Загрузка страницы

Куранда бала тарбиясы!

“Белгилүү бир мүдөө үчүн аракет кылып аткандарга жардамдашуу жана тоскоолдуктарды жок кылуу шек күмөнсүз Аллах Тааланын тарбиясы!” Бул жерде эки нерсе чыгууда:
1-Аракет учурунда, өсүү учурунда жардамга муктаж болсо жардамдашуу
2- Аракет учурунда, өсүү учурунда тоскоолдук чыгып калса аны жок кылуу
Мисал үчүн балдарыбыз өсүп жетилүүдө. Дүйнөдөгү ар бир нерсени үйрөнүүдө. Алардын бул олуттуу өсүп жетилүүсүндө, алар толук кандуу, мыкты инсан боло алуусунда аларга муктаж учурунда жардамдашуу жана тосук болгон тоскоолдуктарды жок кылуу-бул тарбия! Чынында бул сүйлөмдө улуу сырлар камтылган...
Турмуштагы мисал менен түшүнгөнгө аракет кылалы. Көбүнчө 3-4 жаштагы балдарыбыз менен парктарга барып калабыз. Жолдо бараткан кезде баланы сөзсүз колунан жетелеп алабыз. Себеби жоголуп кетиши мүмкүн дейбиз. А бала болсо сиздин колуңуздан чыгып ээн-эркин чуркашты каалайт. А паркка жеткенде айла жок кое бересиз ойносун деп. Бирок бала ойноп жүргөн кезде улам сизди “турабы?”-деп карап турат. Эгер атасы көрүнбөй калса дароо коркуп, ыйлап баштайт. Ал каалоосунда: “колумду да кармаба, ошол эле кезде алыс да кетпе, жанымда тур”-деп жатат. Атасы болсо келип: “Балам, колумду кое бербе десем, болбойсуң! Колумду кармап жүрбөйт белең”-десе туура болобу? Чынында бала бул аракети, абалы менен бизге ушундай деп жатат: “Атаке, же апаке! Мен кичинекей бир инсанмын. Бул ааламдын мыйзамдарын билбейм, сабатсызмын. Бул дүйнөнү жаңыдан эле таанып атам. Сен менден мурда келгенсиң, жакшы билесиң. Тажрыйбаң бар бул аалам жашоосу тууралуу. Ошондуктан жанымда тур. Сага муктаж болгон кезде колуңду мага сун!” Демек тафсирде айткандай “Аракет учурунда жардамдашуу”-деген эрежени бала абалы менен бизге айтууда. Бул жерде өтө кылдат бир чек бар. Бала жардамга муктаж болгондо жардам колун сунуу бул-эң мыкты ыкма! Ар бир иш-аракетине аралаша берүү, ар бир кадамына кийлигише берүү бул жогоруда аталган жардамдашуу эрежесине терс келет. Кээде жашоодо балдарынын, же аялынын ар бир кыймыл аракетине кийлигишкен аталарды көрүп калабыз. Кадам сайын контроль кыла берилген бала этегинде өзүнө болгон ишенимин жоготуп, өз алдынча чечим кабыл алуу өзгөчөлүгүнөн кур калат. Атүгүл маңкурт сыяктуу болуп калат. Атадан андай мамиле көргөн бала өмүр боюу бирөөлөрдүн айтканына кирип, баш ийүү жашоо образына көнүп калат. Ар бир ата өзүбүздү текшерип көрөлү. Билбеген абалда балдарыбызга ушундай кооптуу мамилени кылбай элебизби? Бул маанилүү... Жашоодо мындай аталар өздөрүнүн аталарынан ошондой мамиле көргөндөр болуп чыга келет. Бул терс мүнөз, ыкма атадан балага мурас катары калып, муунду уулап келет. Демек баланын ар бир кадамына кийлигише берүү же дайыма жанында жүрүп көзүн карай берүү бул тарбия сырына терс келген ыкма. Бала качан гана муктаж болгондо гана жардамдашуу, көмөктөшүү керек экен.
Белгилүү психолог педагог башынан өткөн окуясын ушундайча баяндап берет: “Бир күнү кесиптешимдин үйүнө коноко барып калдым. Экөөбүз сүйлөшүп олтурган кезде кичинекей баласы диванга тырмышып чыкканга аракет кылып жатты. Бирок чыга албай жатты. Атасы муну көзүнүн кыры менен байкап турду. Мен болсо чыдабай кетип барып баланы көтөрүп диванга чыгарып койдум. Бул кылганым үчүн атасы мага рахмат айтат го деп ойлогом. Бирок атасы тескерисинче бул кылганыма нааразы болду. Ал мага: “Эмне кылып койгонуңуздан кабарыңыз барбы?”-деди. Мен да түшүнбөй кыжалат боло түштүм. Ал сөзүн улады: “Баламдын жеңишке болгон кызыгуусун, мотивациясын өлтүрдүңүз. Балам диванга чыгуу үчүн аракет кылып, тырмышып жаткан эле. Ал артка кайтмак эмес. Биздин карап турганыбызды да билип турган эле ал. Өжөрлүк менен чыгып бизге көрсөтмөк, далилдемек өзүн. Чыккан кезде ал, артка чегинбестен, аракет кылуу менен ийгилике жетсе болоорун үйрөнмөк. Натыйжада мени карап “Мына ата мен чыктым!”-деп сыймыктанмак. А мен болсо: “Азаматсың балам!”-демекмин. Сиз анын колунан ушул нерсени алдыңыз. Алып эле тим болбостон балама “Оңой жол менен т.а. байкеңдин, же жакыныңдын колдоосу менен да ийгилике, бийиктике жетсең болот”-деген пикирди үйрөттүңүз”. Кесиптешимдин сөздөрү мага аябай чоң сабак болду чынында”

Видео Куранда бала тарбиясы! канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
30 мая 2020 г. 23:38:45
00:12:23
Другие видео канала
Балам мыкты болсун десеңиз көрүңүз!Балам мыкты болсун десеңиз көрүңүз!Садыбакас ажы Доолов БАЛА ТАРБИЯЛООСадыбакас ажы Доолов БАЛА ТАРБИЯЛООСыгылбаСыгылбаБармактын издери тууралуу!Бармактын издери тууралуу!Балдарга туура тарбия беруу жонундо (Жалал-Абад шаары) -Шейх Чубак ажы 04.05.2018Балдарга туура тарбия беруу жонундо (Жалал-Абад шаары) -Шейх Чубак ажы 04.05.2018Аллах жазалаган коом!Аллах жазалаган коом!Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!Эмне үчүн сел жүрүп жатат?Эмне үчүн сел жүрүп жатат?CЫРАТ КӨПҮРӨСҮНДӨ СУРАЛЧУ 7 СУРОО...CЫРАТ КӨПҮРӨСҮНДӨ СУРАЛЧУ 7 СУРОО...ЖИНДЕРДИН ҮЙҮНӨ КОНОКО БАРГАН ААЛЫМ / ХАСАН АЛИ АЙТЫП БЕРГЕН ОКУЯЖИНДЕРДИН ҮЙҮНӨ КОНОКО БАРГАН ААЛЫМ / ХАСАН АЛИ АЙТЫП БЕРГЕН ОКУЯИйгилике жеткиң келеби? Анда көр!Ийгилике жеткиң келеби? Анда көр!Сиздин жашооңузду өзгөртө турган сабак.  Ош, Аль-Бухари мечити.  Шейх Абдишүкүр Нарматов. 31 01 2020Сиздин жашооңузду өзгөртө турган сабак. Ош, Аль-Бухари мечити. Шейх Абдишүкүр Нарматов. 31 01 2020Жашоого үмүт берет | Кыйынчылык каптадыбы | Максатбек ажы ТоктомушевЖашоого үмүт берет | Кыйынчылык каптадыбы | Максатбек ажы ТоктомушевИДРИС АЙИТБАЕВ "Бала тарбиялоо жонундо сабак" 1-болукИДРИС АЙИТБАЕВ "Бала тарбиялоо жонундо сабак" 1-болукАр бир аял ХАНЫША болуш керек//Айымдар ааламы//Венера Бөкөтаева//marva.tvАр бир аял ХАНЫША болуш керек//Айымдар ааламы//Венера Бөкөтаева//marva.tvКантип бактылуу болобуз?Кантип бактылуу болобуз?Жаңы фильм!!! Аллахтын чыныгы кулу.Жаңы фильм!!! Аллахтын чыныгы кулу.СУРОО-ЖООП.Шейх Чубак ажы. Токтогул району. Өзгөрүш айылы. 26 08 2015СУРОО-ЖООП.Шейх Чубак ажы. Токтогул району. Өзгөрүш айылы. 26 08 2015ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ КАДАМДАР//Теолог Айжан Акылбекова//marva.tvӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ КАДАМДАР//Теолог Айжан Акылбекова//marva.tv
Яндекс.Метрика