Загрузка страницы

АСПИРИНДИ КОЛДОНУУНУН СЫРЛАРЫ. АЛМА УКСУЗУ САЛМАКТАН АРЫЛТАТ, ж.б

Дайым тердеп турган колтуктун кесепетинен кийимдин колтугуна сары так пайда болуп, кетпей калат. Мындай учурда 2 таблетка аспиринди 2 аш кашык жылуу сууга эзиңиз да, көйнөгүңүздүн колтугуна сүйкөп коюңуз. 15-20 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен көйнөгүңүздү жууп салыңыз. Ушул эле ыкма менен көйнөктөн кетпей калган кандын тагын да кетирсеңиз болот.

Чачыңыздын өңү өчүп, кир сыяктуу көрүнүп, кубатын жогото баштаган учурда аспирин колдонсоңуз, чачыңыз жылтылдап, түптөрү бекемделип калат. Бул үчүн 8-10 таблетка аспиринди 3 стакан жылуу сууга аралаштырып, чачыңызга шыбап 15-20 мүнөт күтүңүз да, шампунь менен жууп салыңыз.
Безеткини аспириндин жардамы менен кетирүү үчүн 1 таблетканы майдалап эзип, аны бир тамчы жылуу сууга аралаштырып, пайда болгон паста сыяктуу суюктукту безеткинин үстүнө коюңуз да, 10-15 мүнөт күтүңүз. Эми жылуу суу менен жууп салыңыз. Ушул эле ыкманы чиркей чагып алган маалда да колдонуу пайдалуу. Так калбайт, дене кычышпайт.
Аспиринди гүл багуучулар органикалык жер семирткич катары колдонуп келишет. 1 таблетка аспиринди 5 литр сууга аралаштырып аны менен гүлдөрдү сугаруу керек. Дарынын курамындагы салицил кислотасы гүлдөрдү ар кандай чымын-чиркей, курт-кумурскалардан сактайт. Мындан тышкары куурап, тамыры соолуп бараткан гүлдөргө жан киргизип алардын жашап кетишине шарт түзөт.

Чачыңыз какачтап кыжалат кылган учурда 2 таблетка аспиринди эзип туруп бир ууч шампунга аралаштырып, чачыңызга сүйкөп жарым саат кармаңыз. Жарым сааттан кийин башыңызды жылуу сууга жууңуз. Какачтан кутуласыз
АЛМА УКСУСУНУН БИЗ БИЛБЕГЕН СЫРЛАРЫ!

Алма уксусу адам организми үчүн уникалдуу, натуралдуу азык экенин баалабай келебиз. Аны ашканада да, косметологияда да, ал турсун, дарыланууда да колдонууга болот.



Көңүлүңүз ачык болсун десеңиз…

Уйкудан ойгонгондо ач карын 1 стакан үй температурасындагы сууга 1 аш кашык алма уксусун, 1 чай кашык бал кошуп жутуп алсаңыз, көңүлүңүз ачылып, жеңил жүрөсүз.



Салмактан арылууда

1 стакан жылуу сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуп ач карын ичүү ашказандын иштешин жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бир күндө үч маал ичип туруу керек.



Ашканада

Алма уксусунун жардамы менен жашылча-жемиштерди таза жууса болот, ошондой эле этти маринаддап, чылап койсо даамдуу болот.



Териге кам көрүүдө

Алма уксусу - териге түшкөн бырыштарга каршы натыйжалуу каражат. Аны менен бирге теридеги грибок, жараларга пайдасы зор.



Целлюлитке каршы

Төрөгөндөн кийин теринин ар кандай чоюлган жерлерин, целлюлиттерди алма уксусу менен сүртсө терини тартып, жылмакай кылат.



Чарчоону жазууда

Дене чарчап турганда 1 чоң стакан муздак сууга 2 аш кашык алма уксусун кошуп денеге толук сүртсө чарчоону жазат.



Ваннага түшкөндө

Ванна кабыл алганда сууга алма уксусун кошсо денени эс алдырат. Буттагы ооруну жазат. Ал үчүн алаканга алма уксусун куюп бутка сүртүү керек. Анан да чачты жууган соң алма уксусу кошулган сууга чайкаса чач жылтырай түшөт. 1 литр сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуу керек.



Организмди чыңдоодо

Тамактануу маалында 1 стакан сууга 2 чай кашык алма уксусун кошуп ичсе жалпы организмди чыңдайт.



Ангинаны дарылоодо

Ангина менен ооруп жаткан адам күн сайын 1 стакан сууга 1 чай кашык алма уксусун кошуп тамакты чайкап, андан соң жутуп коюусу керек.



Бөйрөккө суук тийгенде

Бөйрөккө суук тийген учурда 1 стакан суу менен эки чай кашык алма уксусунун кошулмасын күн сайын ичип жүрүү керек.

Видео АСПИРИНДИ КОЛДОНУУНУН СЫРЛАРЫ. АЛМА УКСУЗУ САЛМАКТАН АРЫЛТАТ, ж.б канала Жармагул Жармагул
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
19 ноября 2019 г. 16:47:19
00:10:50
Другие видео канала
БАНАНдын таң калычтуу 6 пайдасы // пайдалуу кеңештер.БАНАНдын таң калычтуу 6 пайдасы // пайдалуу кеңештер.БААРЫНА ШЫПАА АЛОЭНИН БИР НЕЧЕ СЫЙКЫРЫ...БААРЫНА ШЫПАА АЛОЭНИН БИР НЕЧЕ СЫЙКЫРЫ...АЛТЫНГА АЛМАШКЫС ДАРЫ ЧӨПТӨРАЛТЫНГА АЛМАШКЫС ДАРЫ ЧӨПТӨРБөйрөктү талкалоочу 10 фактор  Эмне үчүн арык жана узун адамдар бөйрөк оорусуна көп чалдыгат?Бөйрөктү талкалоочу 10 фактор Эмне үчүн арык жана узун адамдар бөйрөк оорусуна көп чалдыгат?Колтуктун буттун тери алардан чыккан жагымсыз жыттардан арылуунун оной жолу пайдалуу кенешКолтуктун буттун тери алардан чыккан жагымсыз жыттардан арылуунун оной жолу пайдалуу кенешКОЗДУН АЛДЫНДАГЫ БЫРЫШТАР, ТАК,БЕЗЕТКИДЕН БИРОТОЛО КУТУЛУНУЗКОЗДУН АЛДЫНДАГЫ БЫРЫШТАР, ТАК,БЕЗЕТКИДЕН БИРОТОЛО КУТУЛУНУЗОоруга шыпаа- миңдаба жана дары чөптөр\СебепОоруга шыпаа- миңдаба жана дары чөптөр\СебепКАРТАЙГЫНЫЗ КЕЛБЕСЕ БУЛ МАСКАЛАРДЫ ЖАСАП ЖҮРҮНҮЗКАРТАЙГЫНЫЗ КЕЛБЕСЕ БУЛ МАСКАЛАРДЫ ЖАСАП ЖҮРҮНҮЗМҮНӨЗҮНҮЗГӨ  КАРАП КАН ГРУППАНЫЗДЫ БИЛИНИЗ!МҮНӨЗҮНҮЗГӨ КАРАП КАН ГРУППАНЫЗДЫ БИЛИНИЗ!БАГБАНДАР ҮЧҮН ӨТӨ КЕРЕКТҮҮ КЕҢЕШБАГБАНДАР ҮЧҮН ӨТӨ КЕРЕКТҮҮ КЕҢЕШБак дарылоону үйрөнүп алыңызБак дарылоону үйрөнүп алыңызТЕЛЕФОНДУ БАЛДАРГА БЕРБЕНИЗ ЗЫЯНДАРЫ КӨП. КЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН ЖАНЫЛЫШТЫКТАРЫТЕЛЕФОНДУ БАЛДАРГА БЕРБЕНИЗ ЗЫЯНДАРЫ КӨП. КЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН ЖАНЫЛЫШТЫКТАРЫРомашканын сиз билбеген 7 пайдасы / Пайдалуу КеңештерРомашканын сиз билбеген 7 пайдасы / Пайдалуу КеңештерКамыр ачытуу ,пироктун баардык турун бышыруу учун пайдалуу кенештер!!!Камыр ачытуу ,пироктун баардык турун бышыруу учун пайдалуу кенештер!!!Алманын сиз билбеген 10 пайдасы / Пайдалуу КеңештерАлманын сиз билбеген 10 пайдасы / Пайдалуу КеңештерЛИМОН КОШУЛГАН СУУНУН ПАЙДАСЫ ЧЕКСИЗЛИМОН КОШУЛГАН СУУНУН ПАЙДАСЫ ЧЕКСИЗБУЛ МАСКАЛАР ТЕЗ АГАРТЫП, АБДАН ЖАШАРТАТБУЛ МАСКАЛАР ТЕЗ АГАРТЫП, АБДАН ЖАШАРТАТЧачка үй шартында кам көрүү/Айнура Сагынбаевадан кеңеш.Чачка үй шартында кам көрүү/Айнура Сагынбаевадан кеңеш.КОК ЧАЙДЫН ОЗГОЧО ПАЙДАЛУУ ЭКЕНИ АНЫКТАЛДЫКОК ЧАЙДЫН ОЗГОЧО ПАЙДАЛУУ ЭКЕНИ АНЫКТАЛДЫДен соолук учун коруу керек!!!Ден соолук учун коруу керек!!!
Яндекс.Метрика