Загрузка страницы

Акбар Кубанычбеков - Музыкалык-поэзия кече🗓️11-май⏱️18:30 ФИЛАРМОНИЯ

Мекеним, сага келдим!

Алоолонгон
от болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн.
Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей,
Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

Мекеним, сага келдим!

Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз
Кыйын күндө кармаган туу колуна.

Мекеним сага келдим!

Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпай,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,
Ар ишимди "аттиң" деп баштабаймын.

Ар бир кыргыз
Туулуш керек, акыйкат кураганы,
Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!

Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!

Видео Акбар Кубанычбеков - Музыкалык-поэзия кече🗓️11-май⏱️18:30 ФИЛАРМОНИЯ канала Акбар Кубанычбеков
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
24 апреля 2024 г. 23:07:44
00:01:06
Яндекс.Метрика