Загрузка страницы

ЛИМОН КОШУЛГАН СУУНУН ПАЙДАСЫ ЧЕКСИЗ

Жүрөк айланганда

Кээде ар кандай жагымсыз жыттан улам жүрөк айланат. Бул учурда лимондон тегерек кылып бир кесим кесебиз дагы, аны оозубуздун жанына жакын алып барып турабыз. Ушинтип лимондун жытынан улам жүрөк айлануудан арылса болот.


Сасык тумоодо

Лимон менен эфир майын сасык тумоо убагында ингаляцияга колдонуу натыйжалуу. Ал үчүн 1 стакан кайнак сууга 2-3 тамчы лимондун эфир майын кошуп, 5 мүнөткө жакын аралашмадан дем алып туруу керек.



Колго кам көрүү

Лимондун ширесинин жардамы менен колдогу жагымсыз жыттардан, жууп кетирүүгө кыйын болгон тактардан арылууга болот.



Какачка каршы

Какачтан арылтуучу касиетке лимон да ээ. Ал үчүн лимондун кабыгын кыргычтан өткөрүп чачтын түптөрүнө жумасына 1-2 жолу сыйпап турабыз. Ошондой эле майлуу чачтуулар чачты жуугандан кийин лимон кошулган суу менен чайкап турса, тери кургайт.


Тамак оору жана жөтөлдө

Эгерде 2 чай кашык лимон ширеси менен жарым чай кашык балды аралаштырсаңыз, тамак оору жана жөтөлгө каршы жакшы дары жасап алган болосуз. Бул кошулманы ысык чайга кошуп ичсеңиз болот.



Кебээрден кутулуу

Сиз чайнек же кебээр пайда боло турган спиралдарды колдонсоңуз, аларда пайда болгон кебээрди тазалоо үчүн лимон ширесин куюп коюу керек. Чайнектеги сууга болсо лимон ширесин кошуп кайнатып жиберсе, баары чыгып кетет.



Таза жана жагымдуу

Лимон ширесине суу кошулган кошулма менен тактайды тазалоо менен бирге жагымсыз жыттарды да кетирүүгө болот.
Тазалоочу каражат да боло алат

Лимондун кабыгын майдалап туруп үстүнө уксус куюп, кошулманын үстүн жаап 2 жума коюп коюу керек. Бул убакта кошулма бири-бирине жакшы аралашып калат. Андан кийин ар түрдүү идиштерди тазаласа болот.
Лимон менен тоник

Лимон менен жасалган тоник бетти тазалап, дезинфекциялап, терини жашартат. Ал үчүн минералдык сууга бал менен лимон кошуп пайдалануу шарт.



Ооздогу жагымсыз жыттан арылууда

Эгерде оозуңуз жагымсыз жыттанып кыжалат кылып жиберсе, аны кетирүүнүн жолу оңой. Сууга лимондун ширесин кошобуз дагы, даяр болгон кошулманы уурттап оозду чайкайбыз. Бул ыкманы колдонгондон кийин оозду суу менен чайкайбыз, болбосо лимондун кычкылдыгы тиштин эмалына зыян.
Аары чакканда

Аары чагып алса, кызарган жерди лимон ширеси менен аарчый койсоңуз, оорусу жеңилдей түшөт.


Жыты жок муздаткыч

Бир даана лимондун кабыгынын айрым жерлерин жука кесип туруп, калган бөлүгүн муздаткычка салып койсо, ал жагымсыз жыттарды өзүнө тартып алып, муздаткычтын ичи жагымдуу жытка бөлөнөт.



Жыпар жыттуу ванна

Ваннага суу толтурганда ага пена менен бирге лимондун эфир майын кошуп алса болот. Жуунуп бүткөндөн кийин көңүлүңүз гана ачылбастан, ашыкча салмактан да арыласыз.
Лимондун жардамы менен тырмакка кам көрүү

Маникюр жасаган мастерлер лимондун жардамы менен колго кам көргөндү билип алышса жакшы болот. Бөлүнгөн жарым лимонду кесеге сыгып алып, үстүнө суу куябыз. Бул суюктукка 3-4 мүнөт тырмакты малып туруу керек. Ал эми тырмактын үстүн тазалоого лимондун кабыгын пайдаланса болот.
Курт-кумурскадан арылтат

Цитрус жемиштеринин жыты жыттанган жерге кумурска, тараканга окшогон курт-кумурскалар жолобойт. Андыктан убагы менен лимондун ширесин үйдөгү кычыктарга сүртүп коюу пайдалуу.



Даамдуу салат

Салат жасаганда зыгыр майы менен лимон ширесинен кошуп койсоңуз, салатыңыз даамдуу эле болбостон, жагымдуу да жыттанып турат.


Лимон агартуу кызматын да аткарат

Лимон кебезден жасалган кийим, сүлгүлөрдүн тагын кетирип тазартуучу да касиети бар. Кир жууган машинаны иштетерде өтө көп эмес өлчөмдөгү лимон кычкылын куюп койсо, кир таза жуулат.

Видео ЛИМОН КОШУЛГАН СУУНУН ПАЙДАСЫ ЧЕКСИЗ канала Жармагул Жармагул
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
20 сентября 2019 г. 21:48:51
00:12:01
Другие видео канала
Эмне Болот Эгерде Дайыма Суу Менен Лимон Ичсе.Эмне Болот Эгерде Дайыма Суу Менен Лимон Ичсе.Лимон коп салмактуулуктан бат арылтат 12.12.16 #ОшПиримЛимон коп салмактуулуктан бат арылтат 12.12.16 #ОшПиримКөк чай менен арыктооКөк чай менен арыктооСупер витаминная заготовка. Имбирь,мед,корица и лимон..Рецепт для похудания.Супер витаминная заготовка. Имбирь,мед,корица и лимон..Рецепт для похудания.ҮЙ ШАРТЫНДА СУУ МЕНЕН АРЫКТООҮЙ ШАРТЫНДА СУУ МЕНЕН АРЫКТООМИҢ ДАРТКА ДАБАА ӨСҮМДҮК. Мухаммед пайгамбарыбыз да айтканМИҢ ДАРТКА ДАБАА ӨСҮМДҮК. Мухаммед пайгамбарыбыз да айтканЛИМОН МЕНЕН АРЫКТОО...// АЗЫРКЫНЫН АЗАМАТТАРЫЛИМОН МЕНЕН АРЫКТОО...// АЗЫРКЫНЫН АЗАМАТТАРЫЛимон беттеги тактарды кетирет | Пайдасы жана касиетиЛимон беттеги тактарды кетирет | Пайдасы жана касиетиБоорду тазалоочу уникалдуу суусундуктар жана ооруну алдын алуу аракеттериБоорду тазалоочу уникалдуу суусундуктар жана ооруну алдын алуу аракеттериБААРЫНА ШЫПАА АЛОЭНИН БИР НЕЧЕ СЫЙКЫРЫ...БААРЫНА ШЫПАА АЛОЭНИН БИР НЕЧЕ СЫЙКЫРЫ...УЙ ШАРТЫНДА ИММУНИТЕТТИ КОТОРУУНУН ЭН ОНОЙ ЖОЛДОРУУЙ ШАРТЫНДА ИММУНИТЕТТИ КОТОРУУНУН ЭН ОНОЙ ЖОЛДОРУАНАРДЫН кереметтери! созсуз корунузАНАРДЫН кереметтери! созсуз корунузБегимай жана сиңдиси Айнура Бекбоева: Ушул күнгө чейин апамдан кечирим сурап келебизБегимай жана сиңдиси Айнура Бекбоева: Ушул күнгө чейин апамдан кечирим сурап келебизКАНТИП АРЫКТАСА БОЛОТ? АШЫКЧА САЛМАКТАН АРЫЛУУ!КАНТИП АРЫКТАСА БОЛОТ? АШЫКЧА САЛМАКТАН АРЫЛУУ!3 айда 25кг арыктадым3 айда 25кг арыктадымЛимондун  7 пайдасы пайдалуу кеңештерпайдалуу кенештерЛимондун 7 пайдасы пайдалуу кеңештерпайдалуу кенештерКак кофе помог мне ПОХУДЕТЬ на 23 кг ● Основано на РЕАЛЬНЫХ событиях 🎦Как кофе помог мне ПОХУДЕТЬ на 23 кг ● Основано на РЕАЛЬНЫХ событиях 🎦УНИВЕРСАЛ ЖЕКЕ КОНЦЕРТИ 2020 l Толугу мененУНИВЕРСАЛ ЖЕКЕ КОНЦЕРТИ 2020 l Толугу мененЫР ЖЫЙНАК - Нурайым Акылбекова (Cover by Nuraiym)ЫР ЖЫЙНАК - Нурайым Акылбекова (Cover by Nuraiym)Лимон - Лимондун пайдасы, кантип колдонуу керек.Лимон - Лимондун пайдасы, кантип колдонуу керек.
Яндекс.Метрика