Загрузка страницы

ТАГДЫР ТУУРАЛУУ БИЛИП АЛЧУ НЕРСЕЛЕР

Тагдыр темасында биз билип алчу терминдер
Маселебиз тагдыр. Ырас тагдыр болуп жаткан соң темага киришүүдөн мурда кээ бир сөздөрдүн маанилерин билип алышыбыз керек. Алгачкы эле сөзүбүз – бул тагдыр. Тагдыр – Аллахтын ааламда болуп өткөн жана боло турган бардык нерсенин ийне-жибине чейин эзелтен билүүсү. Ошол эле учурда аларды жаратуудан мурда лавх-и махфуз деген тагдыр дептерине жазып коюусу. Мына ушул тагдыр деп аталат.
Экинчи сөзүбүз ¬– каза. Каза – бул ошол тагдыр дептериндеги эзелки жазууну жаратып, аны орундатуусу. Демек тагдырды Аллахтын илими десек казаны Анын кудуретинин бир белгиси деп айтабыз. Аллах илими менен жазат, кудурети менен жаратат. Кыскача айтканда тагдырды жазуу, казаны жаратуу деп атайбыз. Мисалы бир адамдын качан төрөлүп, качан өлөөрү мурунтан белгиленип коюлган. Мына ушул тагдыр деп айтылат. Кайра ошол адамдын убагы келгенде төрөлүп, мезгили келгенде өлүүсү – каза деп айтылат.

Видео ТАГДЫР ТУУРАЛУУ БИЛИП АЛЧУ НЕРСЕЛЕР канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
1 мая 2021 г. 20:28:57
00:03:15
Яндекс.Метрика