Ош шаарында жаңы балдар бакчасы ачылды
Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын Амир-Темур аймактык башкармалыгында 100 орундуу заманбап балдар бакчасы колдонууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты.
Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов балдардын келечеги үчүн, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, Ош шаарына жылына кеминде үчтөн балдар бакчасы курула тургандыгын билдирди.
“Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жарлыгынын алкагында Ош шаарында болгон күч аракет балдарга шарттарды түзүп берүүгө жумшалып жатат. Балдар бакчалары жетиштүү дегенден алысбыз. Кайсы аймакта жетишсиз экенин белгилүү, андыктан өнүктүрүү программанын алкагында жылына эки же үч балдар бакчасын куруп, бул муктаждыкты жоёбуз. Быйыл беш бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, жыл аягына чейин баарын тапшыруу пландаштырылган. Мындан тышкары санариптештирүүгө багытында жаңы ачылган “Ак-Кеме” балдар бакчасы интерактивдүү доска менен камсыздалды, ошондой эле, ата-эне балдарын үйүндө отуруп, камера аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди Т.Сарыбашов.
100 орундуу “Ак-Кеме” балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттен каржыланып, курулуш иштери “Мираж-Профи” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.
Видео Ош шаарында жаңы балдар бакчасы ачылды канала Osh Meriya

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Суу кампасынын курулушуна бетон куюу иштери башталдыБорбордук базарда мөмө-жемиш сатууга орундар жетиштүүОш шаарында арканын жанындагы унаа тыгыны менен күрөшүү үчүн дагы бир көчөдө кыймыл ачылатМэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугуштуОш шаарында алгачкы жолу шахмат залы ачылдыОшто төрт суу кампасынын куруу иштери башталдыОшто Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгилендиМасалиев проспектисиндеги дагы бир нече участоктордо тротуарды оңдоп түзөө иштери башталдыОш шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасы бекитилди1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгилендиОш шаарында алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталдыОшто Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоодон өтүүдөОшто 2 май күнү айрым жерлерде убактылуу суу берүү токтотулатБалдарды коргоонун эл аралык күнү маданий концерттик программа менен жыйынтыкталдыОш шаарында өлкө боюнча биринчи жолу сорттоочу контейнерлерМэрге кат жазган балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылдыОш шаарына 1,5 млн. гүл отургузулатОш шаарынын Моминов 152 дарегинде бала бакчанын курулушу башталып, учурда экинчи кабаты бүтүп калдыБ. Жетигенов коммуналдык түтүктөрдү алмаштыруу иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасын бердиОш: Жазгы жамгыр астындаМэр "АЛАЙ" ФКнын эки командасын жеңиши менен куттуктады!