Загрузка страницы

Пайгамбарыбыз САВ төрөлүшү

Жер жүзүн ыймансыздыктын караңгылыгы каптап турган кез. Аалам бузукулука капталып, жапайычылык өкүм сүрүп, көз эмес рухтар ыйлап турган кез. Бактылуулуктун булагы болгон “Таухид”-б.а. Жалгыз Аллахка ишенүү ишеними алыстап, ширк, капырчылык бүткүл тарапты каптап кеткен эле. Өзүнүн кызын тирүүлөй көмүп жатканда да жүрөгү “тыз” деп койбогон адамдар жашаган доор эле бул доор.
Адамзатты бул караңгылыктан чыгара турган бир Затка муктаждык бар эле. Аллах Мээримдүүлүгү, Ырайымдуулугу менен ошол Затты, Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВды жөнөтчү мезгил келип жеткен болчу.
571-жылдын 22-Апрели. Мекке. Рабиулаввал айынын 12-түнү. Күндөргө дүйшөмбү. Таң заар мезгил болчу. Ошол кайталангыс улуу окуянын убакты сааты келип жетти! Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ жарык дүйнөгө келди. Жаз мезгили болуп, жашоонун эми эле башталган кезиндей эле. Ал төрөлгөн кезде таң атып жатты. Адамзаттын бактылуулук таңы атып жатты. Мына! Жалгыз Аллахтын динине чакырган зат! Мынакей! Адамзатты бактылуулука чакырчу зат! Мынакей ошол зат, Ааламды түбөлүк нурга жетелеген! Эки дүйнөнүн бактылуулугун адамзатка үйрөткөн ошол зат!!! Аалам жин-периште, бүткүл барлык толкунданып сүйүнүп турду!!!
Амина энебиз кош бойлуу кезинде бир түш көрөт. Түшүндө ага бир зат: “Эй Амина! Жакшылап ук! Сен ичиңде ааламдын мээримин көтөрүп жүрөсүң. Төрөлгөндө атын “Мухаммед”-деп кой!”-деп кайрылат. Амина энебиздин айтуусу боюнча Төрөт учурунда ага кесеге куюлган шербет сунулат. Аны ичкен соң Амина энебиздин айланасын нурдуу деңиз каптайт. Натыйжада Аалам күткөн Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВтөрөлөт. Ушул кезде Амина энебиздин көзүнө Чыгыш менен батышта жана Каабанын үстүндө асабалар желбиреп турганын көрөт. Пайгамбарыбыз САВ сажда абалында төрөлөт. Сөөмөйү өйдө көтөрүлүп турган эле. Заматта аппак булут ымыркайды каптап калат. Ал САВ төрөлгөн кезде киндиги кесилген абалда болчу. Эки далысынын ортосунда кызгылт берметтей болгон үстү түктүү пайгамбарлык мөөрү бар эле. Бул мөөр адамзат күтүп жүргөн бактылуулуктун белгиси болчу. Бөлмөнүн ичи нурга толуп, асмандагы жылдыздар азыр эле төгүлүп кетчүдөй болуп турду.
Ушул көрүнүп турган эбегейсиз ааламды чоң китеп сыяктуу элестетип карай турган болсок, Мухаммад САВдын нуру ал китепти жазган жазуучунун калеминин сыясы болот. Эгер ушул эбегейсиз ааламды б ир дарак деп элестетсек, Мухаммад САВдын нуру ал дарактын уругу жана мөмөсү болот. Эгер дүйнөнү бир жандуу деп элестетсек, ал нур анын руху болот. Эгер чоң инсан деп элестетсек ал нур анын акылы болот.
Мына “Лау лаака, лау лаака, ламаа халактул афлаака” б.а. “Эй хабибим! Сен болбогондо ааламды жаратмак эмесмин”-деген кудсий хадис жогоруда айтылган сырга белги берет.
Бедиуззаман Саид Нурси “Мактубат”
Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВ төрөлгөн түнү асманда бир жылдыз пайда болот. Ошол түнү таңга жуук бир жөөт курайштыктардан : “Ушул таңда араңарда бир бала төрөлдүбү?”-деп сурайт. Курайштыктар билбегенин айтышат. Ал жөөт: “Барып сураштыргыла. Анын эки далысынын ортосунда пайгамбарчылык мөөрү бар”-дейт. Тигилер барып сураштырып кайра келишет да: “Ооба, мөөрү бар бир бөбөк төрөлүптүр”-дешет. Ошондо жанагы жөөт эси учун жоготкондой: “Пайгамбарчылык жөөттөрдөн эми кетти. Курайштардан күчтүү мамлекет куралып, анын даңкы чыгыш менен, батышка чейин жетет”-деп кыйкырат. Демек ошол таңда Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВ төрөлүшүн асмандагы жылдыздар да жымыңдап алкыштап жатышты.
Бул түндө Ирандагы Мадайин аймагында жайгашкан Кисра өкүмдарынын сарайынын өтө бекем болгон 14 мунарасы кулап түшөт. Бул окуя Отту ыйык тутунган Кисранын өкүмдарлыгынын келечекте кулаарына ишарат кылат эле. Пайгамбарыбыз САВдын төрөлүшү тек гана Аллахка ишенген бир диндин келе жатканынан кабар берет эле.
Каабанын ичи ар кандай коргошун болоттун куюлган буттарга, идолдорго толуп кеткен эле. Пайгамбарыбыз САВ төрөлөөрү менен буттар улуу окуяга туруштук бере албай кулап талкаланып жок болушту. Бул окуя Пайгамбарыбыз САВ бутпарастыкты тазалап жок кылган бир пайгамбар экенинен кабар берет. Ошол эле кезде жүрөктөрдө идол сыяктуу болгон руханий кирлерди да Куран жана Сүннөтү менен тазалап жок кылат деген маанини туюнтуп турат.
Истахрабадда 1000 жылдан бери күйүп турган от заматта өчүп калат ошол таңда. Пайгамбарыбыз САВ отко сыйынуу ишенимин да жок кыла турган улуу пайгамбар экенине ишарат кылат бул окуя.
Ыйык деп эсептелген Сава көлү заматта соолуп калат. Демек Ал САВ Аллах уруксат бербеген нерселерди ыйык тутууга тыюу сала турган бир пайгамбар болот.
Чыгыш менен Батышты жарык кылган Нур каптайт. Б.а. Ал Зат алып келген Кураны менен, дини менен бүткүл адамзатты Нурга, бактылуулука жетелейт.
Ошол бактылуу таңда асмандан жылдыздардын жерди көздөй жаап турганын көрүшөт.
Чоң атасы Абдулмиталиб сүйүнгөнүнөн төө, кой, эчки сойдуруп үч күн бою сый тамак берет. Мекке шаарынын ар бир аймагында төөлөрдү курмандыка чалып элге таратат. Атын ким койдуң деп сурашканда, “Мухаммад!”-деп жооп берет. Бирок “Эмне үчүн ата-бабабызда жок атты койдуң”-дешкенде, “Аллах жана инсандар аны макташын каалайм!”-деп жооп берет.

Видео Пайгамбарыбыз САВ төрөлүшү канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
29 июля 2018 г. 19:38:09
00:09:28
Другие видео канала
Мухаммед савдын балалык чагы...Мухаммед савдын балалык чагы...Пайгамбарыбыздын Меккеден чыгышыПайгамбарыбыздын Меккеден чыгышы"ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (с.а.в.) САХАБАЛАР МЕНЕН КОШТОШУУСУ""ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (с.а.в.) САХАБАЛАР МЕНЕН КОШТОШУУСУ"Аллах жазалаган коом!Аллах жазалаган коом!СУРОО-ЖООП. Аялзатына сабак. Шейх Чубак ажы. Ош обл. Ноокат р ну  Көк Бел айылы 01 02 2020СУРОО-ЖООП. Аялзатына сабак. Шейх Чубак ажы. Ош обл. Ноокат р ну Көк Бел айылы 01 02 2020Адам кантип жаралды | Аллахтын кудуретин карачыАдам кантип жаралды | Аллахтын кудуретин карачыТаасирдуу окуялар ЖЫЙНАГЫ (Көрсөң ыйлайсың!) 2020Таасирдуу окуялар ЖЫЙНАГЫ (Көрсөң ыйлайсың!) 2020Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ)  христиандардын аалымы Бахираны таң калтырдыПайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) христиандардын аалымы Бахираны таң калтырдыТозок кандай болот!Тозок кандай болот!"Пайгамбарыбызыдын төрөлүшү" Ноокат, Жаны Ноокат айылы.  Шейх Абдишүкүр Нарматов.  12.11.2019."Пайгамбарыбызыдын төрөлүшү" Ноокат, Жаны Ноокат айылы. Шейх Абдишүкүр Нарматов. 12.11.2019.ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?Мухаммед САВдын апасынын каза болушу...Мухаммед САВдын апасынын каза болушу...СУРОО-ЖООП (толугу менен) Ноокат.Шейх Чубак ажы 12 08 2015СУРОО-ЖООП (толугу менен) Ноокат.Шейх Чубак ажы 12 08 2015Пайгамбарыбыз САВ чоң атасынын жанында.Пайгамбарыбыз САВ чоң атасынын жанында.Пайгамбарыбыз "3" күн түнөгөн Савр үнкүрүнө зыярат. Шейх Абдишүкүр Нарматов.  5.03.2019.Пайгамбарыбыз "3" күн түнөгөн Савр үнкүрүнө зыярат. Шейх Абдишүкүр Нарматов. 5.03.2019.Сахабалардын жашоосунан керемет учурлар / Устаз Абдишукур НарматовСахабалардын жашоосунан керемет учурлар / Устаз Абдишукур НарматовКөмүрдү Алмазга айланткан Улуу Инсан!Көмүрдү Алмазга айланткан Улуу Инсан!Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?Пайгамбарыбыз С А В  Хадича энеге үйлөнүүсүПайгамбарыбыз С А В Хадича энеге үйлөнүүсүЫйлабай көргөнгө аракет кыл!Ыйлабай көргөнгө аракет кыл!
Яндекс.Метрика