Загрузка страницы

Оштун мэри ишкерлер менен шаарды кыдырып, шаардын абалын биргеликте жакшыртууга чакырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жеке ишкерлер менен чогуу ишкерлердин колдоосу менен жасалган иштер менен тааныштырып чыкты. “Биз өнүккөн шаар үчүн!” семинарына шаардагы курулуш компанияларынын ээлери, ар кайсы тармакта бизнес жүргүзүп жаткан жүзгө жакын ишкерлер катышты.
Шаар мэри ишкерлерди шаардын абалын биргеликте жакшыртууга чакырды.
“Ош шаарында жеке ишкерлер менен жергиликтүү бийлик биргеликте иш алып баруу жаатында алгылыктуу иштер жасалууда. Бир канча иштер жасалды. Биз негизги иштерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасап жатабыз. Ошентсе да шаар үчүн ишкерлердин колдоосу керек. Албетте өз каалооңуздар менен. Ар бир ишкер өзүнүнүн ишканасынын алдын оңдоп, маңдайындагы тротуарды оңдоп койгондугу да чоң жардам. Эң негизгиси шаардын абалына кайдыгер карабашыбыз керек. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” мыйзамынын алкагында да көп иштерди жасашыбыз керек. Ишкерлер ишин мыйзамдуу кылса, эч ким тоскоолдук жаратпаш керек. Укук коргоо органдари ишкерлердин укугун коргошу зарыл”,-деди мэр.
Алгач ишкерлер жаңыдан реконструкциядан өткөн Токтогул Сатылганов паркы менен таанышып чыгышты. Аталган паркка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 32 млн сомдон ашык каражат жана жеке ишкерлер менен эл аралык уюмдар тарабынан 3,5 млн сомдук каражат сарпталган. Андан кийин оңдоодон өткөн А. Сүйүмбаев стадионуна барышып, аткарылган иштерди көрүп чыгышты. Стадионду оңдоого жеке ишкерлер тарабынан 10 млн сомдун айланасындагы каражат сарпталган.
Аткарылган иштер менен таанышуу Кулатов кичи шаарчасындагы Б. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабына “Нурзаман” курулуш компаниясы тарабынан курулган эс алуу жайында уланып, курулуш компаниянын өкүлдөрү курулуш иштерине жалпы 3,2 млн сом жумшалганын билдиришти.
Соңунда жогорку окуу жайдын жыйындар залында мэр ишкерлердин суроолоруна жооп берип, резолюция кабыл алынды.
Семинар 2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өттү.

Видео Оштун мэри ишкерлер менен шаарды кыдырып, шаардын абалын биргеликте жакшыртууга чакырды канала Osh Meriya
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
5 сентября 2019 г. 20:54:36
00:17:34
Другие видео канала
Ош шаарынын мэри коомдук транспортторду текшерип баштадыОш шаарынын мэри коомдук транспортторду текшерип баштады"ЧӨНТӨКТӨН ЧЫГАР КОЛДУ//СЕНДЕ АПА БАРБЫ""ЧӨНТӨКТӨН ЧЫГАР КОЛДУ//СЕНДЕ АПА БАРБЫ"Ош шаарынын мэри эс алуучу жайлардын абалын жеринде текшерип чыкты. (видео толугу менен)Ош шаарынын мэри эс алуучу жайлардын абалын жеринде текшерип чыкты. (видео толугу менен)Кулатов (Западный) кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилдиКулатов (Западный) кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилдиВеликолепный век Империя Кёсем серия 50Великолепный век Империя Кёсем серия 50ТААЛАЙБЕК САРЫБАШОВ “БАЗАРГА БАРГАНСЫП ПАКЕТТИ КӨТӨРҮП АЛЫП ЖҮРӨТ”ТААЛАЙБЕК САРЫБАШОВ “БАЗАРГА БАРГАНСЫП ПАКЕТТИ КӨТӨРҮП АЛЫП ЖҮРӨТ”ШЫМЫҢДЫ ЧЕЧИП ОТУРЧУ КАНДАЙ БОЛОТ ЭКЕНШЫМЫҢДЫ ЧЕЧИП ОТУРЧУ КАНДАЙ БОЛОТ ЭКЕНОШТУН МЭРИ УЯТЫ ЖОКТОР ДЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ КАТУУ УРУШТУОШТУН МЭРИ УЯТЫ ЖОКТОР ДЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ КАТУУ УРУШТУОш МЭРИ Ак-Буура дарыясын УШУНДАЙ кылып ӨЗГӨРТӨМ дейт  | Акыркы КабарларОш МЭРИ Ак-Буура дарыясын УШУНДАЙ кылып ӨЗГӨРТӨМ дейт | Акыркы КабарларОшту сагынгандар үчүн | Менин Жерим - Ош #Internews #Ынтымак #Медиа_К #Менин_ЖеримОшту сагынгандар үчүн | Менин Жерим - Ош #Internews #Ынтымак #Медиа_К #Менин_ЖеримАБАЛЫҢ КАНДАЙ АРМИЯ? АТАЙЫН РЕПОРТАЖ. NewTVАБАЛЫҢ КАНДАЙ АРМИЯ? АТАЙЫН РЕПОРТАЖ. NewTV"ИШТЕБЕСЕҢЕР ЖАҢЫ-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ИШТЕН АЛАМ"/МЭР БААРЫН ТУРГУЗУП АЛЫП..."ИШТЕБЕСЕҢЕР ЖАҢЫ-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ИШТЕН АЛАМ"/МЭР БААРЫН ТУРГУЗУП АЛЫП...ОШ МЭРИ УЯЛБАЙ КӨЧӨ ТАЗАЛАП,  САСЫП КЕТКЕН АРЫКТАРДЫ ТАЗАЛООГО АЛДЫОШ МЭРИ УЯЛБАЙ КӨЧӨ ТАЗАЛАП, САСЫП КЕТКЕН АРЫКТАРДЫ ТАЗАЛООГО АЛДЫОШ ОКУЯСЫНА ОШОЛОР КҮНӨӨЛҮҮ! \\ ОЙ-ПИКИРОШ ОКУЯСЫНА ОШОЛОР КҮНӨӨЛҮҮ! \\ ОЙ-ПИКИРМосквада бул жаштар ачуу чындыкты айтып чыгышты!Москвада бул жаштар ачуу чындыкты айтып чыгышты!Кыргызстан в очках виртуальной реальности VR\ Virtual tour around KyrgyzstanКыргызстан в очках виртуальной реальности VR\ Virtual tour around KyrgyzstanЧОН ЖЫЙЫН ӨЗБЕКТЕРГЕ БЕРБЕЙБИЗ ЖЕР ЖОК КАТУУ АЙТТЫЧОН ЖЫЙЫН ӨЗБЕКТЕРГЕ БЕРБЕЙБИЗ ЖЕР ЖОК КАТУУ АЙТТЫУкмуш кооздук, 360° панорама видео, Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшүУкмуш кооздук, 360° панорама видео, Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшүГулбурактын уйун тартып алдыбы?Азирет ОсмоновГулбурактын уйун тартып алдыбы?Азирет ОсмоновОш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Оштогу жылуулук электр  борборунун кышка даярдыгын текшердиОш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Оштогу жылуулук электр борборунун кышка даярдыгын текшерди
Яндекс.Метрика