Загрузка страницы

Тике жана кыйыр толуктооч

Сүйлөм ичинде толуктоочтордун баардыгы эле бирдей кызмат аткара бербейт, т.а., айрымдары кыймыл-аракет менен тыгыз байланышта болот, ал эми башкалары кыйыр формада таасир этет.
Мисалы: Асанга китепти бердим. аталган сүйлөмдөгү кыймыл-аракет “бердим”. Ошол эле учурда бул сүйлөмдүн баяндоочу. Муну менен эки сөз байланышта келип, экөөбү тең толуктоочтук милдеттит аткарууда. Биринчиси, “Асанга”, экинчиси, “китепти”. Эгерде кимдир бирөө “Бердим” десе, дароо “Эмнени?” деп суроого мажбурбуз, андан соң гана “Кимге?” деген суроо жаралат. “Китепти “ деген толуктооч “бердим” деген кыймыл-аракет процесси менен экинчи толуктоочко караганда тыгыз байланышып келүүдө. Сүйлөмдөгү кыймыл-аракетке багытталган ушундай катышына карай толуктоочторду
-тике толуктоочтор
-кыйыр толуктоочтор
деп эки топко бөлүп карайбыз.
Эгерде сүйлөмгө катышкан толуктоочтор табыш жөндөмөсүндө болсо, демек, алар тике толуктоочтор.
1. “Анна Каренинаны” окуп бүттүм.
2. Тамакты шашпай кайнатуу керек.
3. Билимди китептен издеген туура.
Мындан сырткары “жөнүндө”, “тууралуу” жандоочтору менен келген толуктоочтор да тике толуктооч болуп түшөт.
Мисалы: Эртеңки ишти сүйлөштүк же болбосо Эртеңки иш тууралуу сүйлөштүк.
Бизге Куйручуктун акылмандыгын айтып берди же Бизге Куйручуктун акылмандыгы жөнүндө айтып берди.
Ал эми сүйлөмгө катышкан барыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөсүндө турган толуктоочтор кыйыр толуктоочтук кызматты аткарышат.
1. Жакшыга айтсаң, билет,
Жаманга айтсаң, күлөт.
2. Керегеде кулак бар, кеп айтам десең, узак бар.
3. Ар бир адам баскан кадамынан сабак ала жүрүүсү абзел.

#кыргызтили #толуктооч #ЖРТ

Видео Тике жана кыйыр толуктооч канала Kapar Momunaliev
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
17 августа 2020 г. 19:36:12
00:03:06
Другие видео канала
АНАЛОГИЯЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮҢҮЗДҮ ТЕКШЕРИП КӨРҮҢҮЗАНАЛОГИЯЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮҢҮЗДҮ ТЕКШЕРИП КӨРҮҢҮЗЖибек кийген эрке кыз (А.Осмонов)Жибек кийген эрке кыз (А.Осмонов)6. Туура жазуу: келерби, же келээрби? Кечеби, кечээби?6. Туура жазуу: келерби, же келээрби? Кечеби, кечээби?8. Туура жазуу: Ай менен Күнбү?8. Туура жазуу: Ай менен Күнбү?Пенделер маршы / Элмирбек ИманалиевПенделер маршы / Элмирбек Иманалиев2. Туура жазуу: эки "к" менен эки "г"2. Туура жазуу: эки "к" менен эки "г"Сүйүктүүңүзгө сүйкүмдүү сөздөрСүйүктүүңүзгө сүйкүмдүү сөздөрPOWERPOINT: Презентация жасоо.ОН ЭКИНЧИ САБАК.Гиперссылка же акылдуу кнопкаPOWERPOINT: Презентация жасоо.ОН ЭКИНЧИ САБАК.Гиперссылка же акылдуу кнопкаPOWERPOINT:Презентация жасоо. ОНУНЧУ САБАК. Смарт Арт жана аларды анимациялооPOWERPOINT:Презентация жасоо. ОНУНЧУ САБАК. Смарт Арт жана аларды анимациялооPOWERPOINT:Презентация жасоо. АЛТЫНЧЫ САБАК: "Рецензирование", "Вид", "Слайдшоу" панелдериPOWERPOINT:Презентация жасоо. АЛТЫНЧЫ САБАК: "Рецензирование", "Вид", "Слайдшоу" панелдериКөркөм сөздөрдү билесизби? (фразеологизмдер)Көркөм сөздөрдү билесизби? (фразеологизмдер)POWERPOINT. Презентация жасоо. ОН: АЛТЫНЧЫ САБАК. Презентацияга кандай материалдарды колдонуу керек?POWERPOINT. Презентация жасоо. ОН: АЛТЫНЧЫ САБАК. Презентацияга кандай материалдарды колдонуу керек?Жаңы Жылдык аналогиялар :)Жаңы Жылдык аналогиялар :)10. Туура жазуу: Жалал-Абаддыктарбы, же нарындыктарбы?10. Туура жазуу: Жалал-Абаддыктарбы, же нарындыктарбы?Зат атоочторду кимдер жасайт?Зат атоочторду кимдер жасайт?POWERPOINT. Презентация жасоо. ОН: ЖЕТИНЧИ САБАК. Системалуу презентацияPOWERPOINT. Презентация жасоо. ОН: ЖЕТИНЧИ САБАК. Системалуу презентацияКыргыз тилчинин кызыктуу кат алмашуусуКыргыз тилчинин кызыктуу кат алмашуусу4. Туура жазуу: коёюнбу, же койойунбу?4. Туура жазуу: коёюнбу, же койойунбу?Жүз жылдар мындан кийин да... / С.ЭралиевЖүз жылдар мындан кийин да... / С.ЭралиевКыргыз тили: социалдык желелерде кантип жазуудабыз?Кыргыз тили: социалдык желелерде кантип жазуудабыз?Алыкул Осмонов_БөбөккөАлыкул Осмонов_Бөбөккө
Яндекс.Метрика