Малик Аликеев - Мөлмөлүм (Эркекче ырдалганы)
Сөзү: Барпы Алыкулов
Обону: Барпы Алыкулов
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасам жүрөккө от,
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, аа,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек, сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың. :)
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Же табар белең, Мөлмөлүм?
Же мал бербей, өзүн берет деп,
Бул өлмөсөк кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Көрүнүп койчу бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Көрүнүп койсоң болбойбу?
Булуттан чыккан айга окшоп.
Видео Малик Аликеев - Мөлмөлүм (Эркекче ырдалганы) канала KURULTAY
Обону: Барпы Алыкулов
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасам жүрөккө от,
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, аа,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек, сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың. :)
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Же табар белең, Мөлмөлүм?
Же мал бербей, өзүн берет деп,
Бул өлмөсөк кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Көрүнүп койчу бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Көрүнүп койсоң болбойбу?
Булуттан чыккан айга окшоп.
Видео Малик Аликеев - Мөлмөлүм (Эркекче ырдалганы) канала KURULTAY
Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Куйдум ЧокЖолболду Калыгулдун санатыӨмүрзак Кайыпов - Арстанбектен алп саптар (терме)Таалай Бектурганов - НазираМалик Аликеев "Көңүл оту" #Селкинчек #Санжыра_сыйлыгы_2017_2018 #СанжыраMolmolum (kyrgyz kuudul)Барпы акындын Токтогул акынга келип учурашканы. Эстебес Турсуналиевтин аткарусунда.Зейнеп Шакеева - ЧагылганОРИГИНАЛДУУ МОЛМОЛУМ НУКУРА КЫРГЫЗИнсан - Сары-ОйЭльзар Осконбаева Дил билетНарындан жазган салам кат - Бакыт Шатенов (Ордо-Сахна)НАРИСТЕ - Сен менин жазылбаган ырларымсын 1974МАХАБАТ СЫРЫ – Сыймык БейшекеевУнутам деп эч унута албадым..Жолдошбек Мамажанов - СуротуноЭлдик талант Кыргыз комуз ыры "Аппак Суйуу"Роза Аманова. "Олжобай менен Кишимжан" дастаны (үзүндү)Күн чыгат кайра - кайра... Мен чыкпай батып барам... ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ