Загрузка страницы

Аллах жазалаган коом!

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысмы менен!
Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду. Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады. (Анкабут-14)
Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык. (Анкабут-15)
Бул Анкабут сүрөсүнүн 14-15 –аяттарында өтө чоң топон суу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул окуя Ыйык Куранды дагы башка жерлеринде да айтылган. Бул топон суу ушунчалык чоң болгондуктан жер шарынын көпчүлүк бөлүгүн каптап, чоң бир цивилизацияны жок кылган.
Ооба байкаганыңыздардай бүгүн биз Нух коомуна келген топон суу тууралуу сүйлөшөбүз. Исламий илимий тарыхый археологиялык ролик. Даяр болсоңуздар баштадык!
Жогорудагы аяттарда айтылган топон суу окуясы тарыхта болгонбу? Азыркы күндүн өнүккөн илимий археологиялык казуулары эмне дейт? Тарых эмне дейт?
Байыркы доорлордо жашап өткөн бирок чоң бир көчтүн, сел, топон суунун же бир согуштун себебинен жок болуп кеткен коомдордун, цивилизациялардын биздин күнгө чейин сакталып калганына күбө болуудабыз. Илимий казуулардын натыйжасында бул коомдорго тиешелүү турак жай, күнүмдүк жашоодо колдонгон буюдар сыяктуу археологиялык табылгалар ошол коомдун жашоосун бизге сүрөттөп берүүдө. Булардын бирөөсү Нух коомунун изилдеген казуулар жана андагы табылгалар. Болжол менен биздин доорго чейин 3000-жылдары Месопотамия аймагында болгон бул топон суу окуясы бүтүндөй бир коомдун жок болуп ордуна жаңы коомдун пайда болуусуна себепчи болгон. Натыйжада бул окуя биздин доорго өрнөк, үлгү болсун үчүн миңдеген жылдар бою сакталып келген. Месопотамия аймагында археологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүп, бул жерде төрт чоң шаарды талкалаган чоң сел окуясы ишке ашкандыгы аныкталган. Аймактын эң чоң шаарлары Ур, Урук, Киш жана Шуруппак топон суунун натыйжасындда талкаланып жок болгон. Чарльз Леонард Вулли бул окуяларды изилдеген маанилүү археологдордон. Ал Багдат менен Басра шаардарынын ортосунда казуу иштерин жүргүзгөн. Натыйжада ошол доордун падышаларынын мүрсөзүн табышкан. Мүрзөдөн ошол доорго таандык көптөгөн буюмдар табылган. Андан ары каза бергенде чөп чар, ыпыр сыпырлар чыккан. Андан ары дагы бираз казгандан кийин суудан калган баткака, ылайлуу бир катмарга туш келишкен. Баткакты тазалашкан соң анын астынан бир коомдун, цивилизациянын издери көрүнө баштады. Бул ошол сел менен жок болгон коомдун издери эле. Атайын микроскопикалык анализдердин натыйжасында да топурактын курамы бир маданиятты жок кыла ала турган чоң селди далилдеп турду. Казуунун соңунда археолог Чарлз Леонард Вулли мындай деген оюн айткан:
“Бир эле убакыттын ичинде топтолуп калган бул чоң ыйлайдын жыйындысы чоң бир топонсуудан, селден кабар берет. Албетте бул Нух пайгамбардын доорундагы топон суунун калдыктары. Чарлз Леонард Вулли”
Бул чоң илимий акчылыштын натыйжасында Курандын аяттары далилденген эле. Ыйык Куранда болсо бул окуя ушундайча баяндалат:
Нухка вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт.) Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллах сазайын берет!)
(О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана заалым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр! (Худ 36-37)
Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)”- деди.
(Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”-деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллахтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду.
(Кийин Аллаhтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “заалымдарга өлүм!” деген наалат айтылды. (Худ 42-43-44)
Демек бузуку коомдун кылган бузукулуктарынын натыйжасында алган жазасын Аллах биздин доорго чейин үлгү, сабак болсун деп сактап коюптур. Муну да роликтин башында айтылган Анкабут сүрөсүнүн 15-аятынын аяк жагында “(бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык” –деп айтууда Аллах. Бул белгилер биз үчүн чоң сабак, эскертүү болушу керек. Бир коомго эскертүү болсо ошол эле кезде жеке ар бир инсанга эскертме болот.

Видео Аллах жазалаган коом! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 июля 2020 г. 22:08:13
00:10:12
Яндекс.Метрика