Загрузка страницы

Окумуштуулар чиркейден сабак алды!

Айланага, ааламга көз чаптырып карап көрөлү. Ар бир жаратыктын өзүнө ылайыктуу максаты, пайдасы жана натыйжасы бар болгондугун көрөбүз. Баары акылмандуулук менен, тартиптештирилген. Эч бир жаратык пайдасыз, жөн эле жаратылып калган эмес. Ар бир жаратыкта улуу бир чеберчиликти, көркөмдүүлүктү, кооздукту көрө алабыз. Бул кооз акылмандуу, пайдалуу жаратыктар албетте өзүнөн өзү болуп калган эмес. Бул улуу чыгармаларды акылсыз, көр болгон табият да албетте жарата албайт. Бул жаратыктардын баары өзүнүн кооздугу менен, акылмандуулугу менен бир жаратуучусун, ээсин көрсөтүп турат. Т.а. Чебер болгон Акылмандуу Аллах Тааланы далилдеп турат.
Чиркей! 3600дөй түрү бар. Кичинекей болгон, учканда кыңылдаган үнү араң эле угулган жаныбар. Баарыбыз аны жаман көрөбүз. Ушул биз жаман көргөн, кичинекей жаратык Аллахты таанытып, бизге өтө чоң акыйкатты өзүнүн кыңылдаган үнү менен айтып атканын укпай жатабыз аттиң! Келиңиздер! Ал чиркей бизге эмне болгон акыйкатты кыңылдап жатат экен карап көрөлү.
Чиркей жылуулукту өтө жакшы сезе алат. Өтө күчтүү температура көрсөткүчү менен жабдылган. Миң градустук өлчөмдөн бир эле градус өзгөрсө да сезе алат. Бул сезими менен караңгы жерде болсо да кан тамырды таба алат. Кан тамырды тапкан соң алгач түтүкчөсүн колдонот. Бул түтүкчөнүн ичинде алты өтө курч ийне болот. Бул алты ийненин экөөсүндө атайын араа болот. Анын жардамы менен чиркей терини аралап тешет. Кийинки эки ийне болсо тешилген терини ачып, жабылбай тургандай кылып кармап турат. Бир ийнеси менен тамырды таап, ал аркылуу канды ичет. Ушул жерде чиркей үчүн бир тоскоолдук бар негизи. Адамдын организми да өтө кереметтүү жаратылган эмеспи. Тери кесилген же тешилген кезде ошол жердин каны коюулашып, кан агууга тоскоол болот. Бирок чиркей үчүн бул тоскоолдук эмес. Себеби ал алтынчы ийнеси аркылуу тамырга атайын белок куят. Ал белок кандын коюулашып кетүүсүн токтотуп, суюк абалда кармайт. Ошол эле кезде бул белок ооруну сездирбей турган, анестезиялык касиетке ээ. Чиркей чаккандан кийинки теридеги шишикче жана кычышуу да ушул белоктун айынан болот.
Азыркы күндө АКШнын Огайо университетинин окумуштуулары чиркей чакып атканда колдонгон белогун изилдеп чыгышып ушул жыйынтыка келишти. Демек биз адамдар да чиркейдин ийнеси сыяктуу шприц иштеп чыксак болот! Ал шприцтин иштөө системасы кудум чиркейдин ийнесиндей эле болот. Шприцтин да эки түтүкчөсү болуп, сайган кезде бирөөсүнөн атайын ооруну сездирбөөчү суюктук бөлүнүп чыгат. А.э. экинчи түтүкчөдөн болсо дары куюлуп натыйжада пациент ооруну сезбей калат. Окумуштуулар мындай шприцти ойлоп табуу толук мүмкүн экенидигин баса белгилешкен.
Мынакей! 21-кылымдын өнүккөн илим-техникасы жасай албаган бир иш-аракетти акылсыз чиркей кантип жасай алды. Же болбосо окшошун эле жасаш ошончолук кыйын болгон бир система кантип өзүнөн-өзү болуп калды.
А чиркейге ошол жөндөмдү ким берди. Ким чиркейге чеберчилик менен кан соруу илимин үйрөттү. Бул таң калыштуу системаларга карап туруп, булардын Жаратуучусу, Устасы-Чебер болгон Аллах Таала дебеске айла калбайт.
Мындай улуу акыйкаттарды көргөн биздин милдетибиз кандай? Албетте Тафаккур кылып, Аллах кооз жаратыктарына карап Аллахтын чеберчилигине таңдануу, суктануу. Албетте муну аткара алуу үчүн алгач жан дүйнө, рух азыгын толук кандуу ала алышыбыз керек.

Видео Окумуштуулар чиркейден сабак алды! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
26 октября 2019 г. 17:46:01
00:04:28
Яндекс.Метрика