Загрузка страницы

Жираф Аллахты таанытабы?

Жираф. Жаныбарлардын эң узун бойлуусу. Бою 5-6 метрге жетет. Салмагы болсо 1.5 тонна. Ал дарактын тээ учундагы жалбырактарды жеп азыктанат. Ал оттоп аткан кезде чайнабай эле жута берет. Төрт ашказаны бар. Ал жуткан азыктар ашказанынын бирөөсүнө чогула берет. Кийинчерээк ал тамак узун моюну аркылуу өйдө көтөрүлүп оозуна келет да аны жираф чайнап кайра жутат. Бул жолкусун азык экинчи ашказанына түшөт. Таң калыштуусу ашказандагы тамак оозго келиш үчүн 3-4 метрлик узун моюну менен өёдө карай көтөрүлүш керек. Бул иш-аракет жирафтын моюнундагы лифтке окшош кызматты аткарган система аркылуу ишке ашат.
Жирафтын тилинин узундугу 50 см. Бул анын жалбырактарды кармап, үзүп кайра оозуна салууда жардам берет. Атүгүл ал тили менен кулагын да чукуй алат. Тилинин териси катуу болуп, сыртында түкчөлөр жайгашкан. Бул болсо жирафтын негизги азыгы болгон тикендүү акация дарагынын жалбырактарын жана кактустарды кыйналбастан жегенге жардам берет. А эмне үчүн тили кара? Себеби кара түс мээ кайнаткан күндүн ысыгынан коргойт.
Жирафтын бою узун болгондугу үчүн ал башын ийгенде кан басым да жогорулайт. Эгер бул басым адамда ишке ашканда мээнин кан тамырлары жарылып кетип, адам заматта өлүп калмак. Бирок жираф башын ылдый кылган кезде мээсине кан куюлбайт. Себеби анын баш жагындагы кан тамырлардын ичинде атайын мехинизм бар. Ал механизмдин жардамы менен башын ылдый кылган кезде кан башка азыраак өтө баштайт.
Жирафтын жүрөгү 12 кг. 6 метр бийикте турган мээсине канды жеткизиш үчүн ушундай чоң жүрөк болушу керек. Анын жүрөгү бир мүнөттө 50 литрге чейин канды айландырып 150-170 жолу согот.
Жирафтар бири-бири менен 20 Гцтен ылдый жыштыкта сүйлөшкөндүктөн алардын үнүн кулагыбыз укпайт. Жирафта бул сыяктуу дагы өтө көп сырлар жана акыйкаттар бекитилген.
Мынакей оо менин бир тууганым! Кооз макулук болгон жирафты карап туруп ушундай суроо келет.
“Жирафка бул өзгөчөлүктөрдү ким берди?”
Табиятбы? Акылсыз болгон бир система адамдын акылы да араң жетип аткан, кээ бирки жерлерде адамдын акылы да жетпеген бир системаны кантип жарата алсын?
Өзүнөн-өзү да болушу мүмкүн эмес. Азыркы күндүн өнүккөн илим техникасы, илимдүү инженерлери да биргелешип жасай албай жаткан жирафтагы өтө жөнөкөй система кантип өзүнөн-өзү болуп калсын?
Лифт сыктуу болгон моюнундагы системаны караңызчы. Жөнөкөй эле имараттагы лифтти жасоо үчүн жана аны иштетүү үчүн лифттин тилин билген уста керек болуп жатса а бул жирафтын моюнундагы система кантип пайда болуп калды? Демек жирафты жараткан зат ага ылайык ушул системаны берген. Тилинин узундугу жана катуулугу, жүрөгүнүн чоңдугу бул жирафтын муктаждыгына жараша жаратылган.
Демек мунун баарын Чебер болгон Аллах Таала жаратып башкарып турат. Мындан башка кубулуш бул кооз системага эч таасир эте албайт. Мисалга алсак Аллах Таала жирафтын ырыскысын тээ дарактын башына жайгаштырып койгон. Ошого жараша жирафка ырыскысына жете турганчалык бой берип койгон. Элестетиңиз. Жирафтын ырыскысын дарактын башына жайгаштырып а.э. жирафтын боюн бегемоттукундай кылып койгондо адилетсиздик болуп калмак. Аллах Адилеттүү зат болгондуктан жирафтын муктаждыгына жараша бой берген. Ошол эле катуу узун тили. Жираф жалаң тикендүү жалбырак жегендиктен ага катуу узун тил берген Аллах. Бул да болсо Аллахтын Мээримдүүлүгү. Эгер анын тили жумшак болгондо ал азыктана албай кыйналмак. Кыскасы булардын баары Чебер болгон Аллах Тааланын барлдыгын жана бирлигин далилдеп турат.
Бул айтылган акыйкаттарды ааламдагы бүткүл жандыктарга да салыштырып көрсөк болот. Чынында бүткүл жандыктар, өсүмдүктөр, дегеле жаратылыш өзүнүн уникалдуулугу менен, кооздугу менен, акылмандуулугу менен Аллах Тааланы далилдеп көрсөтүп турат. Биздин милдет болсо аларды карап Аллах Тааланын Чеберчилигине, Мээримдүүлүгүнө суктанып, Аны Аллах Тааланы Ысым-Сыпаттары аркылуу таанып билүү.

Видео Жираф Аллахты таанытабы? канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
29 августа 2020 г. 19:00:11
00:05:46
Яндекс.Метрика