Загрузка страницы

Апа мени урушчу - АКБАР Кубанычбеков

КӨПТӨН БЕРИ ЖАҢЫ ЧЫГАРМА ЖҮКТӨЙ ЭЛЕКМИН.
Бул ырымды сиздин сыныңызга койдум.

АПА МЕНИ УРУШЧУ

Түшкө кирдиң адатыңча уруштуң,
Урушсаң да күлүп карап турупмун.
Ыйлап алдым араң жүргөм бук болуп,
Кайда кетти билбей калдым түн уйкум?

Өзүң менен жылдызы өчкөн кечтердин,
Өмүрүмдүн бош калганын сезген ким?
“Жалкоо болбой өз боюңа тың болгун”,
Деп айтканын апакемдин эскердим.

Мезгил токтоп жылган өңдүү араң, жай.
Чачык бөлмө, үй-жай калган каралбай,
“Эсиңе кел, эээй” - деген, апам жок,
Эми кантем урушканың табалбай?..

Өзүң менен учургандай ырысты,
Сагындым эх, жүзүңдөгү бырышты.
Мен өзүмдү тааный албай баратам,
Апа келип, бүгүн мени урушчу.

Эрке элем, айткан сөзүң унутуп,
Ошол учур барат жанды курутуп.
Көл кайгыма чөгүп барам апаке,
Келип мени койчу бир аз урушуп.

Кайда шаштың, кайда кеттиң жаным ай,
Калдым азыр оюм онго чачырай.
Урушканың көрсө мээрим турбайбы,
Азыр мага табылбаган дарыдай.

Өзүң барда өмүр сырын билбегем,
Бакыт экен ар бир учур тилдеген.
Эл балдары иштин баарын бүтүрдү,
Сен уктайсың түшкө чейин тур деген.

Кантип өтүп жатат билбей жылдарым?
Карааныңды күтүп жанды кыйнадым.
Сырттан ойноп кеч келгенде короодо,
Сагымдым ай, кабак бүркөп турганың.

Дарысы элең оруганда жанымдын,
Жыйнала албай, ордуң толбой чачылдым.
Убагында жактырбагам айтканың,
Эми сенин урушканың сагындым.

Айлам канча? Сен жок күнгө кабылдым,
Акылы жок жаным, далай жаңылдым.
Адашканда туура жолду көрсөткөн,
Апа сенин, урушканың сагындым…

Ырдын идеясы: @kurmanzhi
Студия: @azat_muratov @myktybeknurlanbekov
@asanch0

Видео Апа мени урушчу - АКБАР Кубанычбеков канала Акбар Кубанычбеков
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 сентября 2022 г. 19:57:57
00:02:30
Яндекс.Метрика