Депутат Момбеков карызга салынган жолдордун сапатын сынга алды
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков сырттан карызга алынган жолдордун сапатын сынга алды.
Эл өкүлү бул тууралуу Ысык-Көл айланма жолун курууга Сауд өнүктүрүү фондунан алынып жаткан насыя тууралуу сөз сүйлөп жатып билдирди.
«Насыяны далбастап келген силер төлөбөйсүңөр, Каржы министрлиги төлөбөйт, карапайым эл төлөйт. Бишкек-Кара-Балта жолун баштабай жатып кайра оңдоп жатат, Талас-Тараз-Суусамыр жолу эки жылдан ашып кетти, кабыл албай жатасыңар. Балыкчы-Корумду жолунун мөөнөтү өтүп кетти, алиге чейин кабыл алына элек. Насыя алып жатабыз, жол салып жатабыз, камалганыңар камалып жатат. Кечээ 12 кишиңер камалды. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан төртөө камалды, Транспорт министрлигинин орун басары камалды. Кыргызстан 4 миллиард доллардай карыз алса, ошонун тең жарымы жолго кетти. Анан бул жолдун наркы беркисинен кымбат болуп жатпайбы», - деди Рыскелди Момбеков.
Ысык-Көл айланма жолунун 80,5 чакырым жолун оңдоо үчүн насыялык макулдашууга 2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы королдугунун Эр-Рияд шаарында кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда кол коюлган. Долбоордун наркы 128 миллион доллар.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-июнда бул боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.
Видео Депутат Момбеков карызга салынган жолдордун сапатын сынга алды канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Момбеков: "Кара тизмеден чыгарам" деген үч премьер-министр башка жакка кирип кеттиМомбеков: Жол салбай эле пол салсак окшойтЖКда КҮМТӨР боюнча ТУЗУ бар суроо ЖООПТОР жана ОЙ пикирлер КАЛОО тилектер АЙТЫЛГАН видеолор ТОПТОМУАдахан Мадумаровдун түз эфирдеги маалымат жыйыныДепутат Момбеков: Кантип Сопоков "күбө", Токтакунов “шектүү” болуп калат?Момбеков: демилгечилердин бири менминТехникалык өкмөт: эмне өзгөрөт?Элди кыйнаган кыргыз-тажик чек арасыМомбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керекР МОМБЕКОВ Калп айтсам мени камагылаБУЛ ДЕПУТАТТА ДУХ БАР ЭКЕН/ЧЫНДЫКТЫ БЕТКЕ АЙТТЫСаясатчыларга жеткен Кумтөр чырыЖАҢЫ// АБДЫЛДА,ТЫНАР, РЫСБЕК ДЕПУТАТТАР ОРУУЛУ БОЛУШАТ//80 МҮНӨТ ТОЛУК КҮЛКҮМЫНА САГА МОМБЕКОВ ИТ ЭЛЕ КЫЛДЫ! КӨРСӨӉ ИЧИН ЭЗИЛЕТ!Момбеков: Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровдун күнөөсү мурдагы жетекчилердикинен кем эмесМОМБЕКОВ ӨЛТҮРДҮ/БЕСПРЕДЕЛ КЫЛБА БРАТИШКАЖапаров Акаевге жооп берип, калпын чыгарды... // Ой-пикирКТРК Чыгарбай Койгон видео|С.ЖАПАРОВ Сүйлөп Жатканда МИКРОФОНДУ Өчүрүп Салды!07.06.21МОМБЕКОВДОН МЫНДАЙДЫ ЭЧ КИМ КҮТПӨГӨН БОЛЧУ! АБЫЛГАЗИЕВКЕ ЖЕСТКО АЙТТЫРыскелди Момбеков агынан жарылды, КАРАПАЙЫМ элдин түбүнө жеттиңер! ыйлаткан чындык!