Загрузка страницы

Аллахты тааныткан АЛМА!

Алманын 80% пайызы суудан, беш алты пайызы шекерден, калганы белоктордон, бизге пайдалуу минералдардан турган, адам үчүн өтө пайдалуу болгон мөмө. Көзгө, чачка, тырнака териге пайдасы көп. Иммундук системаны жакшыртып, тамак сиңирүүсүн жөнгө салат. Бөйрөккө таш туруунун алдын алуу менен бирге, нерв жана кан тамырлардын жакшы иштөөсүнө жардам берет. Изилдөөлөрдүн натыйжасында алма ашказан жана өпкө рагынын алдын алаары да белгилүү болгон. Алмада өзгөчө болгон минералдык зат бул темир болот. Алмадагы темирге адам баласы өтө муктаж. Себеби темир адамдын денесинде көбүнчө жүк ташуучу кызматты аткарат. Темир кандагы гемоглабиндин ичинде жайгашкан башкача айтканда, гемоглабиндин мүчөсү өзөгү катары десек да жаңылышпайбыз. Ал гемоглабин аркылуу клеткага керектүү заттарды жеткизет. Ошол эле кезде дем алуу системасында кычкылтекти ташуучу кызматты аткарат. Биз бул роликти көрүп жаткан кезде эле гемоглабиниздеги темир канча жолу кычкылтекти ташыды кабарыбыз да жок. Алманын мындан сырткары дагы өтө көп пайдалары бар. Анын курамындагы ар кандай витамин, минералдар биз үчүн керектүү, пайдалуу. Ушул жерден суроо пайда болот. Алмадагы бул инсан үчүн пайдалуу болгон элементтер, витаминдер, минералдык заттар кайдан келди. Алма буларды кайдан алды. Жыгачтанбы, же топурактанбы? Келиңиздер карап көрөлү анда.
Топурак же жер - Ак топурак, кара топурак т.а. көң жана таш кумдан турат. Ак топурак көбүнчө минералдардан, туздардан жана оксиддерден турат. Кара топурак органикалык чириндилер. Таш кум кремний оксидден жана башка металл оксиддеринен турат.
Алма илинип турган бутак болсо бул биз билген кадимки жыгач.
Алманын курамындагы пайдалуу азыктардын кээ бирлери топуракта болгону менен биз үчүн колдонууга жараксыз. Мисалы темир топуракта бар болгону менен биз аны түз алып азыктана албайбыз. Себеби ал азыктардын даамы жагымсыз болуп, атүгүл кайра бизге зыяны тийип калышы мүмкүн. Ал качан гана алма аркылуу биздин организмге киргенде гана биз үчүн пайдалуу болууда. А шекер болсо топуракта жок. Алмада болсо бар болууда. Топуракта алмадагыдай жагымдуу жыт жана аромат даам да жок. А алмада бар болууда. Булар кантип алмада пайда болуп калууда. Топурактагы биз түз пайдаланганда бизге зыян болгон азыктар кантип алма аркылуу бизге пайдалуу болуп калууда. Көр табият алманы биз үчүн жагымдуу же пайдалуу бир абалга алып келдиби? Же алма өзүнөн-өзү ушундай абалга келип калдыбы. Албетте бул окшотуулар кулкүлүү. Ошол эле кезде бир эле топурактан түрдүү-түрдүү алманын түрлөрү пайда болууда. Алардын ар биринин өзгөчө өзүнө таандык болгон касиеттери бар болууда. Ар бири ар башка касиетке, азыка бай болгон дагы миңдеген өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер пайда болууда жансыз топурактан. Албетте бул кубулуштардын артында Аллах Тааланын Чеберчилиги, Мээрими көрүнүүдө.
Алманын формасы, түсү жыты биз үчүн ыңгайлуу, жагымдуу жаратылган. Мисалы формасы дарбыздай болуп калса, тээ дарактын башындагы алма биз үчүн кооптуу болуп калмак. Же болбосо түсү кара болуп калганда бизди өзүнө тарта албай, жагымсыз көрүнүп калмак. Сырткы текстурасы да жылмакай болуп, кооз көрүнөт. Эгер сырты таш сыяктуу одоно болгондо балким биз жебей коймокпуз алманы. Же болбосо жыты. Жыты да укмуш. Эгер алманын жыты жагымсыз болгондо адам андан качып калмак. Демек мунун баарын Аллах биз үчүн жараткан. Жаратууда да биздин табитке, организмге ылайыктап жараткан. Демек адамды жараткан Зат, алманы да жаратууда. Алманы жараткан Зат адамды жаратууда. Себеби бул эки жаратык бири-бири менен тил табыша алууда. Бири-бирине ылайык келүүдө. Аллах биздин оргназмдин муктаждыктарын билгендиги үчүн алманын курамына жана башка мөмө-жемиштердин курамына койгондой эле азыктарды, витаминдерди, минералдарды коюуда. Ошол эле кезде алма көпчүлүк жерде өсө алат. Климатты башка өсүмдүктөрдөй тандабайт. Бул да болсо Аллахтын Мээримдүүлүгү.
Адам жасаган даарылар көбүнчө жагымсыз жана бир тараптуу эле пайда алып келиши мүмкүн. Алмада болсо көптөгөн даарылар бир жерде топтолгон. Ар бир элементтерден кылдаттык менен алынып, өз өлчөмү менен бириктирилген. Бул да болсо Аллахтын Чеберчилигин далилдеп турат.
Бир эле алманын пайда болуусу үчүн көптөгөн шекер, белок, минерал, витамин фабрикалары керек болот. Бул өтө татаал процесс бир бутак аркылуу эле жасалып жатат. Т.а. Аллах бир жыгачтан бизге ушундай өтө кооз бир системаын берип койду.
Албетте алмадан зыян көргөндөр да бар. Алар болсо туура эмес пайдалангандыгы үчүн бул зыянга дуушар болушууда.
Чынында ар бир жаратыкты караганда Аллахтын улуу чыгармасы деп карасак ошондо гана жаратылуудагы чыныгы маңызын, маанисин көрө алабыз.
“Аллах силер үчүн суу аркылуу эгин, зайтун, курма дарактарын, жүзүмдөр жана бардык мөмөлөрдү өстүрөт. Дал мына ушунда түшүнө турган коомдор үчүн чоң белгилер бар.(Нахл сүрөсү 11-аят)”-

Видео Аллахты тааныткан АЛМА! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
20 июня 2020 г. 20:35:25
00:07:42
Яндекс.Метрика