Загрузка страницы

Алыкул Осмонов_Бөбөккө

Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышып, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш түбү калың болсо да
Керек жерин жара тээп кирерде.

Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.

Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм
Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн.
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.

Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө
Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.

Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө
Ошончолук кымбаттардын ичинен
Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.

Сулуу тоолор, көркөм көлдөр четинде,
Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө,
Жер аңкыган ошончо жыт ичинен
Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.

Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин, бир боор тууган ата-эне,
Ошончолук көп шириндин ичинен
Атасы үчүн андай ширин жок эле.

Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.

Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон.
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.

Кетти бөбөк жанаа гана бар болгон,
Жарык таанып жаңы гана ойгонгон.
Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,
Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.

Бар болсо экен картайганда көргөнү,
Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.
_________________________
Кыргыз тили боюнча башка сабактарды төмөнкү шилтемелер аркылуу көрө аласыздар: https://www.youtube.com/channel/UC4qXx9DeC8Q0S8Xow3HC19g _________________________________
Каналдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү каалоочулар үчүн:
О деньги: +996707478663
МБанк: +996777478663
_________________________
#кыргызтили #капармомуналиев

Видео Алыкул Осмонов_Бөбөккө канала Kapar Momunaliev
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
1 января 2023 г. 19:19:06
00:03:47
Яндекс.Метрика