Загрузка страницы

Курманбек Бакиев азыркы кыргыз бийлигин сындады

Кыргызстандын мурдагы президенти, ушу тапта Беларуста жашап жаткан Курманбек Бакиев жаңы китебинин бетачарында азыркы кыргыз бийлигин сындады. Ал убагында Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчы кылып дайындаганына өкүнөрүн айтты. Андан сырткары, экс-президент Роза Отунбаева мамлекетти мыйзамсыз башкарган деди.

Бакиевдин “Кайгы, сүйүү жана ишеним: Менин Кыргызстаным” деген китебинин бет ачары 22-октябрда Минск шаарында Беларус улуттук маалымат борборунда болду. Китеп эки миң нускада чыкты. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, салтанат учурунда Курманбек Бакиев Беларустагы башкаруу системасын алкап, өлкөнүн бейпилдиги үчүн тост көтөрдү. Ал коопсуздук кызматкерлеринин коргоосунда жашап жатканын, уулу Максим Бакиев да Лондондо жансакчылардын коргоосунда жүргөнүн белгиледи.

Курманбек Бакиев тактыдан кулатылардан бир аз мурун, 2010-жылдын башында “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” аттуу китеп жазган эле.

Бакиев бийликтен куулгандан бери Беларуста жашайт.

Видео Курманбек Бакиев азыркы кыргыз бийлигин сындады канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 октября 2015 г. 10:10:22
00:00:45
Другие видео канала
Cabinet resigns as part of President's plan to save moneyCabinet resigns as part of President's plan to save moneyKyrgyzstan president says will close US military base thereKyrgyzstan president says will close US military base thereАскар Акаев Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек курду - BBC KyrgyzАскар Акаев Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек курду - BBC KyrgyzУшул суроодон кийин журналистти жумуштан бошотуштуУшул суроодон кийин журналистти жумуштан бошотуштуАтамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусуАтамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусуКурманбек Бакиев. Интервью из МинскаКурманбек Бакиев. Интервью из МинскаБакиев "Азаттык плюска" убада бердиБакиев "Азаттык плюска" убада бердиБакиев МАКСИМ чемпион БОЛДУ - Разаковдун ИШИ - Бурулайдын ӨЛҮМҮ  | Акыркы КабарларБакиев МАКСИМ чемпион БОЛДУ - Разаковдун ИШИ - Бурулайдын ӨЛҮМҮ | Акыркы КабарларБАКИЕВ"АМЕРИКА БАЗАСЫН ЧЫГАРАМ ДЕП"ОШОЛ МЕЗГИЛ!!БАКИЕВ"АМЕРИКА БАЗАСЫН ЧЫГАРАМ ДЕП"ОШОЛ МЕЗГИЛ!!Ousted president Bakiyev rallies supporters as immunity liftedOusted president Bakiyev rallies supporters as immunity liftedАбдылда Иманкулов Бакиев, Текебаев, Бекназаров ж.б саясатчылар тууралуу айттыАбдылда Иманкулов Бакиев, Текебаев, Бекназаров ж.б саясатчылар тууралуу айттыDeposed leader defends legitimacy of his ruleDeposed leader defends legitimacy of his ruleЛукашенко встретился с Бакиевым по случаю 70-летия экс-президента КыргызстанаЛукашенко встретился с Бакиевым по случаю 70-летия экс-президента КыргызстанаKyrgyz President visits his counterpart and other officialsKyrgyz President visits his counterpart and other officialsБАКИЕВ ЖЭЭНБЕКОВ АТАМБАЕВ СИЗ КОРБОГОН ВИДЕОБАКИЕВ ЖЭЭНБЕКОВ АТАМБАЕВ СИЗ КОРБОГОН ВИДЕОБабанов ответил на высказывания Алмазбека АтамбаеваБабанов ответил на высказывания Алмазбека АтамбаеваKyrgyzstan: Bakiyev attends rallyKyrgyzstan: Bakiyev attends rallyКУРМАНБЕК БАКИЕВ БУЛ ШАКАЛДАР ЭЛДИ ОЙЛОБОЙТ.КУРМАНБЕК БАКИЕВ БУЛ ШАКАЛДАР ЭЛДИ ОЙЛОБОЙТ.Жээнбеков жана Атамбаев бири-бирин айыптадыЖээнбеков жана Атамбаев бири-бирин айыптадыБакиев Кайтып Келсин!Элдин Талабы АЙТЫЛДЫ!Бакиев Кайтып Келсин!Элдин Талабы АЙТЫЛДЫ!
Яндекс.Метрика