сактангыла жана билгиле Аллахтын жазасы катуу (Анфал сүрөсү 25)” Аяттын айтуусу боюнча балээ бир гана залимдерге гана келбестен, күнөөсүздөргө да келет экен. Бул жерден да ушуну байкасак болот. Кээде биз мусулмандар кайдыгерликтен же жалкоолуктан болуп жаткан адилетсиздик, күнөө иштерге көз жумуп коебуз. Же болбосо тарапкер да болуп жиберебиз. Ошол учурда келген балээ күнөө ээлерине эле келбестен тырнакча ичинде “күнөөсүз”-деп аталгандарга да келет. Мусулман коому кээде диндин эрежелерин Куранга жана сүннөткө ылайыктап карманбай, тескерисинче жеке напсине ылайыктап кармана баштаганда, мусулмандын эң негизги илдеттеринен болгон өз ыйманын куткаруу, ошол эле кезде башкасынын ыйманынын куткарылышына аракет кылуу деген максаттан алыстаганда, жеке өзүн мактап, элге атактуу кылуу, жалкоолук, кайдыгерлик деген сыяктуу руханий оорулар менен ооруган кезде заалымдарга келген балээ мусулмандарга да тийет. Кемени тешкенге аракет кылып аткан адамды токтотуу бүтүндөй кемедегилердин милдети эмеспи. Себеби жазасы ошол тешип жаткан кишиге эле тийип калбастан баарына тарайт. “Садака балээни жок кылат”-деп айтат Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде. Балээ келе элек, тынч, бейпил жашоо учурунда Аллахты көп эстеген, акчалай болсун, убактысы менен болсун, аракети-эмгеги менен болсун көп садака кылган-бул чыныгы мусулмандын иши!
Учурда көпчүлүктү кыжаалат кылган, бирок ошол эле кезде сыртынан байкалбаган бирок өтө көп пайдаларды алып келген бул вирус окуялары да бир күнү бүтүндөй жок болот иншаллах. Бирок ал Аллахтын сыноосу бүтпөйт ушуну эч качан унутпайлы. Эң негизгиси вирус учурунда коркуп кылган дубаларыбызды, абалыбызды эч унутпай, эске сактообуз керек. Кыйынчылыка туш келгенде гана Аллахты эстей калбастан жыргалчылык убакытта да Аллахты эстейли!

Видео Сел, жер титирөө, апааттар эмне үчүн болууда?! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
17 мая 2020 г. 19:00:09
00:07:01
Яндекс.Метрика