Загрузка страницы

Момбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Министрлер кабинетин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы менен түзүлгөн келишимден чыгууга чакырды.

Эл өкүлү 25-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында буга долбоорго тендер жарыялангандагы мыйзам бузуулар негиз болорун айтты.

Анын сөзүнө караганда, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” Кытайдын банктарынан алган алты банктык кепилдиктин үчөө жасалма болуп чыккан. Ошондой эле Эсеп палатасы ишкана долбоорду ишке ашырууга өтө эле аз каражатты сунуштаганы шек жаратканын эскерткен.

“Тендер 5 миллиард 700 миллион сомго жарыяланган. Кытай компаниясы 2 миллиард 700 миллион сомго ишке ашырууну сунуштап 3 миллиард 173 миллион сомго аз көрсөтүп жатса ойлонуш керек да. Аларга айып пулдан түшкөн акча керек эмес. Бул компаниянын камералары автоунаанын номурун эле эмес, ичиндеги адамды да тааныйт”.

2019-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы бир жыл аралыгында долбоорду ишке киргизүүгө милдеттүү болгон. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Бирок компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес.

20-майда УКМК Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 миллион 600 миң сом талап кылган деген шек менен камакка алды. Дыйканбаев айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин “саясий буйрук” деп атаган.

2019-жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы жеңген. Сынакка катышкан “Вега” долбоорду ишке ашырууга 4 миллиард 802 миллион 338 миң сом, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” 2 миллиард 654 миллион 558 миң сом, БИС ишканасы 5 миллиард 67 миллион 794 миң сом сунуштаган.

Долбоордун экинчи бөлүгү жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырган.

Видео Момбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керек канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
25 мая 2021 г. 11:59:38
00:16:51
Другие видео канала
Бул ДЕПУТАТ эркекче суроо берди эле, ГАИнин чоңу сөз таппай калды!Бул ДЕПУТАТ эркекче суроо берди эле, ГАИнин чоңу сөз таппай калды!Перекресток. Почему отменили итоги выборов в трех городах?Перекресток. Почему отменили итоги выборов в трех городах?ЖАПАРОВ Мелис Аспековко жооп берген видеосу тарады! Мыйзам алдында баары бирдей!ЖАПАРОВ Мелис Аспековко жооп берген видеосу тарады! Мыйзам алдында баары бирдей!Депутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындадыДепутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындадыБайыгың келсе коён бакБайыгың келсе коён бакСадыр Жапаров КУМТОР тууралуу чындыкты АЙТЫП! Асылбек Жээнбеков ЖООПКО тартылабы ?Садыр Жапаров КУМТОР тууралуу чындыкты АЙТЫП! Асылбек Жээнбеков ЖООПКО тартылабы ?"Төрөп келсем күйөөм үйдө ойношу менен жатыптыр" деген Мадинанын жолдошу менен күндөшү эмне дейт?"Төрөп келсем күйөөм үйдө ойношу менен жатыптыр" деген Мадинанын жолдошу менен күндөшү эмне дейт?Момбеков: Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровдун күнөөсү мурдагы жетекчилердикинен кем эмесМомбеков: Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровдун күнөөсү мурдагы жетекчилердикинен кем эмесПутин менен Жапаров СЕКРЕТНЫЙ эмнени суйлошту! Мына мындайды ЭЧКИМ кутподу элеПутин менен Жапаров СЕКРЕТНЫЙ эмнени суйлошту! Мына мындайды ЭЧКИМ кутподу элеМомбеков: Жээнбековго жаңы “Икрамдар” жөнүндө эскерттимМомбеков: Жээнбековго жаңы “Икрамдар” жөнүндө эскерттимОштогу Мээргүлдүн өзгөчө конок үйүОштогу Мээргүлдүн өзгөчө конок үйү"ЭЭ МАЛЫШ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨ"! Момбеков КЫРГЫЗЧА БИЛБЕГЕН КИРГИЗДИ БЕТТЕН АЛДЫ!"ЭЭ МАЛЫШ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨ"! Момбеков КЫРГЫЗЧА БИЛБЕГЕН КИРГИЗДИ БЕТТЕН АЛДЫ!Момбеков: Азыркы Конституциянын автору ким?Момбеков: Азыркы Конституциянын автору ким?16-жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран соттон бошотулду || Индияда жаңы вирус жайылып жатат16-жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран соттон бошотулду || Индияда жаңы вирус жайылып жататТЫНАР ЖАРДЫ// ӨКМӨТ ИШТЕБЕЙТ, ИШТЕБЕЙТ ДЕЙСИНЕР ИШТЕП ЭЛЕ ЖАТЫШАТ(ЭСКИ)ТЫНАР ЖАРДЫ// ӨКМӨТ ИШТЕБЕЙТ, ИШТЕБЕЙТ ДЕЙСИНЕР ИШТЕП ЭЛЕ ЖАТЫШАТ(ЭСКИ)Багы жок шаар | “Биз Эл Менен”Багы жок шаар | “Биз Эл Менен”БАТКЕН бүгүнкү абал! Баткендиктер чогулуп Ташиевке кайрылуу жасады!БАТКЕН бүгүнкү абал! Баткендиктер чогулуп Ташиевке кайрылуу жасады!Депутат Момбеков: Кантип Сопоков "күбө", Токтакунов “шектүү” болуп калат?Депутат Момбеков: Кантип Сопоков "күбө", Токтакунов “шектүү” болуп калат?Эдуард Кубатов: Эвересттеги жеңишимди кыргыз элиме арнаймЭдуард Кубатов: Эвересттеги жеңишимди кыргыз элиме арнаймАКАЕВДИН ЧЫНДЫГЫАКАЕВДИН ЧЫНДЫГЫ
Яндекс.Метрика