Загрузка страницы

Зейнеп Шакеева - Чагылган

Кыргыз телевидениесинин алтын казынасынан
Зейнеп Шакеева - Чагылган
Сөзү: К.Алмазбеков
Обону: А.Атабаев

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
"Аппагыңды көрүп алчы" дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?

Видео Зейнеп Шакеева - Чагылган канала O2TVision
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
22 февраля 2013 г. 20:17:34
00:02:17
Яндекс.Метрика